Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Сертификат бар, а квартира жок

Ошто 2021-жылы “Жыл мугалими 2021” сынагы болуп өткөн. №52 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Илгизбек Шамырзаев жеңүүчү деп табылган. Ошол кездеги шаар мэри Таалайбек Сарыбашев ага “Эмаком” курулуш компаниясы куруп жаткан үйдөн 1 бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырган.

Андан бери 3 жыл өтсө да Шамырзаев убадаланган батирин алган эмес. Мэрия курулуш компаниясы демөөрчү болгонун, алардын ишине кийлигише албай турганын айтуу менен гана чектелген. Ал эми “Эмакомдун” оштогу жетекчилери болсо курулуп калган үйдөн бере албай тургандыгын, жаңы үй курула турган болсо ошондон беришээрин айтып тил эмизип келишет.

“2021-жылы “Жыл мугалими 2021” сынагы өткөндө ишкерлерден аябай көп демөөрчүлөр болгон. Бардык катышуучуларга белектер тапшырылган. Ноутбук, телефон, сертификат жана башка баалуу белектер. Жеңүүчү катары мага мэриянын атынан “Эмаком” курулуш компаниясынан 1 бөлмөлүү батирдин сертификаты берилген. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин убадаланган батирди ала элекмин. Мэрия курулуш компаниясына шылтайт, алар болсо курулуп жаткан үйдөн бере албастыгын, жаңы үй курула баштаса ошондон бере турганын айтышууда”, – деп айткан Шамырзаев ЖМКлардын бирине берген маегинде.

Биз ошол кездеги шаар мэри, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашевден жардамчысы аркылуу комментарий алууга аракет кылдык. Бирок, эл өкүлүнүн жардамчысы бул курулуш компаниясына тиешелүү маселе экендигин айтты.

Ырынан чыры көп “Эмаком”

“Эмаком” курулуш компаниясынын жетекчиси катары Юстиция министрлигинде Джусупов Эмилбек Рамидинович көрсөтүлгөн. Бул курулуш компаниянын айланасында ызы-чуу бүгүнкү күнгө чейин басылбай келет. “Эмаком” куруп жаткан үйдөн батир алгандар аликүнчө колдоруна тийиштүү документтерин алыша элек. Алар ЖМКларга бир нече жолу кайрылуу менен чыгышкан.

“Эмаком” курулуш компаниясынын айрым объектилеринин документтери толук эместиги жөнүндө Мамлекеттик курулуш агенттигинин сайтында жарыяланган.

Андан сырткары Сулайман-Тоо буфердик аймагына курулган үйү да мыйзамсыз экендиги тууралуу соттун чечими чыккан.

Ишкердиктен депутаттыкка аттанган Эмилбек Джусупов

Эмилбек Джусупов ишкердик менен гана алектенбестен, өзүн саясатта дагы сынап көргөн. 2020-жылы “Биримдик” партиясынын тизмеси менен депутаттыкка ат салышкан. Ал шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, бийлик алмашуу менен аяктаган. 2021-жылы парламенттик шайлоого “Ишеним” партиясынан катышып мандат алган.  ЖКнын Социалдык саясат комитетинин мүчөсү болгон. Депутат болуп турган 3 жыл аралыгында элге көрүнүктүү мыйзам долбоорлорун деле алып чыга алган эмес. 2024-жылдын 21-апрелинде өз каалоосу менен мандатын тапшырып берген.

Джусуповдун “алдамчылыкка” шектелип кармалышы

Эмилбек Джусуповдун үстүнөн бир нече адам арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган. Ага карата “Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 25-сентябрда Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан кармалганы маалым болгон. Ал жалпысынан 61 миллион сомдон ашуун акчага жарандарды алдаган деп айыпталууда.

Буга чейин анын бир тууганы дагы курулуш иштерине байланыштуу кармалганын ЖМКлар жазып чыгышкан.

Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар