Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Борбордо кышка камылга кандай? Ыш эмне болот?

Энергетика министри Т.Ибраевдин айтымында Бишкек ЖЭБинин ремонту 1-ноябрга карата аяктайт. 2017-жылы модернизациялоодон кийин ишке киргизилген үчүнчү жана төртүнчү агрегаттардын капиталдык ремонтуна бюджеттен каражат бөлүнүп, быйыл биринчи жолу оңдоодон өтүп жатат. Эгер долбоор боюнча агрегаттардын кубаттуулугу 300 мегаватт болсо, жети жыл ичинде 200гө чейин төмөндөп кеткен. Учурда №3 агрегаттын ремонту аяктап, аны жагууга даярдап жатышат, №4 агрегаттын ремонту 1-ноябрга карата аяктап калат.

Ремонт иштерин Бишкек ЖЭБинин кызматкерлери менен бирдикте Tebian Electric Apparatus Stock Co., LTD компаниясы жүргүзүп, кытайлык компаниянын 300дөн ашуун кызматкерлери иш үстүндө. Ремонттун максаты энергоблоктордогу кубаттуулукту калыбына келтирүү болуп саналат. Ар бир блоктун электр иштеп чыгаруу кубаттуулугун 300 МВт жана жылуулук берүү кубат-туулугун 300 Гкал/сааттан кем эмес деңгээлге жеткирүү пландалган. Демек, шаардыктар быйыл да ЖЭБде авария болуп кетпейби деп кабатырланышпаса болот.

Быйыл былтыркыга салыштырмалуу Токтогул суу сактагычында суу көбүрөөк – 13 млрд. 33 млн. куб. 1-октябрга карата суу сактагычка агып кирген суунун агымы секундасына 365 кубметр-ди, агып чыккан суунун көлөмү 284 кубду түздү. Өткөн жылы бул мезгилде суу сактагычта болгону 11 млн. 743 млн. куб суу болгон.

Министр Т.Ибраев алдыдагы кышта веердик өчүрүүлөр болбой турганын, ал эми жөнгө салуучу иш-чаралар болушу ыктымал экендигин билдирип, калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. Мунун өзү түшүнүктүү, трансформаторлор кубаттуулуктун ашыкча жүгүн көтөрө албай калышы ыктымал.

Быйылкы эсептөөлөргө караганда, Кыргызстан алдыдагы күзгү-кышкы жылуулук сезонунда 17,8 млрд. кВт саат электр кубаттуулугун керектейт. Мунун 1,7 млрд. кВт саатын Бишкек ЖЭБи иштеп чыгарат, Токтогул ГЭСи баштаган ГЭСтер 14 млрд. кВт саат электр кубаттуулугун берет. Калган жетпеген 3,9 млрд. кВт саатын кошуна өлкөлөрдөн импорттоого туура келет. Өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык, Түркмөнстандан 1,7 млрд. кВт  саат, Казакстан жана Россиядан 1,7 млрд кВт саат, Өзбекстандан 500 млн. кВт саат алат. Эгер зарылдык жаралса, кошумча көлөмдөгү электр кубаттуулугу сатып алынышы да мүмкүн.

Улуттук статистика комитети 2023-жылы Кыргызстан керектеген электр кубаттуулугунун 80 пайызын өзү өндүргөнүн, 20 пайызын импорттогонун жана 2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу Кыргызстандан электр кубаттуулугун экспорттоо 74,8 %га азайганын билдирди. 2022-жылы 550 млн. кВт саат электр кубаттуулугу экспорттолсо, 2023-жылы болгону 138,4 млн. кВт саат электр кубаттуулугу экспорттолгон.

Акыркы бир жылдын аралыгында бир нече кичи ГЭСтер ишке берилди, ошону менен катар ГЭСтер жана Бишкек ЖЭБинин агрегаттары капиталдык оңдоодон өтүүдө. Экономика министрлиги үстүбүздөгү жылдын акырына карата республикада электр кубаттуулугун өндүрүү 14,2 млрд. кВт саатка жеткирилет, ал эми 2025-жылдан электр кубаттуулугун өндүрүү 7,5%га көбөйүп 15,2 млрд. кВт саатка жетет деп убада кылып жатышат. Ири энергетикалык объекттерди модернизациялоонун жана кичи жана ири ГЭСтердин эсебинен кубаттуулукту 62 мегаваттан кем кылбоого жетишүүгө мүмкүн экен.

Дагы бир жаңылык – жакынкы үч жылда Бишкек ЖЭБи жергиликтүү көмүргө өткөрүлөт. Бул туурасында узак жылдардан бери сөз болуп ишке ашпай келатат. Айтымда, кошуналардын көмүрүн Миң-Куштун Агулак кенинен казылган көмүр алмаштыра алат. Аталган кендин көмүр¿н жагып көргөндө, калориясы 5,5ти түзүп, жарамдуу экендиги иш жүзүндө көрүнгөн. Азыр ЖЭБде Агулактын көмүрү жагылып жатат. Көрүнүп тургандай, ыш да аз, калориясы да кошуналардын көмүрүнөн жогору. Муну тиешелүү адистер да айтып, министр өзү да бышыктады.

Учурда көмүр кампаларында 200 миң тонна көмүр бар. Былтыр кошуналардан 550 миң тонна көмүр сатылып алынган, быйыл жергиликтүү көмүрдүн эсебинен 180 миң тоннага аз импорттолот. Кийинки жылы андан да азаят.

Учурда россиялык өнөктөштөр менен биргеликте Чалдыварда газ электр станциясын куруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул үчүн дээрлик 800 млн. куб газ керектелет. Өнөктөштөр ушул көлөмдү камсыз кылсак, курулуш иштерин баштайбыз деп убада кылууда.

Белгилей кетчү нерсе, акыркы жылдарда Бишкек шаары жана анын жака-белин газдаштыруу иши кызуу жүрүп жатат. 2024-жылдын башына карата 13,4 миң жаңы абонент кошулган.

Ыш маселесине келсек, энергетиктер быйыл кышта ыш азыраак болот деп божомолдоп жатышат. ЖЭБде эски чыпкалар алмаштырылып, 3,4-блоктор оң-доодон өттү. Шаар каттамдарында автобустар жүрө баштады. Эми мэрия убада кылгандай, менчик машиналар да шаар жолдорунда кезектешип жүрө баштаса, ыш да, жолдордогу тыгын да азайып калаар эле.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар