Ар бир облустун атын чыгарган өзүнүн өзгөчөлүгү болот эмеспи. Баткенде өрүк, Таласта төө бурчак болсо, Жалал-Абад облусу жаңгагы менен таанымал.
Октябрь айы жаңгактын бышкан мезгили болуп, учурда түштүктө жаңгак терим кызуу жүрүп жаткан чагы. Бирок, быйыл жаңгак былтыркыга салыштырмалуу аз. Базар баасы да өткөн жылдагыдай эле арзан болууда.
Мындан 3-4 жыл мурда жаңгактын орточо баасы 80 сом болсо, жакшылары 120 сомго чейин жетчү. Акыркы мезгилде экспортко чыгарып жатсак да жаңгактын баасы арзан болууда.
Мисалы былтыр түштүктө жаңгактын түшүмү жакшы болгон. Элдер 3-5 тоннадан түшүм жыйнашты. Анткен менен баа кескин төмөн болуп, 20-25 сомдун тегерегинде сатылды. Март айына барганда эң кымбат баа 45 сомго чыкты.
Кар жааганча токойдо жашашат
Токой чарбасы жаңгак жана мисте токоюун жарандарга ижарага берет. Жылына атайын бекитилген тарифке ылайык гектарына акча төлөп, түшүм жыйнап алышат. Жаңгак бышкан мезгилде, тактап айтканда сентябрь айынын аяк ченинен баштап жаңгак токойго жакын айылдагы тургундар өздөрү ижарага алган жерине көчүп кетишет. Атайын чатырларды тигип алышып, ноябрь айынын орто ченинде токойго кар жааганга чейин болушат. Алардын бир ай тынымсыз аракети бир жылдык киреше булагы десе да болот.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну Жыргалбек быйыл жаңгактын түшүмү аз болгонун айтты.
“Былтыр жакшы түшүм алганбыз. Быйыл жаңгактын түшүмдүүлүгү начар болду. Базарда баасы да арзан болуп жатат. Биздин айылдын элинин негизги киреше булагы мисте (фисташка) жана жаңгак болуп саналат. Быйыл жайында күн ысык болуп, мистенин да түшүмдүүлүгү начар болгон. Акыркы кездери жаңгак менен мистенин баасы жылдан жылга түшүп баратат”, – дейт ал.
Кыргызстандын жаңгагы чет өлкөдө баалуу
Кыргызстандын жаңгагы көбүнчө Түркия, Россия, Грузия, Түркмөнстан, Бириккен Араб Эмираттары, Монголияга чейин экспорттолот. 2024-жылдын январь-август айында Кытайга 5400 тонна жаңгак сатылган. Мындай маалыматты Кытайдын Бажы кызматы жарыялаган. Маалыматка таянсак, август айынан сырткары бардык айларда жыл башынан бери Кыргызстандан Кытайга жаңгак чыгып турган. Анын жалпы баасы 2,4 млн доллар деп бааланган.
Жаңгактын баасы ички базарда арзан болгону менен чет өлкөдө жакшы бааланат. Түркияда жаңгакты ар кандай шириндиктерге, салаттарга колдонушат. Жыл башынан бери алар бизден 400 тонна жаңгак сатып алышкан.
Жаңгак майынын адам организми үчүн пайдасы
Медицинада жаңгак майы адам организми үчүн пайдалуу экени аныкталган.
- Кандагы холестриндин деңгээлин көзөмөлдөйт. Жаңгак майында Омега-3, Омега – 6 кислоталары жүрөк кан-тамыр ооруларынын алдын алууга жардам берет.
- Жаңгак майы ашыкча салмактан арылууга колдонулат. Андагы пайдалуу майлар зат алмашууга көмөктөшөт.
- Эс тутумду жакшыртууга салымы зор.
Жаңгак майынын мындан башка дагы көптөгөн дарылык касиеттери бар. Өзгөчө боюнда бар жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн пайдалуу жагы көп.
Министрлик баанын көтөрүлүшүнө көмөктөшсө…
Тоолуу айылдарда жашагандардын негизги киреше булагы болгон жаңгактын баасынын быйыл да төмөн болуусу аларды ойлонтууда. Жаңгак менен жан баккандар быйыл да баа арзан болуп калбашы үчүн Айыл чарба министрлиги экспорт боюнча келишимдерди түзүп, баанын жогору болушун камсыздап бериши зарыл. Алдыда кыш келатат, жаңгактын баасы жогору болсо алардын да мээнети акталып, аз да болсо киреше таап калышмак.
Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”