Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Сатымкулдай болгусу келген Нурсултан Кеңешбеков

24 жаштагы жөө күлүк, эл аралык спорт чебери, жабык имаратта Азиянын эки жолку чемпиону Нурсултан Кеңешбеков жакында Алматыда өткөн марафондук жарышта баш байгени утуп алды. Бул анын биринчи байгеси эмес. 2023-жылы Кытайда өткөн Дүйнөлүк Универсиада оюндарында  коло байгелүү болгон. 2021-жылы Токио олимпиадасына катышкан. 

Ал Кыргызстандын жеңил атлетика курамасында 2018-жылдан бери мүчө болуп, республикалык чемпионаттардын бир нече жолку жеңүүчүсү жана учурда 1500 жана 3000 метр-ге чуркоо боюнча өлкөнүн рекордун жаңырткан.

Дүйнөлүк спортто жеңил атлетиканы “спорттун падышасы” деп бекеринен айтышпаса керек. Жер каймактагандан бери адам баласы жүгүрүп, чуркап, тиричилигин өткөрүп, ден соолугун да чыңдап келет.

Бала кезинде көл жээгинде чуркап жүргөн Нурсултан 2018-жылы Кыргызстандын курама командасына кошулуп, Япо-ниянын Гифу шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатына катышып, 5000 метрге чуркоодо 7-орунду ээлеп, чоң спорттун эшигин ачып, адистердин көңүлүн бурган. Кийин Финляндиянын Тампере шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк биринчиликте жана Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында өзүн сынап, алдыңкы ондукка кирген.

Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарында 5000 метрге чуркоодо дүйнө жүзүнөн тандалган жөө күлүктөр менен теңтайлашып, марага 14:07,79 убакытта келип, финалдык топко кошулбай калган. Бирок, бул ал үчүн сабак, тажрыйба болгон.

2022-жылы Могилевде өткөн Беларустун кышкы чемпионатында ал жабык имаратта 1500  жана 3000 метрге чуркоодо Кыргызстандын учурдагы улуттук рекорддорун жаңырткан: 1500 метрде- 3:41,12 жана 3000 метр аралыкта 7:57,61.

Дүйнө чемпионаттарына, Ислам тилектештик оюндарында өлкө намысын коргоп, чеберчилиги жогорулап баратканын адистер айтышууда.

2023-жылы 1:09:37 жыйынтыгы менен Чолпон-Ата шаарында өткөн Run the Silk Road жарым марафонунда марага биринчи келген. Ушул эле жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында 1500 м аралыкта коло медалга көз ирмем жетпей калып, 4-орунду ээлеген.

2023-жылы августта Кытайдын Чэнду шаарында өткөн  Дүйнөлүк Универсиада оюндарында 5000 метр аралыкта жарышта коло медалдын ээси болгон. Ал эми 1500 м аралыкта 3:43:50 натыйжасы менен 10 мыктынын катарына кирген.

2024-жылы 17-февралда 1500 м аралыкка жарышып, Азия чемпионатында чемпион аталган. 19-февралда ал экинчи алтынын 3000 метр аралыктагы жарышта утуп, эки жолку чемпион болду.

Эми ал 20-октябрда Гонконгдо өтүүчү кросс боюнча Азия чемпионатына катышууга даярдык көрүп жатат. Нурсултан учурда орусиялык рекордчу Владимир Никитиндин устаты болгон машыктыруучу Николай Суворовдон кеп-кеңеш сурап, Ысык-Көлдө даярданып жатат.

– Алматыдагы жарым марафондо орусиялык рекордчу Ринам Ахмадеевди утуп алгандан кийин өзүмө ишеним жаралып, кросс боюнча Азия чемпионатында күчүмдү сынап көрөйүн деп жатам. Себеби, Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн мелдештерде жаракат алып калгандыктан, ден соолугумду калыбына келтирүү үчүн убакыт керек болду. Эми болсо кайрадан табыма келип, өлкө намысын коргоого бел байлап турам. Алматыдагы жарым марафон даярдык баскычы болду.  Машыктыруучу 10 км чуркоону сунуштады, бирок, мен жарымын тандадым. Алматыда Орусиядан Ринас Ахмадеев, Андрей Стрижаков сыяктуу күчтүү спортчулар менен жарышып, тажрыйба топтодум.

Жеңил атлетиканын түйшүгүн бир-эки мисал менен айтсам жетиштүү болот. Күнүнө 15-20 км аралыкка чуркоо зарыл. Бир жумада 150-200 км аралыкка чуркоо мен үчүн адатка айланып калган. Мен үчүн кимдир бирөөнүн артынан чуркап кетүү ыңгайсыз жана адаттан тыш көрүнүш. Мен 7 жылдан бери машыгып, бардык учурда жалгыз аткарчумун. Мага өнөктөш болгон жөө күлүк жоктугу да көйгөй жаратып келүүдө. Жеке мага психологиялык жактан катарлаш же алдыда чуркоо оңой. Ар бир жөө күлүктүн өзүнүн тактикасы болот эмеспи.

2025-жылы Азия чемпионаты, Ислам оюндары, Дүйнөлүк Универсиада болот. Келечекте марафондук жарышка өтүү оюм бар. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Москва олимпиадасынын коло байге ээси Сатымкул Жуманазаровдой марафондук жарышта өлкөбүздү кайра таанытсам, марафондук жарыштарда байгелүү орундарды ээлеп жүргөн кениялыктар менен бирге машыксам  деген тилектемин, – дейт Нурсултан Кеңешбеков.

Жаштын тилегин берет дегендей, Нурсултан тажрыйба топтоп, 2028-жылы АКШда өтчү жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомо алып, дулдул Сатымкул Жуманазаровдой кыргыз өңүн дүйнөгө таанытса деген гана тилек.

Кабыл МАКЕШОВ, спорттук баяндамачы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар