whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.03.2025
2.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомИнвесторлор Бишкекке метро курууга даяр – Айбек Жунушалиев

Инвесторлор Бишкекке метро курууга даяр – Айбек Жунушалиев

Инвесторлор Бишкекке метро куруу сунушун айтышты. Бул тууралуу борбор калаанын башчысы Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Элдар Абакиров Ош жана Бишкек шаарларында калктын саны тездик менен өсүп жатканын айтты.

“Ташкент менен Алматы шаарларында калктын саны 1 миллиондон ашканда метро салып башташкан. Азыр Бишкекте жашоочулардын саны 2 миллиондон ашып кетти. Ошондуктан мен сизге акырындык менен метро куруп баштоону сунуштайт элем”, — деп кайрылды мэрге депутат.

“Метро куруу үчүн инвесторлор кайрылган. Кийинки жумада бизде жыйын болот. Алар өз сунуштарын беришет. Биз аларды карап чыгып, эгер туура келсе, баштоого даярбыз”, — деп жооп берди калаа башчысы.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар