Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы уюштурган Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда өткөн “Кыргыз таануу” курсу боюнча “Санжыранын орду жана замандын талабы” темасындагы сабагына атайы барып катышып келдик. Бизди кубантканы сабак өтүлүп жаткан жыйындар залында дээрлик бош орундар калган жок.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев курстун максаты тууралуу буларды айтты: “Кыргыз таануу” программасы 40 теманы камтыйт. Ар бир темада кыргыз дүйнөсүнө таандык болгон түшүнүктөрдү талдап, чечмелеп, илимий жана турмуштук мисалдар менен, санжыранын негизинде сунуштайбыз. Жалпысынан негизги максатыбыз – кыргыз эл катары, улут катары, мамлекет катары ким, маданиятыбызды, салтыбызды, дүйнө таанымыбызды таануу. Аты аталып тургандай, жөн эле кыргызды таануу”.
“Санжыранын орду жана замандын талабы” деп аталган бул сабакта өткөн тарыхты бүгүнкүгө байланыштырып, өлкөбүздөгү орчундуу маселе трайбализмден баштап, мектептеги тарых сабактарында айтылбай келген маалыматтар, ошондой эле тарыхчылардын арасындагы талаштуу темаларга чейин санжыралардын мисалында түшүндүрүлүп, жаштардын пикирлерине, суроолоруна орун берилип, эки тараптуу баарлашуу жүрдү.
Мелис Мураталиев бүгүнкү күндө көпчүлүгүбүз “кыргыздар кырк урууга бөлүнөт” деп айтып жүргөнүбүз одоно жаңылыштык болгондугун белгилеп: “кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деген сөз Манаста бекеринен айтылган эмес, биз бөлүнбөйбүз, болгону “кыргыз кырк уруудан куралат” деп айтып жүрүүгө үндөдү.
Тактай кетсек, “Кыргыз таануу” окуу курсу мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерге жана жалпы каалоочуларга акысыз түрдө жумасына бир жолу уюштурулат. Буга чейин “Кыргыздын окутулбаган тарыхы” жана “Сак доорунда кыргыздардын орду” аталышындагы сабактар өтүлгөн.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы аталган программадан сырткары ушул октябрь айында эле бир айга созулган “Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү” курсун жыйынтыкташты.
Ошондой эле, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы менен биргеликте кыргыз тилин даңазалаган, нарк-насил, каада-салт, үрп-адат жана улуттук баалуулуктарды чагылдырууга негизделип, баш байгеси 700 миң сомду түзгөн видеороликтердин конкурсунун жыйынтыгын 18-октябрда чыгарганы турушат.
Уулжан Бейшенбекова, “Кыргыз Туусу”