Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Оксана ЭРКИНБЕК кызы, блогер: “Кышка чейин Адилет байкени жаңы үйүнө киргизебиз”

– Алгач окурмандарыбыз үчүн өзүңүздү кыскача тааныштыра кетсеңиз?

–  Менин атым Оксана, Таластан болом. Үй-бүлөлүүмүн, 2 балам бар. Онлайн ишкердик, блогерлик менен алектенем.

–  Адилет Өмүрбековдун оор турмушта жашай турганын кантип билдиңиз?

– 2020-жылы шаардын четинен жер тилкесин сатып алып, кичинекей үй салып жашап калдык. Дароо эле кошуналар менен мамиле куруп кеткен жокпуз. Бир жылдан кийин кошуналар менен аралашып калганда Адилет байке батирде жашаарын, каалаган учурда үйдөн чыгарып салышы мүмкүн экенин билдик. Ал учурда мен блогер катары бир аз аудитория топтоп калгам. Башка бир кошунабыз үй салып, анысын бүтүрө албай жаткан. Алардын да турмушу оор болчу, ошолорго жардам берсемби деп жүргөм. Кийинчерээк алар башка жакка көчүп кетишип, биздин айланабызда Адилет байкенин гана көйгөйү көрүнүп турду.

Анын балдарына башка балдардын кылган мамилеси, өздөрүнүн жашоо шартынын начардыгы мени көпкө ойлонтту. Анан жолдошума ушул үй-бүлөнү коомчулукка чыгарып, үй салып берүүгө жардам бербейлиби деп сунуштадым. Бул идеяны ишке ашыруунун алдында бир жылга жакын ойлондук. Балким, алар туура эмес кабыл алабы деген кооптонуу болду. Бир күнү аларга өзүмдүн сунушумду айттым, Адилет байке, аялы да кубануу менен кабыл алышты. Ошентип, алгачкы видеолорду тартып чыгара  баштадык.

–  Адилет байкеге жардам берүү идеясын көтөргөндө дароо үй сатып алып беребиз деген ой болгонбу же жер тилкесин алып берүү менен чектелебиз дегенсизби?

–  Башында жер тилкесин алабыз деп видео тарта баштаганбыз. Өзүмдүн оюмда үй сатып алып, же салып берели дегем. Бирок,  анын ишке ашуусуна ишеним жок болчу. Жер тилкесин сатып алганга жете тургандай акча чогула турганына көзүм жеткен. Жер алсак, өздөрү акырындык менен үй салып алышат, же кийинки жылы дагы жардам берип үй салып беребиз дегем.

Улам-улам чогулган акча боюнча коомчулукка отчёт берип турдум. Жер сатып алганга жете тургандай акча чогулуп калганда айрым адамдар “Булар өздөрү үй сала алышпайт, даяр үй сатып алып же салып бериш керек”, –  деп сунуш киргизип калышты. Жер тилкесин сатып алган соң демөөрчүлөр пайдубалын куюп, дубалын тургузуп беришти. Учурда үйдүн чатыры жабылып, терезелери салынууда. Кышка чейин Адилет байкени жаңы үйүнө киргизебиз деп аракет кылып жатабыз.

–  Үй менен эле чектелбей сарай дагы салып жатыпсыздар. Эки курулушту бирдей алып кеткенде финансылык кыйынчылык жаралган жокпу?

–  Үйдүн курулушуна негизинен демөөрчүлөрдүн акчасы кетип жатат. “Сарай салып берсеңиздер, биз  уй, кой, чөп берет элек”, –дегендер дагы чыгышты. Андыктан биз учурда сарайды толугу менен салып бүттүк.

Бул жер жаңы конуш болгондуктан айланасы ачык, шамал болуп турат. Биз үйдүн бир жак капталына элден чогулган акчанын эсебинен 40 метр узундукта дубал тургуздук.

–  Баштаган соопчулук ишиңиз­дер аягына чыгайын деп турат. Элдин ушунча колдоосунан кийин Адилет байкенин жакындары кабар алып келиштиби?

–  Адилет байкенин мурда чогуу иштешкендери, алыскы тааныштары келип кабар алып турушту. Бирок, өзүнүн бир туугандары, апасы бүгүнкү күнгө чейин келишкен жок. Алар келеби же жокпу билбейм, келип калышаар деген жакшы ниет менен күтүп жатабыз. Менин оюмча Адилет байкенин деле бир туугандарына болгон таарынычы тарады болуш керек.

–  Адилет байкенин аялына кандайдыр бир кесип үйрөтөйүн, мындан кийинки жашоосуна жардам болсун дегендер да чыгып жатса керек?

–  Адилет байкенин келинчегине өнөр үйрөтөлү деген сунуш азырынча боло элек. Байкенин өзүн Москвага жумушка чакыргандар болду. Бирок, ал ден соолугуна байланыштуу ал жакка барып иштей албай турганын айтып баш тартты. Ал эми Кыргызстандан ушул жумушту үйрөтүп койсок келечекте киреше таап жашап кетет деген сунуштар түшкөн жок.

Сарай салып берсеңер уй алып берсек, ошонун сүтүн сатып тиричилик кылышат дегендер уй, кой алып келип беришти.

–  Жакында эле Адилет байке менен жубайын Бишкекке алып келип дарыгерлерге көзүн текшерттиңиз. Ошол жөнүндө айта кетсеңиз?

–  Адилет байкенин көрүүсү начар. Биз видео чыгарганда эле көзүн операция кылдыруу керектигин жазгандар көп болгон. Там бүткөндөн кийин бул иш боюнча аракет кылсакпы деп жүргөнбүз. Бишкек шаарынан Кыялбек деген бала өзү сунуш кылып, жакшы дарыгерлерге акысыз текшерүүдөн өткөртүп бере турганын айтты. Ал эгерде операция кылуу керек болсо, клиниканын жетекчиси чоң арзандатуу кылып беришин билдирди.

Текшерүүдөн өтүштү, азырынча эч кандай операциянын кажети жок экен. Келинчеги экөөнө тең 6 ай тагынасыңар деп атайын көз айнек жазып беришти. Эгер 6 айдан кийин натыйжасы жакшы болсо башка көз айнек жазат, эгер жылыш болбосо, анда Адилет байкенин көзүнө операция  жасалат.

Бизди Бишкекке чакырган Кыялбек мырза Адилет байке менен аялынын тиштерин дагы акысыз дарылатып берүүнү убада кылды. Ал үчүн дагы бир жолу өзүнчө Бишкекке барабыз.

–  Бул окуядан кийин сиздин жашооңузда кандай өзгөрүү болду?

–  Жашоом мурдагыдан да активдүү болуп калды. Жардам берүүнү каалагандар мага чалышат, мага келишет. 20-август күнү алгачкы видеокайрылуу интернетке чыккан. Ошондон бери тынымсыз иштеп жатабыз. Буюрса, үйдү бүтүрүп, чакан той беребиз.

Учурдан пайдаланып, чет өлкөлөрдөн, Кыргызстандын ичинен акчалай колдоо көрсөткөн бардык жарандарга, курулуш иштерине демөөрчү болуп, бүгүнкү күнгө чейин атын эч жерде айттырбай жаткан байкелерге терең ыраазычылык билдирем.

P.S Казакстанда беткапчан адам муктаж жарандарга дайыма жардам берип келет. Оорулуулардын операциясына акча берсе, үйгө муктаждарга батир белек кылат. Ал тургай кыргызстандык үй-бүлөгө да жардам берип кеткен. Биздин көпчүлүк байлар, арасында мамлекеттик кызматтардан байыгандар мыйзамсыз жол менен байып, ошол акчасынан кайрымдуулукка жумшабай сараң болуп жатканда казакстандык ошол беткапчан адам Африкада мечит салып, суу чыгаруунун үстүндө иштеп жатат.

Кыргыз коомунда андай байлар сараң болушканы менен карапайым калк кайрымдуу жана ынтымактуу. Адилет Өмүрбековго окшогон муктаж жандарга жардам берүүдө бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып жапатырмак жардамга кол сунушат.

Султанбек АМАНБЕК уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар