2025/26-окуу жылына карата документтерди кабыл алуу башталды. Кыргыз жарандары бакалавриат, магистратура, аспирантура, ординатура жана кошумча кесиптик билим берүү программаларына тапшыра алат.
Маалыматка ылайык, окутуу Россия өкмөтүнүн квотасынын алкагында өтүп, абитуриенттер үчүн акысыз. Документтер 2025-жылдын 15-январына чейин кабыл алынат.
Бюджетке тапшыруу, ЖОЖдордогу билим берүү программалары, профессионалдык өсүү мүмкүнчүлүктөрү жана Россиядагы студенттик жашоо тууралуу 14-15-октябрда Жусуп Баласагын атындагы КУУда өтө турган орус-кыргыз билим форумунун алкагындагы билим берүү көргөзмөсүнөн кеңеш алууга болот. Кирүү акысыз.
Тандоонун биринчиси Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен болсо, экинчиси Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен өтмөкчү.