Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Алакалардын алабы кенен

11-12-октябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Венгрияда иш сапары менен болду.

Алгач Министрлер Кабинетинин Төрагасы Neue Klasse платформасынын базасында иштелип чыккан жаңы муундагы электромобилдерди чыгарууга адистешкен дүйнөдөгү биринчи завод BMW Group Debrecen заводуна барды.

Андан кийин “Hortobбgy Angus” Kft., заводуна барып, өндүрүш процесстери менен таанышуу менен тажрыйба алмашуу жана Кыргызстанда алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

МинКаб Төрагасы Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсүн, достук жана өнөктөштүк маанайдагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар