Вторник, 14 января, 2025
-8.9 C
Бишкек

Заман талаптарына жооп берген ишканада

12-октябрда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Радиорелейлик магистралынын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмеси” ААКсына (“РПО РМТР” ААК) барды.

Алгач МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровго 2023-2025-жылдарга карата “РПО РМТР” ААКны өнүктүрүү стратегиясынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.

Анда санариптик жабдууларынын, санариптик телеберүүнүн социалдык пакетин берүүнү камсыз кылган тараткычтарынын, спутниктик байланыш жабдууларынын жаңыланганы, мамлекеттик теле көрсөтүүлөрүнүн жана радио уктурууларынын программаларын берүү тармагынын кеңейтилгени сыяктуу бир катар иштердин жүргүзүлгөнү айтылды.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров РПО РМТРдин жаңы теле көрсөтүү өткөргүчү жана жаңы санарип компрессиялык техникалуу болушу менен куттуктап, бул модернизацияланууга карай олуттуу кадам экенин белгиледи.

“Сиздердин ишкана жөн гана технологиялык база эмес, бул өз ишин кесипкөйлүк жана берилгендик менен аткарып, республика боюнча сапаттуу уктурууну камсыз кылган адамдардын жамааты. Кыргызстандын эң алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарында да теле жана радиосигналдарды таркатып жатасыздар. Тарыхка кайрылсак, 75 жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстандын радиорелейлик байланыш тармагында пионер болуп, телерадиоберүүлөрдү камсыз кылган сиздердин коллектив болгон”, – деди ал.

А.Жапаров ишкана кызматкерлеринин Кыргызстандын маалыматтык мейкиндигин чыңдоого кошкон салымын жогору бааларын айтып, РПО РМТРдин жамаатына жаңы кызматтык унаалардын ачкычын тапшырды.

Белгилей кетсек, “РПО РМТР” ААК өзгөчө статустагы стратегиялык объект – эл аралык телефон сигналдарын күнү-түнү берүүнү, интернет жана башка массалык маалымат каражаттарынын кызматтарын, өлкөнүн улуттук жана маалыматтык коопсуздугун камсыз кылат.

                                                                                                              Т.ИСХАКОВ

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар