Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Эл ынтымагын арттырган маараке

Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган салтанатка байланыштуу Талас жергесинде 3 күн, 3 түн манас айтылып, улуттук оюндар ойнолуп, «Кылым карыткан кыргыз ала кийизи» фестивалы өткөрүлдү. Алар эл ынтымагын арттырган иш-чаралар болуп калды десек жаңылышпайбыз.

Бул иш-чаранын алкагында көк бөрү боюнча республикалык мелдеш өтүп, анда Талас районунун командасы жеңишке жетти. I орунду багындырган командага автоунаа, II орунга татыган командага 300 миң,  III орунду алган командага 200 миң, IV орунду ээлеген командага 150 миң сомдук сертификаттар тапшырылды, жалпы байге фонду – 1,5 млн. сомду түздү.

Белгилей кетсек, аталган мелдешке Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынан жалпы 10 команда катышты.

Тай чабыш, кунан чабыш, аламан, ордо оюну, кыргыз күрөшү, аркан тартыш, жаа атуу, таяк тартыш, куш салуу, тайган жарыш боюнча мелдештер орун алды.

Аламан жана кыргыз күрөшүнүн жеңүү-чүлөрүнө автоунаалар ыйгарылды. Улуттук спорт оюндарынын жалпы байге фонду 2,5 млн. сомду түздү.

К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрындагы салтанатта шаардын өнүгүүсүнө ар тараптуу кошкон зор салымы үчүн ардактуу инсандар сыйланышты.

Кыргыз Улуттук  “Манас Ордо” комплексинде “Кылым карыткан кыргыз ала кийизи” фестивалы болуп өттү. Ага өлкөнүн жети дубанынан келген кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл топтун өкүлдөрү катышышты.

Кыргыз күрөш боюнча мелдеш болуп, ага өлкө аймагынан жана коңшу Казакстандан 70, 90 жана абсолюттук салмак категориясындагы балбандар катышышты. Абсолюттук салмак категориясынын жеңүүчүсүнө автоунаа тапшырылды.

Таластагы Керимбай уулу Максатбек атындагы ордо аянтчасында улуттук ордо оюну боюнча мелдеш да кызуу өттү.

Мааракенин көркүнө көрк кошкон кыргыз-казак эл аралык «Айтыш» кароо-сынагына коңшу Казакстандан келген 4 акын жана өлкө аймагынан 14, жалпы 18 акын катышты. Дайыма боло келгендей, курч өткөн бул айтышка катышкандар салтанатка келген ыр сүйүүчүлөрүнүн кулактарынын кычуусун кандырган курч сөз таймашын түзүп беришти.

“Төкмө келсе төр бошот” дегендей, төкмө акындардын Эл аралык “Айтыш” кароо-сынагына 1 млн. сом байге сайылды.

Негизи облус жетекчилиги бул иш-чарага олуттуу маани берип, алдын-ала даярдык иштерин жетиштүү деңгээлде жүргүзүшкөнү көрүнүп турду. Натыйжада иш-чара жогорку деңгээлде уюшкандыкта өткөрүлдү.

Салт болуп калгандай, 80 жылдыкка символикалуу 80 боз үй тигилип, дрон менен сүрөткө тартканда, боз үйлөрдүн орун алуусунан Айкөл Манас баатырдын ай тамгасы кашкайып көрүнүп, түнкүсүн айтылуу Кароол чокуга 80 жылдык жазылды.

Жада калса, чакыруу кагаздарынан баштап уюштуруучулардын жана журналисттердин бейджиктери сапаттуу жана өзгөчөлөнгөн дизайн менен жасалыптыр.

Сыйлуу конокторго берген белектер да сөз кылууга арзыйт. “Манас Ордонун”
мааракеге карата иретке келтирилип, жасалгаланышы да конокторго байкалбай калбаса керек.

Уюштурулган жарманкеде облустун ишканалары чыгарган продукциялар коюлду. Андан көрүнгөндөй, таластык ишкерлер сапаттуу сүт азыктарын, колбаса, өсүмдүк майы, жарма, кымыз, максым, бал, дары чөп-чайларды чыгарып жатышкан экен.

Мааракелик гала-концертте таанымал ырчылар калың элге майрамдык маанай тартуулашты.

Каражат жагынан облустун жеке ишкерлери жана Жерүй кенин иштеткен ири инвестор “Альянс Алтын” колдоо көрсөтүштү.

                                                                                                         Т.ИСХАКОВ

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар