Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Чейрек кылым ченемдери

Баткен облусунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун жана Баткен шаарынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелери салтанаттуу белгиленди.

Аталган мааракелерге арналган иш-чаралар Баткен шаарында 12-октябрь күнү ишкерлердин жана бизнес өнөктөштөрдүн көргөзмө жарманкеси менен башталды.

Эртеси “Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү” аталышындагы Эл аралык инвестициялык форумдун алкагында облус аймагындагы жогорку окуу жайларынын жетишкендиктери жөнүндө көргөзмө өттү.

Иш-чара БатМУ тарабынан уюштурулуп, келген коноктор окуу жайдын дараметин чагылдырган көргөзмө менен да таанышып чыгышты. Белгилей кетсек, окуу жай Баткен облусунун түзүлүүсү менен аймакта кадр маселесин чечүү максатында уюшулган алгачкы жана жалгыз жогорку окуу жайы болуп эсептелет.

Андан кийин «Баткен тарыхы – улуттун руханий казынасы» аттуу эл аралык илимий практикалык конференция өттү. Иш-чарада облустун тарыхы жана келечеги тууралуу илимий баяндамалар окулду.

Мааракенин негизги бөлүгү Кыргызстандын жаралуу тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсандар Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салихов, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиевдин эстелигине гүл коюп, куран окуу менен башталды. Ага КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, парламент депутаты Бактияр Калпаев, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Россиянын Президентинин администрациясынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча орун басары Антон Рыбаков, РФнын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алена Аршинова, Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршед Ахмедов ж.б. чет элдик коноктор катышып, сөз сүйлөштү.

Аны менен катар эле Баткен шаарындагы борбордук стадиондо кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Үч салмак категориядагы мелдешке 100дөн ашык балбан катышып, жыйынтыгында шаар тургуну Кумарбек Жунусов жеңүүчү болду.

Жеңүүчүлөр автоунаа, тай, муздаткыч, сыналгы сыяктуу баалуу белектер менен сыйланышты.

Облус менен Баткен шаарынын 25 жылдыгына карата борбордук стадиондо беш багыттагы боз үйлөрдүн, улуттук кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш көргөзмө жарманкеси коюлуп, сынактын жыйынтыгы чыгарылды. «Кыргыз ордосу» көргөзмөсүндө 25 жылдыкка 25 боз үй тигилди. «Баткен кечээ, бүгүн жана эртең» аталышында сүрөт, «Дасторкон ажары» улуттук тамак-аш, айыл чарба жарманкелери, «Менин өнөрканам» кол өнөрчүлүк жана ойлоп табуучулук көргөзмөсү, Баткен жана Лейлек килемдери жайылып, көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Ошого удаа эле борбордук стадиондо чоң программадагы маданий иш-чара болуп, анда параддан бардык тармактын өкүлдөрү, аймактан чыккан мыкты атуулдар, 25 жашка толгон 25 жаш кыз-жигит жана башкалар өтүп, майрамды шаңга бөлөдү.

Андан соң Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүүсүнөн тартып, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүккө чейинки узак жолу, Баткен облусунун түзүлүүсү, чейрек кылым тарыхы театрлаштырылган көрүнүш көрсөтүлдү.

Майрамдын салтанаттуу бөлүгүнүн соңунда гала-концерт коюлуп, майрамдык салют атылып, облус тургундарына майрамдык маанай тартууланды.

14-октябрда өлкө аймагында 45 жаңы объектилердин ачылыш аземи өткөрүлдү. Алардын катарында Баткен облусунда жалпы 25 объект: 4 административдик имарат, 4 кызматтык турак үй, 3 тигүүчү цех, 3 эс алуучу парк жайлары, 3 спорт зал, 2 мектеп, 2 бала бакча, 2 логистикалык борбор, 1 лаборатория, 1 ишкана ачылып, пайдаланууга берилди.

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА,
«Кыргыз Туусу»

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар