Жасалма интеллект (ЖИ) адамзаттын келечектеги жашоо турмушунун негизги үстөмдүк кылуучу фактору болуп калды. Заманбап экономиканын өнүгүшү Жасалма интеллект менен гана байланыштуу болот. Башка жол жок. Кайсы мамлекет мурда озунуп, ЖИни колдоно билсе дал ошол XXI кылымдын эң кубаттуу державасына айланат! Мен ЖИнин тарыхы жана Кыргызстандагы абалы жөнүндө “Кыргыз Туусунун” үстүбүздөгү жылынын 27-августундагы №63 (24835) санында кеңири маалымат бергем.
ЖИ азыркы учурда келечекти көздөй эбегейсиз зор ылдамдык менен кетип бара жаткан кези! Биз, кыргыздар, адатыбызча артта сүйрөлүп калбасак экен!
Нобель комитетинин быйылкы, 2024-жылга карата “Физика менен Химия” илимдер жаатындагы ыйгарган сыйлыгы чоң резонанс жаратып жатат. Дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулар абдан активдүү эмоциялык маанайда талкууларга өтүштү.
Мен өзүм кесипкөй физик катары ЖИ табигый илимдерге тез эле мындай феноменди жаратат деп күткөн эмесмин. Сөз ЖИтин ошол физика менен химия илимдерине канчалык терең кирип алып, алардын эң негизги изилдөөчү куралы болуп калганында турат! Анда баяныбыз өз ирети менен болсун.
2024-жылдын “Физика” боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары болушуп, АКШынын Принстон университетинин профессору Джон Хопфилд менен британиялык жана канадалык физик, Торонто университетинин профессору Джеффри Хинтон тандалышты. Нобель Комитетинин токтому “жасалма нейрондук желелердин жардамы аркылуу машиналык изилдөөлөрдү колдонгон фундаменталдык ачылыштары жана ойлоп табуучулуктары үчүн” деп аталат. Мындай кадам менен шведдик Комитет адамдардын ЖИнин фантастикалык келечегинен айбыгып,
ошол эле жансыз роботтордун барымтасында калбайбызбы деген чочулоосуна “чок салып” койгондой болду. Жалпак тил менен түшүндүрө турган болсок, Джон Хопфилд маалыматтарды сактоо үчүн атайын структураны түзүүгө жетишти, б.а., ал ассоциативдик нейрондук желени ойлоп таап, сүрөттөлүштөрдү сактоо жана кайра калыбына келтирүү ыкмаларын жаратты. Ал эми профессор Джеффри Хинтон берилген маалыматтардын касиеттерин аныктап бере ала турган методду ойлоп тапты. Анын алкагында ошол эле сүрөттөлүштөрдөгү кээ бир өзгөчө элементтерди адашуусуз идентификациялоого болот. Бул эки окумуштуунун илимий ачылыштарынын натыйжасында, ири нейрондук желелердин дүркүрөп өнүгүүсүнө жол ачылды. Мен бул илимий ачылышты – физика, биология жана компьютердик технологиялар илимдеринин бириккен түйүнүнүн натыйжасы деп айтаар элем! Мындай сыйлык Нобель комитетинин тарыхында биринчи жолу берилип отурат!
Бүгүнкү күндө, машина аркылуу окутуу системасы адам турмушунун көптөгөн аспектеринде кеңири колдонула баштады. Мисалы, илим изилдөө, соода иштери, коопсуздук системалары, космос, медицина жана билим берүү тармактары, аскердик чөйрө, машина куруу, интеллектуалдык оюндар, ж.б. келечекте Джон Хопфилд менен Джефри Хинтондун илимий жетишкендиктери нейрожелелерди машиналык жол менен окутуунун ультражаңы технологияларын камсыз кылат.
***
Бир колубузга бор, экинчисине чүпүрөк кармап алып, тактайчанын алдында тердеп-бурдап лекция окуган заманыбыз алда качан артта калды! Ал турсун, эми колубуздагы компьютерлер менен смартфондор тарыхтын бир бүктөмүндө эле калганы турат! Ошондуктан, биз кыргызстандыктар да, заман темпинен артта калбай ЖИнин эң алдыңкы жетишкендиктери менен куралдануубуз абзел. Окутуунун усулдугун түп-тамырынан бери кайра карап чыгууну колго алуубуз зарыл!
Тилекке каршы, учурда Билим берүү жана илим министрлиги менен Улуттук Илимдер Академиясы ушул багытта күндөп-түндөп авангарддык жумуштарды уюштуруу-нун ордуна кайдагы бир өлкөлөрдүн псевдоусулдарын туурап, аларга көз каранды болуп, олчойгон кредиттерди жумшап, маанисиз жана мазмунсуз алаксытма жана арсар иштер менен алектенип жүрүшөт! Физика жана химия боюнча быйылкы Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын илимий ийгиликтери адам баласынын сапаттуу жашоого умтулган аракеттеринин башталгыч доору болгону турат!
Аталган эки физиктин айлана чекесинде бир жумадан бери ар кандай кызуу илимий талкууулоолор, айыгышкан курч илимий талаштар орун алууда. Анткени, нейрондук желелерди изилдөө, албетте, физикага таандык эмес! Кандай болгон күндө да, белгилүү илим меценаты, окумуштуу жана таланттуу ойлоп табуучу швециялык Альфред Нобелдин өлбөс-өчпөс осуятынын негизги талабы Нобель комитети аркылуу так аткарылып отурат. Анын ою боюнча, сыйлык адам баласынын жашоосун жеңилдетип, акыл эмгегинин салымына чечүүчү ролду ойной турган илимий ачылыштар баалануусу керек эмес беле! Ошондой эле болду.
Эки каарманыбыз машиналык окутуунун негизин аныктоодо, кадимки физикалык илимий инструменттерди колдонуп жатышат. Же, башкача сөз менен айта турган болсок, профессор Джон Хопфилд кванттык физиканын эн маанилүү феномени катары саналган, материалдардын касиеттерин азыркы илимий көз караш менен түшүндүрүүчү атомдун спинин колдонуп жатпайбы?! Анын концепциясында ар бир атом эң кичинекей магнит катары каралып жатат. Атактуу физик-нобелиат Нильс Бордун атомдук магнетосун эстейли. Ал эми, Джефри Хинтон болсо, кадимки эле классикалык физиканын эң маанилүү феномени болгон “Больцмандын машинасын” жаңы нейрондук желелерге колдонду. Бул метод жалаң гана физикага мүнөздүү болгон статистикалык методдун өзү. Анын жардамы менен нейрондордун татааал табияты так ачылып
отурат.
Менин баамымда эми, мындан ары, физикада жана химияда жасалма нейрондук желелер кеңири колдонулуп, келечегибизде керектүү касиеттерге ээ боло ала турган жаңы материалдар жасала баштайт. Кылымдар бою эңсеген, бөлмө температурасында иштей алган өтө өткөрүмдүүлүк кубулушу ишке ашат. Кванттык компьютерлер теорияда гана калбастан практикалык деңгээлде жасалат. Башкарылуучу термоядролук синтез феномени кайрадан жанданат! Нанотехнология, биотехнология, маалымат технологиясы, ал турсун когнитивдик технологиянын өзү дүркүрөп өнүгөт.
Айта берсек сөз көп! Иши кылса, физика менен ЖИнин тандеми адам баласынын тарыхында дагы бир илимий-техникалык революцияны жаратканы калды! Аттиң, биз, кыргыздар, күнүмдүк эле “көр-оокатты” ойлобой, жогоркудай илим изилдөө иштерин системалык түрдө уюштурууга жетише алсак экен!
***
ЖИ химияга да өз таасирин тийгизди! Анткени, быйыл “Химия” боюнча Нобель сыйлыгы “белокторду эсептөө технологияларынын негизинде долбоорлоо” деген жалпы номинация менен үч биологго ыйгарылып отурат!
Баамдасак, химия илими боюнча Нобель сыйлыгы кесипкөй биологдорго берилди. Бул феномен – табият таануу илимдеринин мурда болуп көрбөгөндөй биригишине эң сонун далил эмей эмне? Сыйлыкка берилүүчү акчанын тең жарымы америкалык биолог, АКШнын Сиэтл шаарындагы Вашингтон универстетинин профессору Дэвид Бейкерге тартууланды. Ал эми экинчи жарымы болсо, ошол эле
АКШга таандык атактуу Google DeepMind фирмасынын башкы директору – Демис Хассабиске жана ушул ишкананын улук илимий кызматкери – Джон Джамперге ыйгарылды. Аталган окумуштуулар кандай илимий ачылыштарды жасашты жана алардын иштеринин ЖИге кандай тиешелери бар?
62 жаштагы профессор Дэвид Бейкер – кесиби боюнча биохимик жана эсептөө илимине ыктаган биолог. Ал белокторду изилдеп чыккан окумуштуулардын пионерлеринен болот. Биринчи болуп компьютердик ыкма менен белоктордун 3 өлчөмдүү структурасын аныктаган.
ЖИнин белоктордун структураларын аныктоого жол ачкан компьютердик программаларын иштеп чыккан. Илимий кызыкчылыктарынын чөйрөсү да укмуш кенен! Ал геномдор илиминин профессору, биоинженерия, химиялык инженерия, компьютердик илим боюнча мыкты адис экен. Мен, мисалы, аны физик эле деп жүргөмүн! Анын кванттык физика боюнча бир-эки илимий макалаларын окуган жайым бар.
Каарманыбыз, абдан күчтүү менеджер-өндүрүшчү да болуп чыкты. Анын демилгеси жана илимий-техникалык сунуштары менен АКШда жана башка өлкөлөрдө ондогон биотехнологиялык компаниялар ачылган. Белоктордун дизайны боюнча бирден-бир эл аралык абройдогу окумуштуу. Гарвард университетинин бутүрүүчүсү. Баш-аягы болуп, 600дөн ашуун илимий макалалардын автору! Ал белоктордун структуралары менен функцияларын дол-боорлоо жана прогноздоо иштерине арналган эсептөө илимий изденүүлөрү менен гана чектелип тим болбостон, өзү абдан активдүү биохимиялык эксперименталдык топту да жетектейт. Анын тобу биринчи болуп, Rozetta алгоритмин иштеп чыккан. Натыйжада, биомолекулярдык структураны аныктоого арналган компьютердик программаларды түзүүгө жетишкен. Баарынан таң калганым, профессор Бейкер дүйнөдө алгачкы ирет жаңы структурага ээ болгон жасалма белокту ойлоп тапкан!
Англиялык нейробиолог, компьютердик оюндардын жаратуучусу жана өзгөчө белгилей турган нерсе, ЖИнин мыкты изилдөөчүсү Демис Хассабис быйыл жай айында 48 жашын белгиледи. Бул окумуштууга Нобель сыйлыгынын экинчи тең жарымы дагы бир таланттуу америкалык окумуштуу-инженер Джон Джампер менен биргеликте ыйгарылды. Джон болсо быйыл 39 жашка гана чыкты!
Демис Хассабис шахмат вундеркинди. Ал 14 жашында дүйнөлүк өспүрүмдөр рейтингинде 5-орунду ээлеген. 1994-жылы Кембридж университетинин Куинз-колледжинин информатика адистигин өзгөчө артыкчылык менен аяктаган. 2009-жылы Лондон университетинин алдындагы колледжде когнитивдик нейробиология боюнча доктордук диссертациясын (PhD) коргогон.
Ал эми Джон Джампер өзүнүн кесиптештери менен биргеликте AlphaFold ЖИ моделин түзгөн. Бул модель белоктун аминокислоталык удаалаштыктагы структураларын абдан зор тактыкта алдын ала көрсөтүп берүүгө жол ачты! Джон Чикаго университетинин бүтүрүүчүсү. Андан ары ал Кембридж университетинде заманбап теоретикалык физика курсун өздөштүрүп, катуу заттар физикасы боюнча адис болуп чыккан.
Жер шарындагы тирүүчүлүк белоктун таасири менен байланышканы белгилүү. Анын көп түрдүү касиеттери химиялык инструменттердин ролун ийгиликтүү аткарып келет. Белок бардык химиялык реакцияларды контролдоп жана башкарып турат. Демек, булар биригип келип жашоонун негизин түзүшөт. Белоктор жандуу ткандардын курулуш элементтеринин, гормондорунун, сигналдык заттарынын, антителолорунун ролдорун аткарышат. Белоктор, адатта, ар түрдүү 20 аминокислотадан турат. 2003-жылы Дэвид Бейкер мурдагы эч бир белокторго окшобогон уникалдуу касиетке ээ болгон жаңы белокту ойлоп тапкан. Ошондон бери окумуштуу өзүнүн илимий тобу менен биргеликте жаңы белоктордун кошулмаларын тапкан. Аларды фармацевтикалык препараттар, вакциналар, наноматериалдар жана эң майда датчиктер катары ийгиликтүү колдонуп келишкен.
2018-жылы Хассабис менен Джампер AlphaFold аттуу машиналык окутуунун жаңы алгоритмин түзө алышты. Ал эми 2020-жылы ошол эле алгоритмдин экинчи версиясын сунуш кылышкан. Анын жардамы менен эки окумуштуу дүйнөдө белгилүү болгон 200 млн. белоктун структураларын алдын ала толугу менен так идентификациялап беришкен! Азыр 190 өлкөнүн эки миллиондон ашык адамдары ошол AlphaFold-2 алгоритмдик версиясын колдонууга үлгүрүштү! Ушул эле жылдын жазында каармандарыбызга
таандык болгон Google DeepMind фирмасынын ресурстарына таянышып AlphaFold-3 версиясын түзүштү. ЖИнин акыркы моделдери көптөгөн теориялык жана практикалык маселелерди чечүүгө ийгиликтүү киришип жатат. Мисалы, антибиотиктерге туруктуулукту камсыз кылуучу абалдар, молекулярдык структураларды реконструкция кылуучу дары-дармектер, түрдүү
ферменттер, ж.б.
Бүгүн дүйнөдө физика, химия, биология, ж.б. табигый илимдер мурда болуп көрбөгөндөй тез ылдамдык жана эффектүүлүк менен өнүгүп, адамзатка эбегейсиз зор жагымдуу таасирин тийгизип келет. Бирок, тилекке каршы, бизде, Кыргызстанда, жогоруда айтканымдай, тескерисинче, аталган илимдерди мектептен ЖОЖдорго чейин кескин кыскартып салышып, кайдагы болбогон псевдодолбоорлорду сунушташып, коомчулуктун башын айландырышып жүрүшөт! Мындай антипрогресстик билим берүү системасын жана илимди уюштурууда араңжан иштемиш болумуштун түпкү максаты эмнеде? Эмне үчүн биздин табиятынан тубаса таланттуу жаштарыбызды замандын эң алдыңкы илимдери болгон жаңы инновациялардан куру-жалак калтырып коё турган аракеттерди кээ бир ири чиновниктер коомчулукка көшөкөрлөнүп таңуулап келишет? Кайдагы бир болбогон аморфтук түшүнүктөрдү өзүнө камтыган, аракети боюнча диверсиялык, ал эми табияты боюнча мектеп жашындагы балдарга зыянкеч “STEM” сыяктуу псевдодолбоорлорду зордуктап киргизип жатышат?
Кыргыз эли бир учурдагы эң алдыңкы илимий деңгээлден эмнеликтен жана кандай зарылчылыктан улам караңгычылыкка сүңгүп кирип бара жатат? Айтор суроолор өтө арбын. Биз караңгыда кайсактап ары-бери сүйрөлүп жүрсөк, дүйнөнүн прогрессивдүү коому табигый илимдерди мурда болуп көрбөгөндөй бийиктикке чыгарып салышты! Артта калып бара жаткан абалыбызды сезип туруп, аттиң гана деймин!..
Каныбек ОСМОНАЛИЕВ,
физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер