Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

Олуттуу өсүш, сезилерлик жылыш бар

“КыргызАвтожол Түштүк” мамлекеттик ишканасынын №37 жол тейлөө мекемеси Ноокат районунун аймагындагы 435 км жолду тейлейт.  Анын ичинен эл аралык маанидеги жол – 45, мамлекеттик маанидеги жол – 64, жергиликтүү маанидеги жол – 326 чакырымды түзөт.
Жакында аталган ишкананын  жетекчиси  Абдипатта Абдижалил уулуна жолугуп, маек курдук.

– Калктан өткөн калыс тараза жок эмеспи, алар  белгилеп жаткандай, кийинки жылдарда республикабызда  жол курууга  олуттуу маани берилүүдө. Аны өзүңүздөрдүн ишканада аткарылган иш-аракеттер менен далилдеп берсеңиз?

– Туура айтасыз,  биздин тармакта  олуттуу жылыш бар, өсүш бар.   Кийинки үч жылдын ичинде биздин тармакта көзөмөл күчөп, санга эмес, сапатка карай  жасалган  аракеттерди жергиликтүү жашоочулар да байкап жаткандыгы биз үчүн жагымдуу көрүнүш. Үстүбүздөгү жылдын 7 айында  ишкана республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен жалпысынан алганда 12,398,3  миң сомдук   жумуш  аткарды. Анын ичинен утурумдук оңдоого  8 098,3 миң сом жумшалды.  Тактап айтканда, Ош – Раззаков  жолунун 34-40, 47-75 чакырым аралыгына, Ноокат – Папан жолунун 0-11 км аралыгына 3020  чарчы метр аң-чөнөктөрдү асфальт менен жамоо жумуштары аткарылды. Ош – Баткен – Раззаков  жолунун чети грейдер менен тегизделип, суу ага турган арыктар тазаланды.  Ошондой эле Төө-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча, Тельман – Карагой багытындагы шагыл жолдор грейдер менен тегизделди.

Быйылкы жылы жайкы кароо жумуштарынын алкагында  Ош облустук жол көзөмөлдөө кызматы менен бирдикте эскилиги жетип калган  жол белгилери жаңылары менен  алмаштырылып, жарактуу жол белгилер актап-сырдоодон өткөрүлдү. Ош – Раззаков  жолунун 34-40, 47-75 чакырым аралыгына  мурда  жетишсиз болгон 76,  Ноокат-Папан жолунун 0-15 км аралыгына 24, Төө-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча унаа жолунун  22-26 чакырым  аралыгына 22 даана жол белгилери орнотулду. Мындан тышкары  4 көпүрөнүн периласы актап-сырдоодон өткөрүлүп, ага 1 443,3 сом каражат жумшалды. Бул жерде баса белгилеп өтүүчү жагдай,  быйыл көп жылдан  бери каралбай калган жолдорго олуттуу көңүл бурулду.

– Капиталдык салымдар беренеси боюнча бөлүнгөн каражаттын эсебинен бүткөрүлүп жаткан  жумуштар тууралуу  айта кетсеңиз.

–  Бул берене боюнча үстүбүздөгү жылга жалпы суммасы 79 920 миң сомду түзгөн  11,1 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.  Мамлекеттик маанидеги Ноокат – Папан жолунун 11-21 км аралыгындагы адам чыдагыс абалга келип калган  4 чакырым  аралыкка  жаңы асфальт төшөлдү.  Андан кийин  Зулпиев айыл өкмөтүнүн Жатан айылындагы 2 чакырым шагыл жолго асфальт басылды. Суу эки жээкке агып кетсин үчүн жаңы жолго  асфальт  балык жон болуп төшөлүп, анын  калыңдыгы 6 сантиметрди түздү. Көзөмөл күчтүү болгондуктан, бардык жумуштар коюлган талапка ылайык жүргүзүлдү.

Кийинки кезекте  Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде жана Бор-Баш айылдарына 3,8 чакырым жол турат. Ал  аба-ырайы ыңгайлуу келсе жыл  аягына чейин бүткөрүлөт.

Кара-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Нойгут айылынын А.Эргешов көчөсүнө  2 км жолго  асфальт төшөө “Таза курулуш” ЖЧКму тарабынан аягына чыгарылат.

Жергиликтүү жашоочулардын “өзүбүз-дүкүлөр деле  ойдогудай жасай алат экен го!” деген ыраазылык сөздөрүн уктук.  Биздин дарегибизге айтылган жылуу сөздөр  бизге дем берип, жолду сапаттуу курууга милдеттендирип жатат.

– Кыш – жол тейлөөчү ишканалар үчүн чоң сыноо, ага карата даярдык кандай?

– Кыш мезгилинде  ишкана тарабынан  Ноокат – Папан, Төө-Моюн – Өсөр – Жаңы-Арча, Тельман – Карагой унаа жолдору кардан тазаланып, Ош – Баткен – Раззаков  жолунун кооптуу тайгак участкаларында музду эритүүчү атайын инерттик материалдар себилип турат.

Быйыл   кампабызга музду эрите турган  700 тонна шлак, 30 тонна  техникалык туз  тартылып  жатат. Жакынкы күндөрдө инерттүү материалдар  15-октябрдан тартып керектүү жерге ташыла баштайт.

Механикалык пактагы техникаларыбыз кышка карата кароодон өткөрүлүп, кышкы дөңгөлөк, күйүүчү жана майлоочу майларды, антифриз, жүктөөчү техникага керектүү тетиктерге алдын ала буйрутма бергенбиз.  Жумушчулар  үчүн  атайын кышкы жылуу кийимдер даярдалып жатат.

 Төлөнбай Абдыразаков, «Кыргыз Туусу»

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар