Элмирбек Иманалиев айыл аймагы түштүк-чыгышынан Тогуз-Торо району, батышынан Үч-Терек айыл өкмөтү менен чектешет. 1996-жылы алгач Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагы болуп уюшулган. 2024-жылы март айында административдик аймактык реформанын негизинде Ничке-Сай айыл аймагы менен биригип, Элмирбек Иманалиев айыл аймагы болуп түзүлгөн. Кыш мезгили 5 айга чейин созулган, климаты катаал, тоолуу аймак.
Элмирбек Иманалиев айыл аймагы мал чарбачылыгы менен алектенүүгө жана өсүмдүк өстүрүүгө потенциалы бар, жеке ишкерлер экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жетишкен, тиричилик инфраструктурасы кыйла жакшырган аймак. Айыл аймагынын калкынын жашоо шартын жакшыртуу, экономикалык, социалдык жана экологиялык бакубаттуулугун жогорулатуу багытында жергиликтүү бийлик тарабынан төмөндөгүдөй жумуштар аткарылууда.
А.Ибраимов атындагы орто мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 84 миллион сом бөлүнүп, курулуш иштери соңуна чыгып калды.
Үч-Терек – Өзгөрүш автожолунун 27-30 км аралыгына асфальт төшөө иштерине республикалык бюджеттен 22 миллион сом бөлүнүп, жолго асфальт төшөө иштери аткарылды.
Ирригация тармагына “Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен каражаттарын башкаруу боюнча дирекция” мамлекеттик мекемеси тарабынан 400 миң сом бөлүнүп, айыл аймагынын ирригациясын жакшыртууга жумшалды. Чеч-Дөбө участкасына 2 км 330 метр аралыктан таза суу тартып келүү үчүн курулуш материалдары сатылып алынды. Ошондой эле А.Ибраимов атындагы мектепке кичи футбол аянтчасынын курулушун аягына чыгаруу үчүн атайын эсептен 939,5 миң сом “СК РАЙН” ЖЧКсына которулуп берилип, курулуш иштери толугу менен аткарылган. Таза суу долбоорунун алкагында атайын эсептен 2 миллион 400 миң сом бөлүнүп берилди.
Мындан сырткары жергиликтүү бюджеттен жана атайын эсептен медициналык борборго медициналык жабдыктарды алууга жана айланасын тосууга 500 миң сом бөлүнүп, каражатка медициналык аппараттар алынды.
“Катар” фонду тарабынан Ничке-Сай айылына 3 миллион 658 миң сомдук ҮДТ жана Э. Иманалиев айылындагы Ажыкул кызы Мария атындагы медициналык борбордун имаратынын курулушу 9 миллион сомго каржыланды. Ага атайын эсеп менен жергиликтүү бюджеттен 1,5 миллион сом бөлүнүп берилди.
Кең-Туулук айылындагы Союзбек Чекиров атындагы мектепке АРИС долбоорунун эсебинен 11 миллион сом, атайын эсеп жана жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом бөлүнүп, ашкана жана китепкана курулуп бүтүү алдында турат.
Ничке-Сай айылындагы ҮДТнын жана оорукананын айланасы тосулуп, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Мамлекеттин каржылоосу менен оорукананын №14 ҮДТ капиталдык ремонттон өттү жана ҮДТ №14-15ке от казандар салынып, көмүр менен жылытууга шарт түзүлдү. 2023-жылдын эсебинен ооруканага “Некся” газель тез жардам автоунаасы келди. Оорукананын материалдык-техникалык базасы жакшырып, медициналык мекемелердин имараттары оңдоодон өттү.
Социалдык-коммуналдык инфраструктураны жакшыртуу, калктын бардык катмары үчүн, анын ичинде балдар, жалгыз бой энелер, кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча да бир катар милдеттер коюлуп, тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.
Айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыздоодо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу багытында жана билим берүү, маданият, спорт, саламаттыкты сактоо тармагында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер жасалууда. Ички жолдорду оңдоо, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү, көчөлөргө түнкү жарыктарды орнотуу пландаштырылган.
Э.Иманалиев айыл аймагында 2018-жылы таштанды чыгаруучу “Жаңы Доор” муниципалдык ишканасы түзүлгөн. Ишкана бүгүнкү күнгө чейин элди тейлеп келе жатат. 2021-2022-жылдары жергиликтүү элди тейлөө 30%ды камтыса, 2023-жылга 45%, 2024-жылга 80%га жеткен. Азыркы учурда ишкананын карамагында 1 таштанды чыгаруучу ГАЗ- 53, 1 экскаватор, 2 ХОВО жүк ташуучу оор техника бар.
Таштанды ташталуучу жай жолго жана калк жашаган айылга жакын жайгашкандыктан башка аймакка которуу жана анын айланасын тосуу зарылдыгы бар.
Кызыл-Өзгөрүш айылындагы А.Борбуев, Сакеев, Аң-Арык айылындагы К.Абдраимов жана Чоргочу айылындагы Теңгизбаев көчөлөрүн жарыктандыруу, Ак-Жар, Камыш-Башы, Шайык, Коңур-Өгүз, Ничке-Сай айылдарындагы жолду кесип өткөн арыктарга суу түтүктөрүн жаткыруу пландаштырылган. Шайык айылында жалпы калк бир трансформатордон электр энергиясын колдонгондуктан электр энергиясы жетишсиз, андыктан кошумча трансформатор орнотуу каралууда.
Ошондой эле Шайык айылынын жашоочулары колдонгон таза суу кампасын кышкысын тоңуп калбай тургандай кылып жылуулоо керек. Чоргочу, Орто-Жон, Чеч-Дөбө, Аң-Арык айылындагы жаңы конуштарга өзүлөрү жыгач мамычалар менен электр энергиясын пайдаланып жаткан тургундардын мамычаларын бетон мамычаларга алмаштыруу пландаштырылууда.
Чеч-Дөбө айылынын 75 кожолук тургундарын таза суу менен камсыздоо боюнча атайын долбоор 2025-жылдын 1-октябрына чейин ишке ашуусу күтүлүүдө. Жалпы узундугу 300 метр аралыкка транщея казылып, суу түтүктөрү жаткырылат.
Жергиликтүү эл мал чарбасы жана дыйканчылык менен алектенет. Айыл аймагында кой-эчки – 18850 баш, ири мүйүздү мал – 9600 баш, жылкы – 2580 баш. Жайыттардын аянты – 75717 гектарды түзөт. Жайыттар жетиштүү болгондуктан жана барууга мүмкүн эместигинен алыскы жайыттар пайдаланылбайт. Жайыттардын жетиштүүлүгүнөн мал чарбасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү жогору.
Малдын саны жылдан-жылга көбөйүүдө, бирок малдын санына эмес асыл тукумдуулугуна көңүл буруу учур талабы. Мал чарбасында “арашан”, “гиссар” сыяктуу асыл тукум койлор, эт, сүт багытындагы “щвиц”, “ангус” уйлары жокко эсе.
Айыл аймактын тургундары ветеринардык дарылар кеңири сатылгандыктан ар ким малын өз алдынча эмдөө ыкмасына өтүп алган. Мал тегиз эмдөөдөн өтпөгөндүктөн кара сан,бруцеллёз, шарп оорулары кездешкен учурлар да жок эмес. Ветеринардык адистер фермерлерге асыл тукум малдарды каяктан алуу, кантип багуу жана өз убагында мал ылаңынын алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүү керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат. Айыл аймакта малдын жана жандыктардын өлүгүн көмө турган “Беккари” чуңкурун 2025-жылдын 2-кварталында 3х3х9 өлчөмүндө куруу каралган.
Статистикалык маалыматтарга таянсак, айыл аймагында калктын аярлуу катмарынын үлүшү – 13,8%, ишке жарамдуулар – 434, өтө жакыр адамдар –161, мигранттардын балдары – 189.
Э.Иманалиев айыл өкмөтү тарабынан 20 аярлуу үй-бүлөнүн ар бирине МКБФ фондунан дыйканчылык менен алектенүү үчүн 0,5 га, жалпысынан 10 га жер бөлүнүп берилди.
Аз камсыз болгон жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдөн 2 жаран Токтогул районундагы 3 айлык мөөнөт менен (компьютер, тигүүчүлүк, чачтарач) окутуу курсуна жиберилди. Жалгыз бой, жашоо шарты оор 3 аял жеке ишкерлер менен түзүлгөн келишимдин негизинде жумушка орноштурулду. Мигранттардын балдарына жайкы эс алуу лагери уюштурулду.
Айыл чарба жерлери – 2603 га, анын ичинен айдоо аянттары – 2881 га, жайыттар – 75505 га, токой фондусунун жерлери – 3,0 га.
Иманалиев айыл аймагында буга чейин мыйзамсыз жайыт жерлерине турак жай салып алган тургундардын турак жайлары жалпы аянты – 73 га жер трансформацияланып, натыйжада тургундар мыйзамдуу кызыл китебин алышты. Ушундай көрүнүштөрдөн улам 2025-2027-жылдар аралыгында аймактын архитектуралык башкы планын иштеп чыгуу пландаштырылууда.
Бел-Кара-Суу айылында сел жүрүү коркунучу бар жерлерде жайгашкан турак жайлар болгондуктан элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, селдин алдын алуу максатында тосмолор, арыктарды куруу каралууда.
Вера Беделбек кызы, “Кыргыз Туусу”