Среда, 25 декабря, 2024
-2.9 C
Бишкек

Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Алгабас АСАНБАЕВ: “Калкыбыз таза суу менен камсыз болгон”

“Жаш келсе ишке” дегендей, Алгабас Асанбаев Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп иштегенден  бери уюштуруучулук жөндөмүн көргөзүп, өз ишин абийирдүүлүк менен аткарган, жоопкерчиликтүү жетекчи катары өзүн көрсөтө алды.
Айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин туура сарпталышына, социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуу менен мамлекеттик социалдык коргоо программаларын ишке ашырууга,  маданият, билим берүү, медициналык тейлөө жана жарандарга материалдык колдоо көрсөтүү маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруп келет.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл аймак  тарабынан калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймакты өнүктүрүүдөгү стратегиялык мааниге ээ болгон маселелерди чечүүгө багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Барскоон айыл аймагына Барскоон, Тамга, Тосор айылдары жана Сырт өрөөнүндөгү Караколка жана Сөөк чакан айылдары кирет. Барскоон айылында 3483 кожолуктан турган 15 429 жергиликтүү калк жашайт.

Айыл өкмөтүнүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, “Түндүк” порталында кызмат көрсөтүүлөрдүн жаўы форматы менен иштөө жүргүзүлөт. “Санарип аймак” тутумуна бүгүнкү күндө 15 283 киши катталып, 99%ды түзүүдө жана 3405 кожолук катталып,  97,8%ды түзгөн.

Айыл аймагынын көрсөткүчтөрү

– Айыл аймагынын бюджетинин киреше бөлүгү 2024-жылдын  9 айына карата салыктын түрлөрү боюнча планы – 4587,2 сом болсо, иш жүзүндө – 4867,2 сом чогултулуп, план 106,1%га аткарылды. Кыймылсыз мүлк салыгынын планы – 417,0 сом болсо, иш жүзүндө – 688,2 сом чогултулду. Кыймылдуу мүлк салыгынын планы – 2437,4 сом болсо, иш жүзүндө – 2491,0 сом чогултулду. Там арка жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгынын планы – 483,6 сом болсо, иш жүзүндө – 487,1 сомго аткарылды.

Инвестиция – долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө

– Инвестиция тартуу жаатында бир топ жакшы иштер жүрүп жатат. Дем берүүчү гранттын эсебинен жактырылган долбоорлордун алкагында Тамга маданият үйүн оңдоо иштери теңдерге берилип, куруучу тарап аныкталып, ремонт иштери жүрүүдө. Маданият үйүн ремонттоого республикалык бюджеттен  4 500 000 сом бөлүнсө, жергиликтүү бюджеттен 4 500 000 сом каржыланды.

Ал эми Тосор айылында жайгашкан маданият үйүнө республикалык бюджеттен  82 млн. сом бөлүнүп, курулуш иштери башталды, жерпайы казылып бүттү.

Тамга айылына аэропорт тараптагы  жолго республикалык бюджеттен  8 млн. сом бөлүнүп, иш толугу менен аягына чыкты.

Мындан сырткары, Барскоон айылында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында республикалык бюджеттен 22 млн. сом каралып, Барскоон айылында аймактык милиция бөлүмчөсү курулуп жатат.

Республикалык бюджеттен 28 млн. сомго Тосор айылынын четинде “Туристтик маалымат борбору” курулуп, жыл аягында пайдаланууга берилээри күтүлүүдө.

Барскоон айылына “Кумтор Голд Компании” ЖАК тарабынан  3 млн. сом берилип, дагы 668 000 сом марафондон чогулган каражатка таштанды чыгаруучу автоунаа сатылып алынды.

Барскоон айылына 100 млн. сомдук заманбап бала бакча жеке ишкер тарабынан курулуп ишке берилди. Бул да айыл эли үчүн чоң саамалык болду, анткени бала бакчага болгон муктаждык жоюлду. Бала бакча белгилүү адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты, доцент, элге билим берүүнүн мыктысы Турганбай Орунбаевдин атынан коюлду. Ушул инсандын уулу жеке ишкер “Адал Азык”  ЖКЧ “Тойбосс” соода маркасынын негиздөөчүсү  Бектурсун  Турганбаевичтин демөөрчүлүгү менен курулуп,  ишке берилди.

Чет элдик гранттар жана фонддор

– Чет элдик гранттардан Тамга айылына конференц зал курууга 1 500 000 сом каралды. Барскоон айылындагы К.Чылабаев мектебине 7 100 000 сом бөлүнүп санузел курулуп бүтүп, ишке берилди.Тамга айылындагы бала бакчага 1 190 000 сомго суу түтүктөрү киргизилип, ажаткана жаўы салынды.“Ассалам” Араб кайрымдуулук фонду тарабынан  45 000 долларга Барскоон айылына мечит курулуп, пайдаланууга берилди. Дагы бир мечит Ак-Коргон конушуна курулуп жатат.

Таза суу маселеси чечилүүдө

– Барскоон айылында 2022-жылдан бери таза сууну 13 км жерден тартып келе жатабыз. Бул курулуштун жалпы сметалык баасы 64 млн. сомду түзөт, акча каражаттын тартыштыгынан этап-этапка бөлүнүп, 4 этап менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен бүткөрүлүүдө. Жети-Өгүз өнүктүрүү фондунан 2 млн. сом бөлүнүп берилди.

1-этапта “Внеш-Торг промстрой” ЖЧКсы менен 3219 метр таза суу жана кабыл алуучу жай, долбоор боюнча 15 млн.  сом болсо, тендер менен  13998388 сомго аткарылган.

 2-этап “Алинур “ ЖЧКсы менен 3850 метр жана  гаситель, долбоор боюнча 15 млн. сом, тендер менен 9 974 985 сомго аткарылган.

3-этап “ЭкоПром” ЖЧК-сы менен 980 метр жана 8 кудук суу бөлүштүргүчтөрү менен долбоор боюнча 5 млн. сом, тендер менен 4 200 000 сомго аткарылды.

4-этап “Билги-Групп” ЖЧКсы менен долбоор боюнча 11 148 468 сом, тендер менен
8 891 868 сомго аткарылууда. 13 км.ден сырткары айыл ичиндеги резервуарга кошуу үчүн 2,5 км узундукта чоюп келиниш керек эле, бүгүнкү күндө Жети-Өгүз райондук өнүктүрүү фондусунан 2 млн. сом каржыланып, 1140 метр суу түтүктөрү тендер аркылуу алынды.

2024-жылдын 20-август айында “Барскоон Туюк суусун элибизге жеткирүү” деген аталыштагы каражат чогултуу марафону демилгеленип, марафондо чогулган 700 000 сом акча каражаты ушул суу түтүктөрүн жаткыруу жумуштары үчүн сарпталат.

Айыл чарба тармагы колго алынды

– Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-февралындагы “Жазгы айдап себүү, сугат иштерине даярдыктын жүрүшү жөнүндө” №57 токтомун аткаруу багытында Барскоон айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 14-мартындагы “2024-жылдын жазгы айдап себүү, сугат иштерине даярдыктардын жүрүшү тууралуу”  №28 токтому чыккан.

Токтомдун негизинде айыл чарба иштерин уюштуруу  боюнча  айылдык штабдын курамы бекитилип, 2024-жылдын түшүмү  үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн  айдап себүүнүн болжолдуу түзүмү түзүлүп кабыл алынды.

Жазгы талаачылык жумуштарын алдын ала божомолдоо  эсептерине ылайык, жалпы айыл аймак боюнча 1052 гектар айдоо жер аянтына айыл  чарба өсүмдүктөрүн  себүү   болжолдонгон.

2024-жылдын түшүмү үчүн 24,0 гектар жер аянтына күздүк себүү пландалган. Күздүк себүүнүн план тапшырмасын аткаруу жагы жетекчиликке алынып, күздүк дан эгиндерин себүүнү уюшкандыкта өткөрүү үчүн айыл-дык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, Чүй облусунун үрөнчүлүк чарбасынан “Бограт” жана “Безостый-100” сортундагы күздүк буудайдын үрөнү алынды. Калган үрөндөрдү келишим боюнча башка райондун айыл аймагындагы дыйкандарга таратып берүү иштери жүргүзүлдү. Күздүк буудай 2024-жылдын түшүмүнө карата 24,0  гектарды  түзөт.

Жаздык буудай 179 гектарга, жаздык арпа 477,0 гектарга анын ичинен кайрак 148,0 га, сугат 329,0  га,  картошка 325,0 гектарга, 42,0 гектарга жашылча себилди.  Мындан тышкары  көп жылдык чөп 891,8 га,  2139,0 га көп жылдык мөмө-жемиш багы, питомник 5,0 га жайгашкан.

Жети-Өгүз районундагы үрөн өстүрүүчү чарбалардагы сатыктагы үрөндөрдүн көлөмү тууралуу  2024-жылга жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дотацияланган үрөндөрдүн баалары боюнча маалыматтар айылдык дыйкандарга билдирүү үчүн жиберилди.  Минералдык жер семирткичтер айылдын агроветаптекаларына  ишкерлер алып келип камсыздалды.

Күзгү оруп-жыйноо иштери боюнча: 2024-жылдын түшүмүн оруп-жыйноого байланыштуу айылдык штабдын курамы түзүлүп, 2024-жылдын түшүмү үчүн өстүрүлгөн дан эгиндерин оруп-жыюу боюнча план графиги бекитилди.

Күзгү талаачылык жумуштарынын  алдын ала божомолдоо  эсептерине ылайык, 2024-жылдын түшүмү  үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн  түзүмү  боюнча, жалпы айыл аймак боюнча  1023 гектар айдоо жер аянтына айыл  чарба өсүмдүктөрү  жайгаштырылган. Күздүк буудай 2024-жылдын түшүмүнө карата 24,0  гектарды  түзөт.  Жаздык буудай 179,0 гектарга, жаздык арпа 477,0 гектарга, картошка 325 гектарга, 42 гектарга жашылча себилген.  Мындан тышкары  көп жылдык чөп 891,8 гектарда жайгашкан.  2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен күзгү оруп-жыйноо иштеринин дээрлик 90 пайызы бүттү.

Күзгү оруп-жыйноо иштерине дан эгиндерин оруп жыюучу 7 комбайндан – 3, тоют жыйноочу 20 машинадан – 18, чөп таўгактагыч техникадан 16 катталса, анын – 13, тырмоо 25 катталса анын  ичинен – 14, картошка казгыч 14 катталса анын – 7си күзгү оруп-жыйноо өнөктүгүнө катышты. Кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү орточо эсеп менен гектарына 25-30 центнерди түздү. Ал эми учурда картошка жана жашылча жыйноо иштери кызуу  жүрүүдө.

Ирригациялык система ийгиликтин ачкычы

2024-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын өз убагында өткөрүү максатында Барскоон айыл аймагынын ирригациялык системасын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен белгиленген акча каражаты бөлүнгөн.  Бөлүнгөн акча каражаты ички чарба аралык каналдарды оўдоп түзөөгө толугу менен жумшалды.

2024-жылдын вегетациялык сугат мезгилине каналдарды даярдоо боюнча жалпы 25 км “Барскоон ” жана “Жаргылчак” ички чарба аралык каналдары, Тамга каналы 20 км, Тосор каналы 7,5 км  ашар жолу менен тазаланып, ал эми сугат суусу  март айынын биринчи декадасында кое берилди. Быйыл жаан-чачындуу жыл болгондуктан сугат суусуна болгон көйгөйлөр жаралган жок.

Калктын аялуу катмары көзөмөлдө

– Барскоон айыл аймагында айылдардын имамдары менен биргеликте үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулук, эрте никеге туруу сыяктуу терс көрүнүштөрдү алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Социалдык паспорттордун саны- 386. 125 адам жөлөк пул алат, 133 Баатыр эне бар жана 61 эне “Эне Даңкы” наамына ээ  болушкан. Тажик – Ооган окуясынын 25 жылдыгына карата Барскоон өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 30 000 сом бөлүнүп, 6 ардагерге ар бирине 5000 сом берилди. Апрель окуясынын катышуу-чуларына жана жаракат алгандарга 14 кишиге  5000 сом бөлүндү. 9-май Жеўиш майрамына 53 000 сом бөлүнүп, тыл катышуучуларына жана жесирлерге, согушта курман болгондордун балдарына белектер тапшырылды.

Чернобыль катышуучуларына 5000 сомдон 3 кишиге белек берилди. Энелер күнүндө майрамдык кечелер өткөрүлдү, апаларга белектер берилди. 1-июнь балдардын майрамында 8 тоголок жетимге жана 20 аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына белектер берилди. Жалпы жеткинчектерге балмуздактар таратылып, майрамдык концерт уюштурулду. 25-майда “Акыркы коңгуроо” салтанаты уюштурулуп, мугалимдерге Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар тапшырылды. 31-август күнүнө карата Маданият үйүндө концерт уюштурулуп, “Ардактуу атуулдар” жана эмгектин алдыўкылары сыйланды.

Маданият тармагындагы жакшы саамалыктар

– Маданият кызматкерлери аттестациядан өткөрүлдү.  21-сентябрь “Тил тагдыры – эл тагдыры” сценкасы №55 кесиптик лицейинин курсанттары менен аткарылды жана “Эл аралык музыка күнүнө” карата №55 кесиптик лицейи  “Музыка менин жан дүйнөм” кечесин өткөрдү. Китепканада тегерек столдор уюштурулуп, окурмандар менен баарлашуу өткөрүлүп жатат.

З.Сооронбаеванын 100 жылдыгына карата окурмандар менен маектешүү уюштурулуп библиографиялык баяндама өтүлдү. “Мен китеп окуганды жакшы көрөм” деген темада жайкы каникул убагында балдар үчүн жайкы лагерь уюштурулду. А.Токомбаевдин 120 жылдыгына карата адабий кече, библиографиялык баяндама өтүлүп, ырлар окулду.

Тамга айылдык китепканасында” Орус элинин улуу акыны А.С.Пушкин 225 жашта” темасына маек, китеп көргөзмө, библиографиялык баяндама болуп өттү.

Ошол эле Тамга айылдык китепканада жайкы лагерь “Башканы коюп, Манасты айт” темада жаш өспүрүмдөр арасында Манас айтуу, китептер менен таанышуу болду. Ошондой эле  китепканада үй-бүлөдө балдарды туура тарбиялоо темасында адабий китептер менен таанышуу, энелер менен маек болуп өттү. Китепканада ар кандай даталуу күндөргө байланыштуу иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Тосор айылында Тосор орто мектебинин  тегерегиндеги киши баса турган тротуар коюлуп бүттү.  Тосор айылында “Бугу эне” бала бакчасына кошумча 2 тайпа ачуу толук ишке ашып, 15-октябрдан баштап балдар кабыл алына баштайт.

Жергиликтүү бюджеттен каржыланган долбоорлор

Айыл аймагындагы бала бакчаларга ремонт иштерин жүргүзүү үчүн 205 000 сом бөлүндү. Барскоон айылындагы Т.Орунбаев атындагы бала бакчада 4 кошумча тайпа ачылып, балдарга 577 000 сомго шейшептер алынды. Тамга орто мектебине имараттарды алуу үчүн 200 000 сом бөлүндү. Тосор орто мектебин ремонттоо жана брусчатка төшөө үчүн 1 935 000 сом каражат бөлүнүп иштер жүрүп жатат. 435 000 сомго электр счетчиктери алынды. 444 000 сом каражатына айыл аймактарына жаўы көпүрөлөрдү орнотуу үчүн 400дм трубалар алынды. Ошондой эле газондорду иретке келтирүү үчүн 94 000 сомго чөп чапкыч сатылып алынды.

Тамга китепканасына 90 000 сомго кеўсе товарлары алынып берилди. Спорт иш-чараларына 1000 000 сом бөлүндү. Бодо малдарды эмдөөгө 320 000 сом бөлүнүп берилди. К. Чылабаев мектебине 60 000 сомго электр чубалгылары жаўыртылды. Барскоон, Тамга, Тосор айылдарына видеокөзөмөлгө  300 000 сом бөлүндү. Тосор орто мектебине кезектеги оўдоп-түзөөгө 100 000 сом жана Тамга , Тосор айылдарындагы көчөлөрдү  жарыктандыруу иштерине 287 000 сом сарпталды. Айыл өкмөтүнүн имаратына 100 000 сом бөлүнүп, ремонт толугу менен аяктады. Тамга айылындагы “Байчечекей” бала бакчасына идиш-аяк жана килемдерге 558 250 сом бөлүнүп берилди жана короосуна брусчатка 450 000 сомго төшөлдү.

Улуу Ата мекендик согуштун эстеликтерин оўдоп-түзөө жана жакшыртууга 80 000 сом бөлүнүп, иш толугу менен аяктады. Тосор айы-лындагы “Бугу эне” бала бакчасына керектүү эмеректерге 806 400 сом бөлүнүп, сатылып берилди. Тамга айылынын спорт залы 1 500 000 сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Айыл өкмөткө  750 000 сомго комбайн жана өзгөчө кырдаалдар үчүн   185 000 сомго боз үй сатылып алынды.

Барскоон айылындагы айыл ичиндеги көпүрөлөргө 250 000 сом бөлүнүп берилип иш толугу менен бүткөрүлдү. Барскоон айылындагы  “Жаштык” жаўы конушунун борбордук көчөсүнө 1,1 км жерге кум шагыл төгүлүп, 2,6 км жол түздөлдү.

Сырт өрөөнүндөгү  Кара Чуўкурдагы суу каптап кеткен үйлөрдүн жанына 100 м жерге селден коргоочу дамба курулду. Кара Чуўкур суусунун кыян алып кеткен көпүрөсү кайрадан оўдолду. Жайыт комитети менен биргеликте Сырт өрөөнүндөгү  Каракол айылынан 20 км Чет-Булак кыштоосуна чейинки 20 км жол оңдоп түздөлдү.

Тосор айылында ички жолдорду түздөөгө 256 000 сом каралып жолдор түздөлдү. Айыл өкмөтүнө 1 300 000 сомго «Мерседес-бенц» автоунаасы сатылып алынды. Тамга айылдык китепканага кеўсе жана чарбалык товарлар сатылып алынды. Э.Кендирбаев мектебине сактоочу имарат (контейнер) үчүн 250 000 сом бөлүндү.

Соцконтракттын жыйынтыгы жакшы

Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 296 токтомуна ылайык, Барскоон айыл өкмөтү боюнча социалдык контракт 2022-жылга – 8 үй-бүлө, 2023-жылга – 13 үй- бүлө 100 миң сомдон алган болсо, 2024-жылга – 30 үй-бүлө, мындан сырткары,   Дүйнөлүк банктан – 9 үй-бүлө акчалай каражат алышты.

Ар бир соцконтракттын катышуучулары, айыл аймактын соцкызматкерлери менен тыгыз кызматташып турушат жана Барскоон айыл аймагынын башчысы Алгабас Асанбаевдин тыкыр көзөмөлүндө. Эгерде, кандайдыр бир көйгөй жарала турган болсо, айыл аймактан юридикалык ж.б. жардамдар берилип турат.

Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар