Среда, 25 декабря, 2024
-14.9 C
Бишкек

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер көңүл борборунда

Баарыбызга белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрында кабыл алынган №675 токтомуна ылайык “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды таануу жөнүндө” жобо кабыл алынган.

Аталган жобо Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды таануу жөнүндө” мыйзамга ылайык, республиканын аймагында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жашаган жери боюнча медициналык-социалдык экспертизадан өткөрүүнү, аларды социалдык жактан коргоону жана реабилитациялык чараларды өткөрүүнү аныктайт.

Бул жобо боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген болуп медициналык-социалдык экспертизанын корутундусуна ылайык денесинен жаракат алып, өзүн-өзү дене түзүлүшү жактан камсыз кыла албаган, өзүнчө жүрө албаган, окуп же эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзө албаган жаран таанылат. Ошондуктан, ушул жобого ылайык 18 жаштан жогорку ар кандай оорулардан, денесинен жаракат алып же дефекттен улам майып болуп калган жарандарга 1,2,3-топтогу майыптык белгилөөнүн жол-жоболору жазылган. Бүгүнкү күндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди аныктоо жана аларга майыптык топторду белгилөө аймактык медициналык-социалдык экспертиза комиссиясы (МСЭК) тарабынан жүргүзүлүп келүүдө.

Ошондон улам Чүй облустук мамлекеттик администрациясы КРнын өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынган бул жобону облустун аймагында жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга тааныштыруу, түшүндүрүү боюнча иштерди кеңири жүргүзүп, оорусунан жана алган жаракатынан улам мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга майыптыгын аныктоого, ошондой эле аларды реабилитациялоого, социалдык жактан коргоого камкордуктарды көрүп, көңүл борборунан чыгарбай даректүү жардамдарын берип келүүдө.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунун аймактык медициналык-социалдык экспертизасынын төрайымы Чынара Уметованын жетекчилиги астында эксперт-терапевт дарыгери Салтанат Мырзаналиева, эксперт-хирург Джаманбек Токмамбетов, медайым Зарлык Когойбаева, медкаттоочу Салтанат Дүйшөбаева айына бир жолу ар бир райондун жарандарын кабыл алат. Алар Панфилов, Жайыл, Москва райондору жана Кара-Балта шаарынын жарандары менен тыгыз иш алып барууда, 2024-жылдын 2-сентябрынан баштап МСЭК документтерди электрондук вариант менен алууда.

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар