Борбор Азия элдеринин ичинен кыргыз, казак эли тили, дили, дини, каада-салты окшош, бир тууган эл.
Мына ушундай окшоштуктардан улам жана илгертен эки эл канатташ турмуш кечиришкендиктен кылымдар бою достук кызматташтык уланып келет. Албетте, илгертен келе жаткан мындай бир туугандык алаканы чыңдоодо кыргыз, казак ЖМК өкүлдөрүнүн салымы зор. Быйыл Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын президенттеринин басма сөз катчылары Асхат Алагозов жана Берик Уалинин демилгеси менен эки өлкөнүн журналисттер делегациялары тажрыйба алмашышты. Август айында казак туугандар Кыргызстанга келишсе, 11-13-октябрда кыргыз журналисттеринин тобу Астанада болуп кайтты.
Ай сайын эмес, апта сайын өзгөргөн Астана
Бишкектен кечке жуук учкан 25 журналист түнү Алматыга конуп, андан кайра Астанага баргандыктан эки шаардын тең түнкү кооздугуна күбө болдук. Бизди Астанадан Казакстан Президенти Касым-Жоомарт Токаевдин пресс-катчысынын орун басарлары Эльдар Бакпаев, Ержан Байтлес, Президенттин пресс-кызматынын инспектору Нурбек Бекен, “24КZ” телеканалынын директору Жасын Биркенов, Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Рустам Баялиев жана анын жардамчысы Гүлжан Байтана жана башка кесиптештер жылуу тосуп алышты.
Эртеси биз Казакстан Республикасынын президенттик телерадиокомплексине карай жол тарттык. Жол ката бизди коштогон гид айым Астана курулганга чейин ал жерде 1830-жылы түптөлгөн Акмалинск шаары болгондугуна токтолуп, шаарды Ишим дарыясы оң жана сол жээкке бөлүп турарын айтты. Гиддин айтымында, Казакстандын борборун Алматыдан Астанага көчүргөнгө чейин Ишим дарыясынын сол жагында эл жашаган эмес. 1997-жылы гана чет өлкөлүк архитекторлор чакырылып, заманбап технологиялардын жардамы менен саздак жерлер курулуш аймагына айландырылган. Ошондон кийин гана көз карандысыз Казакстандын символу болгон Астана курула баштаган. Астананын оң жагындагы эски имараттардын сырты жасалгаланып, советтик тарых сакталып калган.
Мындан сырткары жолдо биз Астананын алгачкы генералдык планын япониялык Кисё Курокава чийгенин жана шаарда спорттук, медициналык, административдик жана башка өңүттөгү микрорайондор бар экенин билдик. Шаарда кыш алты айга созулуп, кышкысын айрым учурларда суук 40 градуска чейин жетерин, жайкысын 40 градуска чейин ысыган учурлар болорун уктук. Ошентсе да Ишим дарыясынын шаарды экиге бөлүп турганы анын экологиясына жакшы таасир этери айтылды. Эң негизгиси Астана курулган аймак түзөңдүү, кенен жана ал жерде жер титирөөлөр дээрлик болбогондуктан борбор калаада курулуш иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатыптыр. Биз өзүбүз да курулуп жаткан имараттардын сырты, ичи заманбап стилде жасалгаланып, туруктуу жашоочулар, туристтер, келген коноктор үчүн өтө жагымдуу, ыйңгайлуу экенине күбө болдук. Бизди коштоп жүргөн кесиптештер Астана ай, күн сайын эмес, саат сайын өсүп жатканын айтып отурушту. Тагыраак айтканда, Астананын айланасындагы кырк чакырым диаметр аралыкта көп кабаттуу турак үйлөр, административдик имараттар, соода комплекстери, ар башка багыттагы курулуштар жүрүп жатканын көрдүк. 27 жылда Астана көчөлөрү кенен, абасы таза, бак-шактуу, 1 млн. 400 миңдей калкы бар, көргөндө көздү суктандырган бийик имараттары бар ажайып шаарга айланыптыр. Шаардагы эң бийик имарат 88 кабаттуу “Абу-Даби плаза” комплекси, анын бийиктиги 382 метр экен.
Дүйнө жүзү менен кызматташкан телерадиокомплекс
Ошентип биз Астананын кооздугуна суктанып отуруп Казакстан Президентинин телерадиокомплексине бардык. Телерадиокомплекстин өндүрүш маселелери боюнча директору Аскар Жалдинов мекеменин курамында “Жибек Жолу”, “Silk Way”, “Silk Way сinema” телеканалдары жана документалдык, ошондой эле кызыктуу долбоорлорду ишке ашырып турган Документалдык кино борбору бар экенин айтып берди. Андан сырткары ал бул жерде 105 жылдык тарыхы бар, дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык өнөктөштөр менен, анын ичинде Кыргызстандын “Кабар” маалыматтык агенттиги менен да тыгыз кызматташкан эл аралык маалыматтык “Казинформ” агенттиги жайгашканын билдирди. Аталган агенттиктин Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия, АКШ, Англия, Европа, Кытай, Россия боюнча корреспонденттик тармагы иш жүргүзөт экен.
Аталган үч телеканалдын директору Еркежан Кунтуган түзүлгөнүнө эки жыл болгон “Жибек Жолу” телеканалында бардык казакстандык телекөрүүчүлөр үчүн ар түрдүү көрсөтүүлөр даярдаларына токтолду. Буга улай ал “Silk Way” телеканалында 118 өлкөнүн телеберүүлөрү казак, кыргыз, өзбек, орус, түрк, англис тилдеринде көрсөтүлөрүн кошумчалады. “Бул телеканалда Казакстан эле эмес, Борбор Азия боюнча көрсөтүүлөр көп болгондуктан ушул телеканалда интеграция чоң. Телеканалдын негизги бөлүгү жаңылык блогу болгондуктан күнүнө 4 жолу жаңылыктарды берип турабыз. Бул каналга быйыл 22 жыл болот. Ал эми “Silk Way сinema” эл аралык каналын бир жыл мурун ачтык. Бул канал аркылуу биз бардык атамекендик фильмдерди, кийинки казак телеканалдар тарткан кинотасмаларды, казак сериалдарын дүйнө жүзүнө көргөзүп жатабыз. Кыскасы, биздин эки телеканал азыр дүйнөнүн бардык континентинде көрсөтүлүп жатат. Жогоруда айтканымдай, “Silk Way” телеканалында кыргыз редакциясы да бар”, – дейт Еркежан Кунтуган.
Документалдык кино борборунун жетекчиси Акылбек Шальжанов борбордун негизги максаты өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаевдин ички жана сырткы иш-чаралары тууралуу даректүү тасмаларды тартуу экенин билдирди. “Президенттин даректүү фильмдеринен бөлөк биз өзөктүү темаларга байланыштуу да даректүү тасмаларды тартабыз. Максатыбыз элге негизги окуяны эч өзгөртүүсүз жеткирүү. Учурда 30 чакты телеканалдан биздин тасмалар көрсөтүлөт жана негизги окуя тууралуу даректүү фильмдерди кыска мөөнөттө, алты тилде даярдап берүүгө тырышабыз. Ошол себептен чет өлкөлүк телеканалдар да биздин продукцияларды колдонушат”, – дейт ал. Ал эми телерадиокомплекстин продукцияларын соцтармактарга жайылтуу долбоорунун жетекчиси Айдос Маруандын айтымында, бүгүнкү күндө мекеменин бардык социалдык тармактары боюнча катталуу-чулары 2,5 миллионго жетиптир. “А биздин телеканалдардын видеолорун көрүүчүлөрдүн жалпы саны азыр 350 миллион адамдан ашат. Ошентип биз азыр локалдык рыноктогу ири оюнчулардын 30 пайыздык көрсөткүчүнө жетишип, президентибиздин саясий брендин колдоп жатабыз”, – дейт ал.
“Казинформ” маалымат агенттигинин жетекчиси агенттиктин продукцияларын көрүүчүлөр боюнча Кыргызстан Россия, Өзбекстандан кийинки орунда турарын кошумчалады.
Бүтүндөй казак тарыхынкамтыган борбор
Президентке караштуу телерадиокомплекстен чыккан соң бизди казак туугандар “Казакстан Президент ортолугунун борбору” музейине алып барышты. Борбордун биринчи кабатында казак мамлекетинин түптөлүү мезгилинен азыркы мезгилге чейинки тарыхын чагылдырган тогуз залдан турган музей бар экен. Экинчи кабатында болсо ар түрдүү иш-чаралар өтө турган эки миң кишилик мультифункционалдык зал орун алыптыр. Бизди тосуп алган гид айым музейде балдарды өнүктүрүү борбору, акимчилик кеңселери, коворкинг, окуу залдары бар экенин айтып берди. Андан соң биз гид айым менен биргеликте казак тарыхы камтылган, заманбап технологиялар менен жабдылган тогуз залды ирети менен кыдырып чыктык. Гид айым залдардагы ар бир көргөзмөгө түшүндүрмө берип жатты. Биринчи залдан биз 1554-1562-жылдарга таандык делген казак мамлекетинин картасын көрдүк. Кийинки залдардан биз Казакстандын көчмөн доорундагы тарыхый буюмдарын, ошол мезгилдердеги казак хандарынын мөөрлөрүн, күмүш кемерлерин кезиктирдик. Ошондой эле башка залда “Алашорданын” түптөлүшүнө салым кошкон казак чыгаандары, “Алаш” көтөрүлүшү жөнүндө материалдар коюлуптур. Ага удаа эле кийинки залда Казакстандын СССР курамындагы мезгили алаканга салгандай сонун көрсөтүлүптүр.
Дагы бир залда Казакстандын эгемендүү мамлекет болгондогу орчундуу окуялары, алгачкы Президент Нурсултан Назарбаевге тиешелүү документтер, анын президенттик күбөлүгү, ошол кездеги элге кайрылуусу сакталыптыр. Андан ары Казакстандын кийинки өнүгүү тарыхына тиешелүү тарыхый буюмдар, китептер, документтер, өлкө президенттери Нурсултан Назарбаев менен Касым-Жоомарт Токаевдин башка мамлекеттерден алган сыйлыктары, маанилүү келишимдер ирети менен башка залдарга жайгаштырылыптыр. Айрым залдарда Казакстандын маданиятына, спортуна, экономикасына, адабиятына жана башка тармактарына салым кошкон чыгаан инсандар тууралуу маалыматтар, көргөзмөлөр да бар экен. Баарынан кызыгы, бул тогуз залдагы маалыматтардын аудиосун, видеосун каалоо-чулар QR код аркылуу көчүрүп алышса да болот экен. Мунун баарын көрүп чыккан соң казак туугандардын тарыхты, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарды жогору баалашарын түшүнүп, Бишкекте да ушундай президенттик борбор болсо деген ниет менен сыртка чыктык.
(Уландысы кийинки санда)