2024-жылдын 18-октябрында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана райондук мамлекеттик администрацияларынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын, билим берүү мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жыйын өтүп жатат.
Жыйынды Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров алып барып, тилдин маанилүүлүгүнө токтолуп, тилдин өнүктүрүү биздин парзыбыз экендигин белгилеп өттү.
Андан кийин Баткен облусунда Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы жөнүндө өкүлчүлүктүн социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кызжибек Тагаева кеңири маалымат берди.
Ал эми Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил саясаты» жөнүндө кеңири баяндама жасады.
Ошого удаа эле төрага Мелис Мураталиев Баткен облусунда мамлекеттин тилдин өнүгүшүнө өз салымын кошкон бир катар кызматкерлерге Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө төрага Мелис Мураталиев Баткен мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери менен жолугуп, семинар-кеңешме өткөрдү. Анда «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышында кеңири баяндама жасады.