Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Президент футбол боюнча Кыргызстандын курама командалары үчүн окуу-машыгуу базасын ачты

Президент Садыр Жапаров жана Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа Чүй облусунун Орок айылында футбол боюнча Кыргызстандын курама командалары үчүн “Мурас Юнайтед” машыгуу базасынын ачылыш аземине катышты.

3,5 гектар аянтта жайгашкан жаңы база Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларын даярдоого ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. Ал бардык эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүмдү камтыйт.

Базанын негизги объектиси – бул жалпы аянты 10 356 чарчы метр болгон мейманкана комплекси менен 6 кабаттуу имарат. Анда командалар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, СПА-зонасы, ашкана, фитнес-залы, офис жайлар, мейманкана, тактикалык класстар, эс алуу зоналары, ошондой эле иш-чараларды өткөрүү үчүн ресторан каралган.

Базанын спорттук комплексинин аймагында жасалма чөп менен капталган эки кичи футбол талаалары жана 420 орундуу трибуналардан турган негизги гибриддик футбол талаасы (68 х 105 м) да бар. Ал эми аба-таяныч курулмасы менен жабык футбол талаасы (75 х 115 м) да комплекстин аймагында орун алган.

“Бул эки объектиде тең бардык футболчулар үчүн жооптуу мелдештерге жана беттештерге толук жана натыйжалуу даярдана турган бардык шарттар түзүү максаты коюлган. Анын ичинде футбол оюн талаалары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, спорттук комплекс, мейманкана комплекси, кафетерий жана башка шарттар каралган”, — деди Садыр Жапаров

Президент өлкөнүн экономикасы, жарандардын бакубаттуулугу алдыга жылып жатканын белгиледи. Анын ичинде дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Ал футбол – спорттун эң популярдуу түрү катары Кыргызстанда активдүү өнүгүп жатканын кошумчалады.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар