2024-жыл «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы үчүн маанилүү жыл болуп саналат. Анткени быйыл Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленди. Балким, дүйнөлүк тарых үчүн бул бир көз ирмем болсо керек, ал эми «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы үчүн бул өнөр жайдын калыптануу жана өнүгүү жылдары. Бир кылымдын ичинде темир жолдо жана анын үзгүлтүксүз иштешине катышкан ишканаларда көптөгөн адамдар эмгектенген. Темир жол көп сандаган адистиктерди жана багыттарды бириктирет.
Бүгүнкү күндө Кыргыз темир жолу ички жана эл аралык жүк жана жүргүнчү ташууларды аткарат. Бул транспорттук артериянын курулуш материалдары, көмүр, цемент жана мунай продуктылары сыяктуу көлөмдүү жүктөрдү ташууда башка альтернативасы жок. Жыл сайын ишкана 300000ден ашуун жүргүнчү, ошондой эле дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүнө жүк ташыйт.
Кыргыз темир жолунун ишмердүүлүгүндө жүргүнчүлөрдү ташуунун ролун да баалабай коюуга болбойт. Жыл сайын миңдеген жарандар өлкөнүн ичинде жана сыртында жүрүү үчүн темир жол кызматынан пайдаланышат. Темир жол транспорту көптөгөн тургундар үчүн, айрыкча алыскы аймактарда жашагандар үчүн саякаттоонун эң арзан жана ыңгайлуу жолу. Жүргүнчүлөрдү ташуу эл аралык жана ички республикалык каттамдарда да ишке ашырылат.
Эл аралык каттамдарда Бишкек – Самара – Бишкек, Бишкек – Казань – Бишкек, Бишкек – Новосибирск – Бишкек каттамы бар. Декабрь айында Бишкек – Москва каттамы жанданат. Республика ичиндеги жүргүнчүлөр каттамында төмөнкү каттамдар
жүрөт:
– Бишкек – Токмок – күндө;
– Бишкек – Кайыңды – күндө;
– Бишкек – Балыкчы жайкы мезгилде (июнь-июль – дем алыш күндөрү, август – күн сайын).
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун “Туризмди өнүктүрүү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун ыңгайлуулугун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында «Кыргыз темир жолу» УК» МИнын демилгеси менен Бишкек – Рыбачье маршруту боюнча 2022-жылы «Люкс» категориясындагы жүргүнчүлөр вагону, андан кийин 2023-жылы «VIP», 2024-жылы «VIP» жана «Премиум»
категориясындагы жүргүнчү вагондору ишке киргизилген. Бул жаңылануулар жүргүнчүлөрдүн – жергиликтүү жана чет элдик коноктордун суроо-талабына жооп берди. Жаңыланган вагондор панорамалык терезелер, кыш-жай кондиционери, ыңгайлуу жумшак отургучтар, аудио, видеосистема, улуттук стилде жасалгаланганы көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Бул вагон коопсуздук талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан, кузовунун конструкциялык бөлүгү чоң көрүү радиусу менен панорамалык терезелерди орнотууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, тамак-аш жана суусундуктарды алса болот. Ошондой эле, туризмди өнүктүрүүнүн алкагында Германиянын жана Англиянын туристтик компанияларынын өтүнүчү боюнча туристтик поезд келүүдө.
Кыргызстан өзүнүн пайдалуу географиялык жайгашуусунун аркасында Жибек Жолунун экономикалык алкагынын мультимодалдык каттамдарында транзиттик пункт функцияларын аткаруу үчүн олуттуу потенциалга ээ – Чыгыштан Батышка жана артка карай транзиттик жолдордун кесилишинде турат. Бул потенциал ар кандай долбоорлордо ишке ашырыла баштады. Мисалы, мындай долбоорлордун биринин алкагында Кытайдан Кыргызстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга жана андан ары Афганистанга (ККУА) жүк салынган контейнерлерди ташуу ийгиликтүү уюштурулган. «Азия-Тынч океан өлкөлөрү (АТР) – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Түркия – Европа» мультимодалдык коридорун өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул коридор алты өлкөнүн темир жол администрациясынын башчылары кол койгон келишимге негизделген жана эл аралык транспорт системасына интеграциянын маанилүү элементи болуп саналат. Мындан тышкары, эл аралык контейнердик темир жол коридорлорун өнүктүрүү алкагында Иран Ислам Республикасына жана андан чыгуу багытында Иран – Түркмөнстан – Өзбекстан – Кыргызстан багыты боюнча пилоттук контейнердик поездди ишке киргизүү маселеси иштелип чыгууда. Ушундай эле иштер Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Иран – Түркия мультимодалдык коридору боюнча жүргүзүлүүдө.
2021-жылы жаңы башкаруу командасынын жетекчиликке келиши — ишкананын өнүгүшүнө чоң түрткү болду. Акыркы эки жылда эле компанияны капиталдаштыруу дээрлик жети эсеге өстү, Республикалык бюджеттин, өнөктөш компаниялардын, темир жол администрацияларынын алдындагы карыздары жоюлду.
Жаңы команданын негизги басымы темир жол инфраструктурасын модернизациялоого, кыймылдуу курамды жаңыртууга жана финансылык каражаттарды үнөмдөөгө алып келген технологиялык процесстерди оптималдаштырууга багытталган. Компаниянын кирешелүүлүгүнүн аркасында эмгек акыны жогорулатуу мүмкүн болду, мында 30дан ашык өндүрүштүк атайын техника, 100 жаңы жүк ташуучу вагон сатып алынды, 40 километрден ашык темир жол жаңыртылды, бул поезддердин кыймылынын ылдамдыгын олуттуу тездетти. Ошондой эле 32 объект капиталдык оңдоодон өтүп, 2 миң гектардан ашык жер тилкеси баланска киргизилген.
Ички темир жол тармагын өнүктүрүүнүн алкагында компания төмөнкү долбоорлорду куруу боюнча иштерди жүргүзүүдө:
– Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан;
– Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал, жалпысынан Балыкчы – Кочкор темир жолунун 40 чакырымы курулду.
Аппараттык-программалык комплексин модернизациялоо, заманбап технологияларды жана программалык-техникалык комплекстерди колдонуу менен жүк ташууларды башкаруунун жаңы автоматташтырылган системасына өтүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Санариптештирүүнүн алкагында ишкана биринчи жолу ички республика каттамындагы жүргүнчү поезддеринде билеттерди сатып алуу үчүн мобилдик тиркемени жана веб-сайтын ишке киргизди.
Эми Бишкек-2 – Балыкчы, Бишкек-1 – Токмок, Бишкек-2 – Кайыңды ички республикалык поезддерге билеттерди https://ticket.railway.kg веб-сайтынан railway.kg мобилдик тиркемесинен онлайн сатып алууга болот.
Вера БЕДЕЛБЕК,
«Кыргыз Туусу»