Суббота, 28 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Ак илбирс – кайраттуулуктун жана чыдамкайлуулуктун символу

Тышкы иштер министрлиги Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программа (GSLEP) менен биргеликте 23-октябрды Эл аралык ак илбирс күнү деп жарыялангандыгына байланыштуу салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Бул маанилүү демилге Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясында кабыл алынган резолюциясы менен бекемделген.

Кыргызстанда ак илбирс өлкөнүн улуттук символу катары таанылган. Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-декабрында кол койгон. Мамлекет башчысы белгилегендей, байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс улуулукту, асылдыкты, кайраттуулукту жана чыдамкайлыкты чагылдырат. Ал эми, уламыштар айткандай ак илбирс улуу Манас атабыздын тотемдик жаныбары болгон, жана улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун соңку “Тоолор кулаганда” романында даана сүрөттөлгөн.

Ак илбирстин эл аралык күнүн жарыялоого арналган салтанаттуу иш-чарада дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү, глобалдык жылуулук, мөңгүлөрдүн эриши жана табигый кырсыктар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу пайдалануу үчүн чечкиндүү чараларды жана биргелешкен аракеттерди талап кылары белгиленди. Резолюция долбоору Бутан, Кытай, Индия, Казакстан, Монголия, Непал, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Ак илбирс байырлаган өлкөлөрдүн атынан сунушталган. Резолюциянын тең-демөөрчүсү катары 61 өлкө кирген. Резолюциянын башкы максаты – 23-октябрды эл аралык Ак илбирс күнү деп жарыялоо болгон.

«Ак илбирс тоо экосистемасынын жана Азиянын тоолуу элинин маданий тарыхынын ажырагыс бөлүгү. Ак илбирстин эл аралык күнү – айлана-чөйрөнүн жана экосистеманын учурдагы абалына жооп болуп саналат. Ак илбирстер дүйнөнүн суу мунаралары деп эсептелген Азиянын бийик тоолорунда кездешет. Бул тоолор дүйнө калкынын 60% га чейин суу менен камсыз кылуу жана көптөгөн экосистемалык кызматтарды көрсөтүү менен адамзаттын жыргалчылыгы үчүн аймактык жана глобалдык мааниге ээ», – деди Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев.

Кабыл алынган резолюция бардык мүчө мамлекеттерди, БУУнун системасына кирген мекемелерди, эл аралык жана региондук уюмдарды, бейөкмөт уюмдарды, жарандык коомду, жеке секторду жана бардык кызыкдар тараптарды Эл аралык күндү жыл сайын белгилөөгө чакырат.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар