Суббота, 28 декабря, 2024
-7.9 C
Бишкек

Учак кырсыгына кабылган бир кыргызстандыктын абалы оор деп бааланды

Казакстандын Мангыстау облусундагы учак кырсыгына кабылган үч кыргызстандыктын бирөөсүн өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппаратына жаткырылат. Ал эми экөөнүн абалы жакшы экенин, өмүрүнө корунуч жоктугун медициналык кызматкерлердин маалыматына таянып, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткыруу чечими азербайжандык, орусиялык жана казакстандык дарыгерлердин өткөргөн консилиумда кабыл алынган.

“Анын абалы оор деп бааланууда. Медициналык адистердин сунушуна ылайык, ага кандайдыр бир хирургиялык процесстерди баштоо мүмкүнчүлүгү анын абалы турукташкандан кийин гана каралат”, — деп жазылган билдирүүдө.

28-декабрда кырсыкта жабыркаган кыргызстандыктардын жакындарын Казакстанга алып баруу пландалып жатканы маалымдалды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар