Өз учурунда гениалдуу чыгармалары менен бүткүл адамзатка терең таасир калтырып, атагы дүйнөгө таанымал болгон улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов көзүнүн тирүүсүндө окуу жайыбыздын маданий кеңешчиси катары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Университеттин иш-чараларынын биринде улуу жазуучунун: “Ээнсиреген бош жерде Кыргыз-Түрк “Манас” университети куруларын, имараттар салынып, анда миңдеген жаштарыбыз дүйнөлүк деңгээлде билим алып, XXI кылымга руханий жана илимий салым кошот деп ким ойлоптур… Бул – тарыхтын бизге берген мүмкүнчүлүгү,” – деп айтканы бар.
Коомчулуктун купулуна толуп, бийик максат көздөгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университети өзүнө ишеним арткандардын үмүтүн актады, түрк элдеринин сыймыгы болуп, кубанычка бөлөдү. Түркстан регионунун мыкты жаштарын жогорку сапаттагы кесипкөй адис кылып тарбиялаган тандамал окуу жай катары түрк элдеринин башын бириктирген түндүккө айланды. Айрыкча акыркы жылдары жетишкен жогорку ийгиликтеринин натыйжасында эл аралык рейтингдерде алдыңкы орундарга ээ болду.
Эл аралык аренада жогорку жетишкендиктер
Кыргыз-Түрк “Манас” университети бүгүн: дүйнөдөгү университеттердин QS рейтингинде үч жыл катары менен алдыңкы 1000 университеттин катарына кирген;
QS рейтингинде “4 жылдыздуу университет” статусуна ээ болгон;
QS рейтингинде Азия университеттеринин арасында 230, ал эми Орто Азия университеттеринин арасында 10-орунга чыккан;
экологиялык туруктуулук, коомдук жоопкерчилик, башкаруудагы жогорку сапат боюнча QS рейтингиндеэкологияга жана коомдун туруктуу өнүгүшүнө салым кошкон алдыңкы университеттердин тизмесинде орун алган; QS рейтингинде заманбап тилдерди үйрөтүү боюнча алдыңкы окуу жайлардын катарына кирген;
дүйнө университеттеринин Times Higher Education рейтингинде алдыңкы университеттердин арасында татыктуу орунга жетишкен жана жергиликтүү жогорку окуу жайлардын арасынан эл аралык платформаларда Кыргызстандын атын чыгарып, чоң ийгилик жараткан алгачкы университет болуп саналат.
Дүйнөлүк марка болуу максатына карай сапар
Түркия Республикасынын Президенти урматтуу Режеп Тайип Эрдоган менен Кыргыз Республикасынын Президенти урматтуу Садыр Жапаров тарабынан колдоо таап, эки боордош мамлекет тарабынан түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон Кыргыз-Түрк “Манас” университети түрк дүйнөсү тарабынан көрсөтүлгөн чоң ишенимди актоо үчүн жоопкерчилик менен эмгектенип, өмүрүн түрк дүйнөсүнө кызмат кылууга арнаган, Түркстан аймагын жакшы таа-нып, байыркы тарых жана археология тармагында эмгектенген тарых илимдеринин доктору, профессор Алпаслан Жейландын жетекчилиги астында дүйнөлүк маркага айлануу максатына жетүү үчүн жигердүү иш алып барууда.
Окуу жайдагы жогорку жетишкендиктер
Айрыкча акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз-Түрк “Манас” университети чоң жетишкендиктерге жетишип, натыйжада:
иш процессинин бардык тармактарын сапаттык стандарттарга ылайык кайрадан жаңылап, көз карандысыз уюмдардын сертификаттарына ээ болду; жогорку билим берүү программасы дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтырылды;
санариптештирүү ишин жыйынтыктады; бардык тармактар боюнча толук жабдылган лабораторияларды курду; заманбап студиялар менен телекөрсөтүү жана радиоуктуруулардын Кыргызстандын бардык аймагына жеткиликтүүлүгүн камсыздады;
жаңы академиялык түзүмдөрдү ачты; кампустагы (студенттик шаарчадагы) техникалык, технологиялык жана физикалык инфратүзүм жаңыланып, өнүктүрүлдү. Муну менен бирге коомдук кызмат көрсөтүүгө багытталган жаңы имарат жана атайын жайлар курулуп, устакана, тажрыйба жүргүзүү жана “Манас” маркасы менен продукция өндүрүүчү тутумдар, артезиан кудугу, жашылча-жемиш бакчалары, тротуар, окуу залдары ишке киргизилип, жарыктандыруу системасы жолго коюлду.
Жардам колун сунуу
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин максаты жалаң гана жогорку билим берүү эмес. Университет бардык мүмкүнчүлүктөрү жана ишмердүүлүгү менен Кыргызстанга, ошондой эле бүткүл түрк дүйнөсүнө социалдык кызматтарды көрсөтүүнү көздөйт.Ушул себептен улам университеттин урааны да бекеринен “Университеттен да артык” деп аталбайт.
Окуу жайыбызда коомдук жоопкерчилик түшүнүгүнө ылайык, көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мунун бир айкын мисалы – “Манас” университетинин атынан айылдарга жана мектептерге баруу” долбоору. Бул иш-чаранын алкагында университеттин академиялык жана административдик түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн турган топ айылдарга барып, ал жердеги мектептерде жергиликтүү тургундар менен жолугушат. Бул жөн гана жолугушуу болбой, алардын көйгөйлөрүн угууга, андан соң аларды чечүүнүн үстүндө иштөөгө багытталган.
Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү күнү-түнү акысыз алуу
Ар бир студент медициналык жабдуулар менен жабдылган, тажрыйбалуу дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер иштеген ден соолук борборунда жумасына 7 күн, суткасына 24 саат бою акысыз медициналык ка-роодон өтүп, дарылана алат.
Орус, кытай жана батыш тилдерин үйрөнүү
Иш берүүчүлөр жумушка алууда көп тилдерди билгендигине байланыштуу “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык көрсөтүшөт. Ар бир студент университеттин окутуу тилдери болгон түркчөдөн жана кыргызчадан тышкары каалаган орус, кытай жана батыш тилдерин үйрөнө алат.
Чет өлкөдө стажировкадан өтүү
Студенттер окуудагы жетишкендиктерине жараша Түркияда, ошондой эле башка чет өлкөлөрдө белгилүү мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда стажировкадан өтүү мүмкүнчү-лүгүнө ээ.
ЖОЖдон кийинки билим алуу
“Манас” университетинде бакалавр программасын аяктагандан кийин тандаган тармак боюнча адис болуу, академиялык карьераны жасоо же изилдөөчү катары илимге салым кошуу үчүн ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларында окуй алат.
Салтыбызды сактоо менен бийик максаттарга жетүү
“Манас” университетинин идеясы боюнча, студент билим алып жаткан учурда гана эмес, окуусун бүтүргөндөн кийин да “Манас үй-бүлөсүнүн” мүчөсү болуп кала берет. “Манас үй-бүлөсүнүн” мүчөсү болуу – Манас атабыздын жана адамзаттын бактылуу жашоосу үчүн көптөгөн цивилизацияларды түптөгөн ата-бабаларыбыздын жолун улоо, маңкурт болуп калбоо. “Манастын” бүтүрүүчүлөрү түпкү тамырын унутпастан, замандын талабына ылайык, сыймыктанарлык жана эң мыкты сапаттарга ээ болуу менен университеттин атын дүйнөгө таанытып жатышат.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин эшиги ар дайым алдыга максат койгон, ийгиликке жетүүнү көздөгөн, өзүнө, үй-бүлөсүнө, Мекенине жана элине пайдалуу болуу ураанын карманган, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн келечеги үчүн кызмат кылууну жана лидер болууну максат кылган бардык адептүү жана ак ниет жаштарга ачык.
Жыпара ЖЭЭНАЛИЕВА,
“Кыргыз Туусу”