Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Швейцария өлкөсүнөн Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазердин жолугушуусу болду.
Вашингтондогу жолугушууда тараптар Камбар-Ата ГЭС-1 курулушун каржылоо жана бюджеттик пландоо маселелерине басым жасоо менен Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган негизги долбоорлорду талкуулашты.
Адылбек Касымалиев Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун Борбор Азиядагы энергетикалык коопсуздукту жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн кыймылдаткычы катары маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстанды таза жана арзан энергия менен гана камсыз кылбастан, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономикалык өсүштү стимулдаштырууга жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет”, — деди ал.
Беатрис Мазер Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго, анын ичинде Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Ал бул долбоордун Кыргызстан үчүн да, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү үчүн да маанисин белгилеп, анын аймактык энергетикалык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоо потенциалын белгиледи.
Мындан сырткары, Кыргызстандагы учурдагы экономикалык абалы, мамлекеттик башкарууда реформаларды ишке ашыруу, ошондой эле жашыл жана инклюзивдик өсүштү колдоо стратегиялары талкууланды.