whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.03.2025
2.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКочкордо кинотеатрдын 21,4 млн сомдук жери мамлекеттин менчигине алынды

Кочкордо кинотеатрдын 21,4 млн сомдук жери мамлекеттин менчигине алынды

Кочкор районунда кинотеатрдын 21,4 млн сомго бааланган жер участогу мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик, жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кочкор филиалында текшерүү жүргүзүлдү.

Алсак, 1967-жылы Кочкор айылында 400 орундуу кинотеатр куруу үчүн 0,7 га жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок, жер тилке баштапкы максаты боюнча пайдаланылбай, 0,5974 га бөлүгү жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан бөлүнүп алынган.

Нарын областынын административдик сотунун 2024-жылдын 10-июлундагы чечиминин негизинде, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 0,5974 га жер тилкесин кайтарып берүү жөнүндө доо арызы канааттандырылып, Кочкор айылдык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы токтому жана Кочкор айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы буйругу жараксыз деп табылган.

Бирок ага карабастан, Жер ресурстары, Кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Кочкор филиалы тарабынан мамлекеттик менчик укугун каттоо жүргүзүлбөгөндүгү аныкталган.

Бул боюнча Кочкор районунун прокуратурасы тарабынан жогоруда аталган агенттикке укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө талап келтирилип, кинотеатрдын 0,5974 га жер участогу 21 млн 477 миң 724 сомго бааланып, мамлекеттин менчигине алынды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар