4-6-ноябрда Москва шаарында адамзаттын келечеги жана ага таасир этүүчү тенденциялар жөнүндө баяндамалар талкууланып, илимде жаңы чектерди жана көп полярдуу дүйнөнүн тарыхында жаңы барактарды ачкан симпозиум болуп өтөт. https://future.russia.ru/partners
Симпозиум — дүйнөнүн келечеги тууралуу ар тараптуу диалог үчүн аянтча. Болуп өтө турган иш-чара Россия Федерациясы тарабынан демилгеленип, ага мамлекеттик мекемелердин жана бизнес өкүлдөрү, илимпоздор жана инженерлер, футурологдор жана синоптиктер, коомдук ишмерлер жана БРИКС, ШКУ, КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл тармактарынын өкүлдөрү жана көп полярдуу дүйнө идеясын колдогон башка чет мамлекеттердин өкүлдөрү чакырылган.
Бүгүнкү күндө технология тездик менен өзгөрүүдө. Маалыматтарды жайылтуунун жана контентти даярдоонун жаңы жолдору пайда болууда. Жаңы медианын көрүүчүлөрү жана актерлору жаңы технологиялар менен таанышууга дайыма эле убакыт таба беришпейт.
Окумуштуулар жана жаңы медиа өкүлдөрү жаңы инструменттерди жана кызматтарды, баланстык моделдерди иштеп чыгуу үчүн биргелешип иштей алышат. Алардын жардамы менен мазмундун актуалдуулугун, баалуулугун аудиторияда талдоо мүмкүнчүлүгү жаралат.
Келечек адамзатты ар дайым кызыктырып келген: горизонттун сыртында эмне бар, кандай тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр күтүп турат, аны кантип алдын ала айтууга боло тургандыгы жөнүндө илимпоздор саясатчылар, демографтар, социологдор, ишкерлер, инженерлер, футурологдор тенденцияларды талдап, натыйжаларды, сценарийлерди жана процесстерди моделдешет, футурологиялык прогноз жасашат.
Симпозиумга бир катар өлкөлөрдөн келген өкүлдөр жаңы долбоорлорунун жыйынтыктарын тартуулашып, алардын келечегин талкуулашат. Ал эми эксперттер көп полярдуулуктун жана башка глобалдык мегатренддердин таасири жөнүндө сөз кылышат; Глобалдык Түндүк жана Глобалдык Түштүктүн универсалдуу жана уникалдуу проблемалары жөнүндө; технологиялык болжолдоо жана технологиянын келечеги жөнүндө. Алар ошондой эле технодүйнөдөгү адамдык борбордун тагдырын жана келечекти ким жана кантип түзөөрүн талкуулашат.
Вера БЕДЕЛБЕК «Кыргыз Туусу»