Австриянын Вена шаарында эки тараптуу экономикалык байланыштар боюнча кыргыз-австрия аралаш комиссиясынын 9-жыйыны өттү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын делегациясын финансы министринин орун басары Руслан Татиков, экинчи тараптын деллегациясын Австриянын Федералдык эмгек жана Экономика министрлигинин экономикалык иштер, инновациялар жана эл аралык саясат боюнча башкы директору Флориан Фраушер жетектеди.
Кайра жаралуучу энергия, соода, инфраструктура, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба жаатында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду. Р.Тактиков австриялык инвесторлорду активдүү катышууга чакырып, президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттер жөнүндө айтып берди.
Финансы министринин орун басары ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын жетишкендиктерин, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Кытай – Кыргызстан –Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду белгилеп, австриялык компанияларды бул демилгелерге катышууга чакырды.
Финансы министринин орун басары Татиков австриялык кесиптешине ыраазычылык билдирип, кийинки жыйынды Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.