whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.12.2025
4.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө талкууланды

Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө талкууланды

Австриянын Вена шаарында Кыргызстандын финансы министринин орун басары Руслан Татиков Австриянын Федералдык финансы министрлигинин башкы директорунун орун басары Йоханн Кинаст менен жолугушту.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап экономикалык кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү талкуулашты.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиков австриялык инвесторлорду энергетика, курулуш жана инфраструктура тармактарына тартуунун маанилүүлүгүн жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн жаңы горизонтторду ачаарын, ошондой эле Кыргызстан экономиканын бардык тармактарында кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Австриянын экологиялык бюджеттөө жаатындагы тажрыйбасы да талкууланып, ал туруктуу өнүгүүгө жетүү үчүн манилүү экендигин белгиледи. Финансы министринин орун басары Австриянын экологиялык бюджеттөө тажрыйбасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, изилдөөгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн мындан аркы кадамдар тууралуу макулдашууга жетишишти.

Гезит

Эдил БАЙСАЛОВ: “Демократия – артыкчылыктуу элита үчүн эмес, эл үчүн”

Кыргызстан – ачык, динамикалуу жана оптимизмге толгон жаш, заманбап мамлекет. Ондогон жылдар бою ал Борбордук Азиянын "демократия аралы" деп аталып келген. Бирок, жакында Бишкектеги...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар