УКМК тарабынан «Оберон-Дордой», «Оберон-Орто-Сай» базарларынын ээлеген жер тилкелери мамлекеттин энчисине кайтарылды. Атайын кызматтын билдиргенине караганда, Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө «Оберон» ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактылары аныкталган.
Көрсө, «Оберон» ЖЧКнын ээлери 1998-жылы аталган жер участокторун убактылуу пайдаланууга алышкан да, кийин тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аты аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан.
Кылмыш иштин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо жөнөтүлүп, административдик жана шаардык сот тарабынан сөз болгон базарлар мэриянын менчигине өткөрүлүп берилди. Эми базарлардын ижарасынан түшкөн киреше борбор калаанын бюджетине түшө баштайт.
Баса, учурда кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча иш чаралар жүргүзүлүп жатат, демек, жакынкы арада юридикалык баа берилет дегенге негиз бар.
Бул окуялардан кийин «Оберон» ЖЧКнын уюштуруучусу Н.Байболова жана экс-депутат К.Байболов социалдык түйүндөрдөгү фейсбук баракчалары аркылуу жер тилкелерин мыйзамдуу алгандыгы жана салыктарды өз убагында төлөп келгендиги тууралуу актанууга аракет жасашты. Албетте, аларды да түшүнсө болот, кызылдай түшүп жаткан киреше колдон чыгып кетип жаткандыгына ичтери ачышып жатат.
Эске салсак, акыркы мезгилде мамлекетке кайтарылган базарлар жалгыз эле «Оберон-Дордой», «Оберон-Орто-Сай» базарлары эмес. Быйылкы жылдын январь айынан бери эле бир нече базар мамлекетке кайтарылган. Анын ичинде, айтылуу Кара-Суу базары бар. Натыйжада, базардын жер тилкелери мамлекетке өткөрүлүп, ижара акысы 50 пайыз арзандатылган. Каракол шаарындагы болжолдуу баасы 700 миллион сомдон ашуун «Ак-Тилек» базары жана баасы 233 миллион сомдон ашуун «Макиш» жана «Бугу» соода базарлары да мамлекетке өткөн. Өзгөн районундагы 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты бар базар (баасы 470 млн. сом), Аксы районунун Кербен шаарындагы 23 млн. сомдук борбордук базар, Бишкектеги «Старый Толчок», «Сары-Өзөн – Дыйкан» жана «Баткен-Комфорт» базарлары да мамлекетке кайтарылды.
Демек, мунун баарын буга чейин алиги аты аталган базарларга ээлик кылып, кызылдай кирешеге тунуп келгендер, алардын ичинде Байболовдор да бийлик жеке эле аларга карата касын тигип, атайылап жасап жаткандай эмес, өлкөдө мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү кайра кайтарып алуу процесси, же тагыраагы мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу процесси башталгандыгы катары түшүнүү менен кабыл алышканы дурус. Кыргыз мындайда «Ээси келсе – бээсин бер» деген.
Союз тараган баш аламан мезгилде мамлекеттин менчигин бирөөлөр мыйзамдуу жол менен адалдап алса, башкалары жең ичинен жымырып, мыйзамсыз алышкан жана алар жабылуу аяк жабылуу бойдон калат деп ойлошкон. Кыргызда «Кыңыр иш кырк жылда» деген кеп бар. Эртеби-кечпи, бардык мыйзамсыз чечимдер, мыйзамсыз менчиктештирилген жерлер, имараттар, кендер мамлекетке кайтарылышы мыйзам ченемдүү нерсе. Ал эми бул мыйзамсыз иштерге жол берген кызмат адамдары мыйзам чегинде жооп бериши абзел. Бул укуктук мамлекет куруунун бирден бир туура жолу.
Атайын кызматтардын мындай иш-аракеттери жалпы коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып жатат. Журналист Мирлан Дүйшөнбаев мыйзамсыз менчиктештирилип, базарга айланган жер тилкелер мамлекетке өтүш керек деген пикирде. Ал «Оберон» базары соттун чечими менен мамлекеттин менчигине өткөнүн, базардын жери мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталганын белгилеп, сот процесстери мыйзамдуу өткөнүн базар ээси Нуржамал Байболова деле жазганын, бирок, ошого карабай Нуржамал айым «Оберон» базарын мамлекет алардын ээлигинен тартып алганын айтып, айгай салганы таңгалычтуу экенин айтат.
— Бизде канчалаган объекттер мыйзамсыз менчиктелип кеткенин баарыбыз билебиз. Ошол объекттердин баары четинен мамлекетке өтүүдө. Анда эмне үчүн мыйзамсыз менчиктелген «Оберон» базарынын жери кайра мамлекетке өтпөшү керек? – деп маселе койгон журналист М.Дүйшөнбаев –- Нуржамал Байболова «Мамлекетке өткөрүлүп жаткан объектилерден карапайым эл кандай пайда көрүп жатат?» – деген суроо салганына мындай жооп бериптир: “Анын жообу айдан ачык. Мамбюджеттин кирешеси көбөйүп, алардын эсебинен жүздөгөн социалдык объектилер, турак-жайлар курулуп жатат. Алардын баары элге кызмат кылат. Бюджеттин кирешеси артып, маяна, пенсия, жөлөкпулдар көбөйүүдө”.
М.Дүйшөнбаев айткандай, башаламандык өкүм сүргөн 1990-жылдары гана эмес, андан кийинки кечээги эле мезгилге чейин эмнелер гана болгон жок? Мыйзамсыздык, коррупция туу чокусуна жетип, «эптегендер эки жеп», бийликтегилер жана алардын жөөкөрлөрү оюна келгенди кылган учур болду. Мамлекеттик мүлктөр, жерлер, кен байлыктар мыйзамсыз менчиктештирилип, ал тургай салыктарын төлөбөй иштеп келишти.
Себеби, ал убакта мамлекеттик бийликте мамлекетчил адамдар отурушкан эмес. Тескерисинче, мамлекеттик кызмат мыйзамсыз баюунун объектисине айланган. Натыйжада, башаламан мезгилде ар кандай жолдор менен байыгандар тапкан кирешелерин чет элдик банктарга салып, чет жерден кыймылсыз мүлктөрдү сатып алышкан.
Бүгүн мунун баарына сот чечимдери менен укуктук баа берилиши зарыл. Сот «мамлекетке өткөрүү» чечимин кабыл алса, дал ошондой болууга тийиш. Бул маселе талкууга жатпашы керек.
Ырасында, качандыр бир акыйкат орнойт, мамлекеттен таланып-тонолуп алынгандар, мыйзамсыз менчиктештерилген жерлер, заводдор, фабрикалар качандыр бир мамлекетке кайтарылат деп эч кимибиз ойлобосок керек.
Арийне, акыйкат бар экен, бүгүн «Ээси келсе – бээсин бер» процесси башталды. Эми ошого шүгүр кылып, атайын кызматтардын жасап жаткан иштерин жалпы элдик колдоого алды.