Кыргызда илгертен “Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы” деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай өлкөбүздө санариптештирүү маселеси тээ Аскар Акаев доорунда эле козголуп, 2014-жылы персоналдык идентификациялык номерлерди киргизүү менен ал акырындап алдыга жыла баштаган. Андан бери 10 жыл убакыт өткөн менен негизги максаты жарандардын жашоосу менен ишкерликти жөнөкөйлөтүп, бюрократия жана мамлекеттик кызмат чыгымдарын азайтуу болгон санариптештирүү толук кандуу натыйжа бербей турат. Бир топ мамлекеттик мекемелер жарым-жартылай санариптештирилгени менен көп мекемелерде дагы деле сааттап кезек күтүүлөр, бюрократия, алакандай маалымдама үчүн ары-бери чапкыламай токтой элек.
Санариптештирүү жүрүп жатат, бирок..
2022-жылы Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Бишкектин айланасындагы жаңы конуш тургундарынын жер участоктору мыйзамдаштырылып, Техникалык паспорт берилет болуп калды. Ошондо тиешелүү мамлекеттик кызмат адистери жер-жерлерде элден документтерди кабыл ала баштады. Жыйырма жылга жакын убакыт жер участогун, үйүн мыйзамдаштыра албай келген карапайым адамдар сүйүнгөнүнөн адистер тизмелеп берген документтерди топтош үчүн Салык кызматы, “Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалы, муниципалдык аймактык башкармалык (МАБ) сыяктуу мамлекеттик мекемелердин ортосунда чапкылап калышты. Алардын катарында мен да бар элем. Тилекке каршы, ошол маалда тиешелүү документтердин бирөөсүн дагы онлайн ала албагандыктан ар бир мекемеге эки-үч жолудан барууга туу-ра келип жатты. Мунун өзү Кыргызстанда санариптештирүү талаптагыдай эмес экенин көрсөтүп турат. Ошентип токсон алакет менен акыры элдин басымдуу бөлүгү турак үйлөрүнүн Техникалык паспортун алышкан.
Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалы элге ошол Техникалык паспорттун негизинде Мамлекеттик акты берилерин билдирген. Эки жыл ичинде жогорудагы мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери элди улам бир документ, маалымдама үчүн ар кайсыл мекемеге чуркатып келе жатат. Тилекке каршы, талап кылынган документтердин көбүн баягыдай эле кагаз жүзүндө алып келмей.
Албетте, өлкөбүздө бир топ кызмат көрсөтүүлөр, документтештирүүлөр электрондоштурулуп калганы талашсыз. Алсак азыр коммуналдык кызмат төлөмдөрүн төлөө, “Түндүк” порталына киргизилген документтерди тиешелүү жерлерде колдонуу, электрондук сатуу, сатып алууларды жүргүзүү сыяктуу бир топ ыңгайлуулуктар пайда болду. Ошентсе да ошол сана-риптештирүү өнөктүгүндөгү айрым карама-каршылыктар, мамкызматкерлердин бюрократиялык аракеттери ишти айрым учурда теңирден тескери кылып
коюуда.
Парадокс
Элдин колуна Техникалык паспорт тийгени менен азырынча жаңы конуштардын жашоочуларына жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт (Кызыл китеп) бериле элек. Техникалык паспортто болсо “өз алдынча курулуш” деген мөөр турат. Демек, мындай документтүү эл де-юре үй ээси, де-факто ижарачы. Техникалык паспорт колго тийгенден кийин тиешелүү мамлекеттик мекемелер жаңы конуш тургундарын бардык документтерди санариптештирүүгө үгүттөп башташкан. Ал үчүн үй ээси үй-бүлө мүчөлөрү, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү тууралуу документтердин түп нускасын Калкты тейлөө борборлоруна, МАБдарга алып барып санариптештириши керек болчу. Жыйынтыгында миңдеген жарандар документтерин санариптештирүү менен “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын кызматын активдүү пайдалана башташты. Бул порталды пайдалануу жакшы экенин түшүнгөндөр бүгүнкү күндө да документтерди санариптештирүү үчүн МАБдарга кайрылып жатышат. ªкүнүчкө карай мамлекет быйыл кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдү камсыздандырууну милдеттүү кылгандыктан МАБ кызматкерлери үйүн камсыздандырбагандардын документтерин санариптештирүүдөн жана үй-бүлө курамы тууралуу маалымдама берүүдөн баш тартышууда. Ошол эле кезде МАБ адистери карапайым элге Техникалык паспорт менен эле турак үйдү камсыздандырып койсо болорун айтышат. “Бул өлкө башчысынын санариптештирүү саясатына каршы келбейби?” – деген сурообузга №16 МАБ адистери “Аны жогору жактагыларга айткыла” деп жооп беришти.
Болуптур, эл ыйлай-сыктай 1250 сом менен үйүн камсыздандырып койсун. Бирок, ага чейин мамлекет жарандарга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны (кызыл китеп) берип, жер участогун, үйүн мыйзамдаштырышы керек эмеспи. Муну айтканыбыз, кокус жаратылыш кырсыгынан улам кызыл китеби жок турак үй жарылып же кулап калса “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКсы ошол үйгө компенсация төлөп берерине ким кепилдик берет? Анын үстүнө жыл аяктаарына 2 ай калганда элди мындай мажбурлоо адам укугун бузууга жатпайбы деген суроо туулат.
Ачык суроого бүдөмүк жооп
Өлкө башчыбыз Садыр Жапаров мамлекет башчылыгына келгени санариптештирүү өлкөнүн өнүгүшү үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеп келе жатат. 2022-жылы “Жарандык жана санариптик билим берүү борборлору” долбоорун ишке киргизүү аземинде ал: “Санариптештирүү – бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк өнүгүүнүн башкы тренди. Кыргызстан башкаруу, экономика, билим берүү, социалдык чөйрө тармактарын жигердүү санариптештирүү процессинде турат”, – деп баса белгилеген. Тилекке каршы, мамлекеттик мекемелерде санариптештирүү бир кадам алдыга жылса, кайра эки кадам артка кетенчиктеп жатканы өтө өкүндүрөт. Тагыраагы, санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева өзү белгилегендей, азыр мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери элди ары-бери чуркатып убара кылганын токтотпой келе жатат. Дээрлик бардык ооруканаларда, Калк-
ты тейлөө борборлорунда, Салык кызматынын мекемелеринде, банктарда, айрыкча Бишкек башкы архитектурасында, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалында жана башка бир топ мекемелерде кагаз иштери, кезек күтүүлөр али суюла элек. Бул мекемелердин башкы офистеринде, жер-жерлердеги филиалдарында качан болбосун сааттап, күндөп кезек күткөндөрдү көрүүгө болот.
Салык кызматындагы массалык отчёт тапшырууларда система жакшы иштебей калып эки-үч сааттап отчёт тапшыргандар жок эмес. Саламаттык сактоо тармагыбызда болсо электрондук кезекке туруу расмий киргизилгени менен иш жүзүндө аныбыз да толук ишке ашпай турат.
Баса, биз бул макаланы даярдап жатып Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматына кайрылып шаардык райондордун МАБдарынын адистери турак үйлөрү камсыздандырылбаган жарандардын документтерин эмнеге санариптештирбей жатканын сурадык. Буга улай Калк-ты тейлөө борборлоруна санариптештирүү үчүн тапшырылган документтер (Техникалык паспорт жана башка документтер) эмнеге “Түндүк” системасына киргизилбей жатканынын себебин сурадык. Министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Мактумкули Макешов бизге мындайча жооп берди. “Бизде “Санарип аймак” деген тутум бар. Ал тутум аймактардагы турак жайларды санариптештирүү функциясын аткарат. Бул тутумдун саясатын, эрежесин, жол жобосун, багытын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги аныктайт. Ошондуктан бул суроого ошол мекеме жооп берсе туура болот. Биз алардын ишине кийлигишпейбиз. Экинчи суроого жооп бере турган болсок, “Түндүк” колдонмосунда “Турак жай” деген бөлүм бар. Анда “Кыймылсыз мүлккө болгон укуктун көчүрмөсү”, “Кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча маалымат”, “Кыймылсыз мүлккө болгон укук тарыхы”, “Кыймылсыз мүлк объектилерине менчик укугу бар же жок экендигин тас-тыктоочу маалымкат” деген төрт документ жеткиликтүү. Ушул төрт документ Техникалык паспорттун функциясын аткарат. Ошол себептен ал “Түндүккө” киргизилбейт. Талап кылынган жерлерге бул төрт документ жарай берет. Муну азыр жарандарыбыз пайдаланып жатышат” деп жооп берди.
Сезилбеген аракет
Минтип түшүнүксүз жооп узаткан министрликтин жеке сайтында: “Санариптик өнүктүрүү министрлиги бардык жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарга болгон жеткиликтүүлүктү жеңилдетүү үчүн бардык аракетин жумшоодо” деп жазылган. ªкүнүчтүүсү, мындай аракеттер он жылдан бери жүрүп келе жатат. Бирок, элдин мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүгү сезилерлик жеңилдебей, тескерисинче татаалдашып бараткандай. Биз убакыт тар болгондуктан Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жообун күтө алган жокпуз. Бул темага дагы кайрылабыз. Ошондо аталган агенттиктин жообун да камтымакчыбыз. Азырынча, акыбал ушундай.
Мелис СОВЕТ уулу, «Кыргыз Туусу»