Муфтияттын Адал индустриясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу менен жаштардын никеге туруусу, кыргыздын сөйкө салуу салты, азыр көп айтылып жаткан махр түшүнүгү боюнча маектештик.
– Исламда кыз менен жигит кандай таанышат, ошол жөнүндө токтоло кетсеңиз?
– Бойго жеткен бала өзү деле кыздын ата-энесине барып, алардын кызы менен таанышып көрүү ниетин айтып сүйлөшсө болот. Бирок, кыргызда мындай жооптуу ишти көбүнчө баланын ата-энеси аткарат. Кыз менен жолугуп, анын турмушка болгон көз карашы жөнүндө сүйлөшүп, таанышып көрүшөт. Албетте, бир жолу жолукканда кыз же бала тууралуу толук билүү мүмкүн эмес. Андыктан бир нече жолу жолугуп сүйлөшүп көрсө болот.
– Кыз менен жигит 3 жолу эле жолугушу керек деген чынбы?
– Ошондой деп айткандар бар, бирок, динде андай чектөө жок. Эки адамдын бири-бирине көңүлү толушу керек. Ата-энем айтты эле деп жакшы билбей туруп турмуш куруу туура болбой калат. Балким, баланын же кыздын жакпай калган жагы болуп калышы ыктымал. Ошондуктан, жактырып анан баш кошуу абзел.
– Жолугушууга сөзсүз үчүнчү адам коштоп келиши зарылбы?
– Ооба, кызды жеңелери же туугандары коштоп келиши керек. Никесиз кыз менен жигиттин жалгыз калуусуна шарият жол бербейт.
– Кыргызда сөйкө салуу деген салт бар, сөйкө салган соң алардын ортосундагы мамиле кандай болуп калат?
– Сөйкө салуу деген эмне? Бул деген жигиттин мен ушул кызды алам деп ниетин билдирген иш-аракети. Бул нике дегенди түшүндүрбөйт. Болгону ошол кыз мага жакты деп жигит тараптан никеге болгон ниетин билдирүүсү. Сөйкө салгандан кийин деле кыз жакындарынын коштоосунда жолугуп, сүйлөшүп турса болот.
– Акыркы жылдары кыргыз коомунда махр деген түшүнүк пайда болду. Бирөөлөр кыз тарапка берилген калың пулу махр эсебине өтөт десе, башкалары калың пулу башка, махр башка дешет. Ушуга токтолуп кенен айтып берсеңиз?
– Кыз тарапка берилген баалуу нерселердин бардыгы махр. Бул мурун айтылбачу, интернеттин өнүгүүсү менен кеңири
жайылып кетти. Калың берилсе, ал махр деп эсептелет. Бул ар жерде ар кандай болушу мүмкүн, кээ бир жерде мал жандык берилсе, дагы бир жерде акчалай берилет. Махр менен калыңды бөлүп кароонун кажети жок. Кыргызстанда ар бир аймакта белгилүү бир суммадагы берилчү калың болот. Эгер, ошол кыргыздын каада-салтындагы калың берилбеген болсо, кыз өзүнө махрга каалаган нерсесин сураса болот. Бирок, үйлөнүп жаткан жигиттин материалдык абалына карап сураган дурус.
Махрдын эң төмөнкү баасы бүгүнкү күндө 7-8 миң сом, же 100 доллардын айланасында болот. Көбүнө чек жок, жигит өзүнүн абалына жараша бере берсе болот. Кыз нике учурунда сураган нерсесин жигит берем дей турган болсо, анын мойнундагы карыз болуп калат. Аны милдеттүү түрдө бериши керек. Арабдардын кээ бир жерлеринде махрды берүүнүн эки жолу бар. Биринчиси тездетилген – никеден кийин көп узабай берилчү каражат. Ал эми экинчиси кечиктирип берилүүчү махр. Мында кыз эгерде биз ажырашып кетсек, махрдын өлчөмү он же жүз эсе көп болот деген да шарт кое алат.
– Кыз биринчи болуп үйлөнүү сунушун киргизсе болобу?
– Эгерде кыздын көңүлүнө жага турган жигит болсо, кыз өзү эмес, бир туугандары же ата-энеси аркылуу сунуштаса болот. Кыздын өзү жигитке мени жубайлыкка ал деп айтканы туура болбой калат.
– Шартка байланыштуу кыз менен жигит эки жакта болуп калса, эки тараптын тең жакындары макул болушса, телефон аркылуу онлайн нике кыйса болот деп жүрүшөт…
– Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы расмий мекеме катары мындайга уруксат бербейбиз. Нике онлайн
кыйылбашы керек. Азыр заман өнүктү, бала келсе же кыз баланын жанына барса болот.
– Кандай учурда нике өтпөйт?
– Эгерде келин башка бирөөнүн никесинде болсо, ажырашып, күтүү мөөнөтүндө болсо (шариятта ажырашкан аял 4 айга чейин турмушка чыкканга болбойт), келиндин боюнда бар болсо, бала төрөлгөнгө чейин нике өтпөйт. Курсактагы баланын атасы анык болсо ошол адамга гана
нике өтөт.
– Нике кимдин үйүндө окулушу керек, баланынбы же кыздынбы?
– Чоочун кезде кыз менен баланын бир жерде калышына дин уруксат бербейт. Эгерде кыз жигиттин үйүнө өзүнчө келсе анда баланын үйүндө нике кыйса болот. Кыздын үйүнөн нике окутуп анан алып чыгып кеткен дурус деп
эсептейбиз.
– Жаңыдан баш кошуп жаткан жаштарга кандай кеңеш бересиз?
– Үйлөнө турган балдар үй-бүлө багууга канчалык деңгээлде даяр экенин билиши керек. Буга чейин ата-энеси менен жашап, көп кыйынчылыкты билбей келген болсо, эми өзү менен кошо дагы бир адамдын жоопкерчилигин алууга моралдык жактан даяр болгондо үйлөнүшү кажет. Кыз деле бала төрөп, аны тарбиялоого, келиндик жоопкерчиликти алууга даяр болушу
зарыл.
Азыр кээ бир кыздар карьера кылам дешет. Кыз үчүн ал канчалык маанилүү? Туура, жогорку билим алуу заман талабы. Бирок, жумуштун артынан кууп жүрө бербей, өзүнө ылайыктуу бала чыкканда турмуш куруусу керек. Медицинада деле кыздын жашы өткөндөн кийин төрөтү кыйын болуп калаары айтылат.
Бардык эле эркек өзүнөн кичүү кызга үйлөнгүсү келет дегендей… Анан да кыргызда “тең теңи менен” деген жакшы сөз бар. Үйлөнө турган бала социалдык статусу өзү менен тең же бир аз төмөн турган кызга үйлөнгөнү туура. Анткени, социалдык статусу өзүнөн бийик турган кызды алса, турмуштагы анча-мынча пикир келиш-
пестиктер чыгышы ыктымал.
Жаштар бир нерсени эсине сактап коюу-шу керек, нике менен талакты ойноп айтпайт. Күбөлөрдүн көзүнчө ойноп айтылган сөз да нике ордуна өтүп калуусу мүмкүн. Шариятта нике менен талактын чыны да чын, тамашасы да чын деп айтылат.
Султанбек АМАНБЕК уулу