Четверг, 26 декабря, 2024
-1.9 C
Бишкек

КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 2-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты – жумуш берүүчү жана кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдар тарабынан кызматкердин алдындагы жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча милдеттерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликти киргизүү болуп эсептелет.

Кабыл алынган мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодекси 871, 2741-беренелери менен толукталууда, аларга ылайык “Эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо, ошондой эле “Кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын бузуу же аткарбоо үчүн жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келээри каралган.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар