Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет каралып жатканда күч түзүмдөрүн чыңдоо, армия менен милицияны модернизациялоо маселелерине да токтолду.
«Акыркы жылдары Кыргызстан жарандардын коопсуздугун камсыздоодо олуттуу ийгиликтерге жетишти. Тейлөө шарттары жакшырды: тамак-аштын сапаты жакшырды, байкоо камералары орнотулду, кырдаал борборлору түзүлдү. Тамактануунун жаңы стандарты бекитилип, бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөн. Зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды, аскер кызматкерлеринин айлык акысы 4 эсеге жогорулатылды, ошондой эле аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин пенсиялары дагы жогорулатылды», — деди МинКаб башчысы.
Ошондой эле, күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын аркасында өлкөдө кылмыштуулуктун азайышы жана коопсуздуктун көрсөткүчтөрү жакшырганы белгиленди.