whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.11.2025
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом2025-жылдын февралында мугалимдерге 27 миң ноутбук таратылат

2025-жылдын февралында мугалимдерге 27 миң ноутбук таратылат

Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту кароонун жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал белгилегендей, 2023-жылы китеп басып чыгаруу боюнча рекорд коюлган — 738 миң 670 нуска, ал эми 2025-жылга чейин китеп басып чыгарууга 744 миллион сом бөлүү пландалууда. Мугалимдерди колдоого да көңүл бурулууда: 2025-жылдын февраль айында мугалимдерге 27 миң ноутбук таратыла баштайт.

Акылбек Жапаров IT адистиктери боюнча студенттердин саны 7100 адамга көбөйүп, мектептерге 25 миң компьютер берилгенин билдирди. Ал белгилегендей, билим берүү программалары толугу менен жаңыланып, санариптик сабаттуулукка жана критикалык ой жүгүртүүгө басым жасалууда.

МинКаб башчысы сөзүнүн аягында өлкөнүн келечеги билим берүүнүн сапатынан жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодон көз каранды экенин баса белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар