Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” Жогорку Кеңеште маалымат берди.
«Биздин улуттук лидерибиз Кыргызстанда дүйнөнүн жогорку өнүккөн отуз өлкөсүнүн катарына кирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейт. Мен анын Министрлер Кабинетинин башчысы жана Президенттин Администрациясынын жетекчиси катары бул улуу улуттук кыялдын ишке ашаарына ишенгенимди билдирем”, – деди Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште жасаган баяндамасында.
Ал белгилегендей, Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында, жалпы жакшы макулдашылган иштин аркасында биргелешип мамлекеттик башкаруу институттары калыбына келди. ªлкөдөгү улуттук байлыктын эбегейсиз үлүшүн мурда өздөштүрүп алган жана ага тоскоол болгон чоң-кичине “мителерден” тазаланды.
“Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ак ниет башкаруу сая-сатын киргизүүнүн аркасында Президент С.Жапаровдун төрт жылынын ичинде биз мамлекеттик консолидацияланган бюджеттин көлөмүн үч эсеге көбөйттүк. Бул жылдардын ичинде эл чарбасы эки эсе өстү. 2022 жана 2023-жылдары ИДПнын реалдуу өсүшүнө 9% жетиштик, ал эми ушул жылдын январь-октябрь айларында бул көрсөткүч 9,6%ды түздү… Бул ийгиликтер бизди шыктандырып, бизге күч жана ишеним берип, Президенттин Администрациясынан баштап эң катардагы адиске чейин бүтүндөй мамлекеттик аппаратты Президент Садыр Жапаров алдыбызга койгон жаңы амбициялуу милдеттерди ишке ашырууга шыктандырат”, – деп кошумчалады Акылбек Жапаров.
2025-жылдын бюджети – бул мамлекеттин келечегинин жол картасы
«2025-жылдын бюджети – бул жөн гана финансылык чыгымдардын планы эмес, бул мамлекеттин келечегинин жол картасы”, – деди А.Жапаров Жогорку Кеңеште жасаган
баяндамасында.
Ал белгилегендей, 2026-2027-жылдарга экономисттердин прогноздору боюнча 2027-жылы ИДП 2 трлн.го жетет. Ал эми консолидацияланган бюджет 2025-жылга – 700,5 млрд. сомго пландаштырылса, 2027-жылы – 743,3 млрд. сомго жетет.
МинКаб башчысы ошондой эле профицит 26 млрд. сомду түзүп, бул каражаттар Кытай-Кыргызстан-ªзбекстан темир жолун куруу – 2025-жылга 2,4 млрд. сом, Камбар-Ата-1 ГЭСине 2025-жылга 1,6 млрд. сом коротулаарын кошумчалады. Мындан тышкары мамлекеттик карызды жабууга багытталаарын белгилеп, буга чейин алынган карыздын негизги суммасын көбүрөөк төлөө алдында турганыбызды билдирди.
Билим берүү тармагындагы реформалар
Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, 2023-жылы китеп басып чыгаруу боюнча рекорд коюлган – 738 миң 670 нус-ка, ал эми 2025-жылга чейин китеп басып чыгарууга 744 млн. сом бөлүү пландалууда. Мугалимдерди колдоого да көңүл бурулууда: 2025-жылдын февраль айында мугалимдер үчүн 27 миң ноутбук таратыла
баштайт.
Акылбек Жапаров IT адистиктери боюнча студенттердин саны 7100 адамга көбөйүп, мектептерге 25 миң компьютер берилгенин билдирди. Ал белгилегендей, билим берүү программалары толугу менен жаңыланып, санариптик сабаттуулукка жана критикалык ой жүгүртүүгө басым жасалууда. Ошондой эле ал өлкөнүн келечеги билим берүүнүн сапатынан жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодон көз каранды экенин баса белгиледи.
Маданиятты, спортту өнүктүрүү
«Мамлекет маданиятты жана спортту өнүктүрүүгө басым жасап жатат: тармактык бюджет 4 эсеге өстү”, — деди А.Жапаров өзүнүн отчетунда. Ал акыркы жылдары Кыргызстанда маданият жана спорт тармагын каржылоо кыйла өсүп, 2024-жылы 8 млрд. сомго жеткенин билдирди.
«Маданиятты колдоо программасынын алкагында музыкалык аспаптарды, костюмдарды жана спорттук шаймандарды сатып алууга 1,1 млрд. сом бөлүнгөн. Мамлекеттик ири иш-чараларды өткөрүү үчүн 786 чарчы метр аянтты ээлеген сахна жана 351 млн. сомго LED экрандар сатылып алынды», –- деди Акылбек Жапаров.
Ал кошумчалагандай, 2024-жылы кино тармагын өнүктүрүүгө 345 млн. сом бөлүнгөн. Бул каражаттар «Кыргызфильм» жана «Кыргызсериал» киностудияларынын кино тартууга жана материалдык-техникалык базасын жаңылоого жумшалат. 2025-жылы кыргыз тасмаларын жана сериалдарын тартууга бюджетти мындан ары көбөйтүү пландалууда.
Аскер кызматкерлеринин айлыгы 4 эсеге көтөрүлдү
«Акыркы жылдары Кыргызстан жарандардын коопсуздугун камсыздоодо олуттуу ийгиликтерге жетишти. Тейлөө шарттары жакшырды: тамак-аштын сапаты жакшырды, байкоо камералары орнотулду, кырдаал борборлору түзүлдү. Тамактануунун жаңы стандарты бекитилип, бюджеттен кошумча каражат бөлүнгөн.
Зениттик-ракеталык комплекс сатылып алынды, аскер кызматкерлеринин айлык акысы 4 эсеге жогорулатылды, ошондой эле аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин пенсиялары дагы жогорулатылды», – деди МинКаб башчысы.
Саламаттык сактоо тармагында
2024-жылы саламаттыкты сактоонун бюджети 42,4 миллиард сомду түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 3,6 миллиардга жана 2020-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп”,- деген А.Жапаров медицина кызматкерлеринин эмгек акысы да жогорулаганын белгиледи.
“2024-жылы дарыгерлердин айлык акысы 50% га, орто медициналык персоналдын айлык акысы 20% га, кенже тейлөөчү персоналдын, тез жардамдын айдоочуларынын акысы 10%га жогорулады. Алыскы аймактарга адистерди тартуу максатында 2024-жылдын 1-июлунан баштап клиникалык ординаторлор жана интерн-врачтар үчүн стипендиялар, ошондой эле жогорку адистештирилген дарыгерлерге квартал сайын компенсация төлөмү киргизилди. Бул өлкөнүн тоолуу аймактарында медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат”, – деди МинКаб башчысы.
Саламаттыкты сактоонун инфраструктурасын жаңылоонун алкагында 2024-жылы 22 объект курулуп, анын ичинен 7 объект ишке киргизилген. Ошондой эле, акыркы эки жылда 8 компьютердик томограф сатылып алынып, дүйнөлүк стандарттагы рентген-хирургиялык борбор ачылган. Бул жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун санын кыскартууга салым кошот.
Жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели
Үч жылда Социалдык контракт долбоорунун алкагында дээрлик 31 миңден ашык үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон жардам берилди. Ага 3,1 млрд. сом бөлүндү. Ал эми 2024-жылдын 1-октябрына карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 2021-жылы – 111 миңди түзсө, 2024-жылдын 1-октябрына карата – 76,4 миң үй-бүлөнү түздү, муну менен 34,6 миң үй-бүлөгө төмөндөдү.
“Президентибиз “Кыргызстандагы ар бир наристе, ар бир бала, ар бир өспүрүм мамлекеттин жана ар бирибиздин камкордугубузда болушу кажет” деп бул багытта саясатты жаңы нукка буруп жатат. 2024-жылдын 1-июнунан тартып ар бир томолой жетим балдар үчүн 18 жашка чыкканда 500 миң сомдон кем эмес суммадагы “Келечекке салым” мамлекеттик балдар депозити киргизилди”, – деди А.Жапаров.
Айыл чарбасы, кайра иштетүү
Акылбек Жапаров отчетунда үстүбүздөгү жылдын он айында
айыл чарбанын дүң продукциясы 106,1%га, кайра иштетүү тармагы 122%га өскөнүн билдирди.
“Айыл чарба тармагынын таза суу тармагына токтолсок, ички каналдар менен бирге пилоттук негизде Түп, Сузак жана Кочкор райондорундагы айылдардын таза суусу мамлекетке өткөрүлөт. Буга чейин ассоциацияларда болчу, анын айынан бир топ талаштар болуп келген”, – деди ал.
Ал ошондой эле быйыл азыктардын 9 түрүнүн ичинен 6 түрү боюнча азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жетишилгенин, ал эми 2028-жылга чейин негизги азыктардын 9 түрүнүн ичинен 8 түрү боюнча азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жетишүүгө максат коюлуп жатканын кошумчалады.
Энергетика – стратегиялык багыт
Ал 2024-жылы кубаттуулугу 48,3 МВт болгон чакан ГЭСтер ишке киргизилгенин, CASA-1000 долбоору бүткөрүлгөнүн, күн жана шамал станциялары боюнча долбоорлордун ишке ашырылып жатышы, Токтогул ГЭСнин реконструкцияланышы тууралуу айтып берди.
Ошондой эле, быйыл Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) абалы ЖЭБди жаңылоо зарыл экенин дагы бир жолу көрсөткөнүн белгиледи.
“Бишкек ЖЭБинин 2 блогунда кубаттуулуктун номиналы 150 МВттан болсо, аны да чыгара албай ар бири 110 МВтка төмөндөп кеткен. 1,6 млрд. сом каражат бөлүп, баарын оңдодук. Мындан тышкары ЖЭБдеги текке кетип жаткан буудан электр энергиясын өндүрүү үчүн 145 млн. долларга ЖЭБдин модернизациясы башталды, кошумча 47 МВт электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүндүк болот”, – деди ал.
Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу аткарылып жаткан иштерге өзгөчө токтолгон Акылбек Жапаров, “Камбар- Ата-1 ГЭСи жөн гана жаңы станция эмес – бул биздин энергетикалык көз карандысыздыгыбызга, экономикабызды өнүктүрүүгө жана элибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга карай жол”, – деп баса белгиледи.
Кумтөрдүн кирешеси 1 млрд. 77 млн. доллардан ашты
Кумтөр долбоорунун мамлекетке өтүшүнөн улам толук эмес 3 жылдын ичинде Кумтөрдүн таза кирешеси 1 млрд. 77 млн. доллардан ашты”, – деди А.Жапаров отчетунда.
“Тоо кен тармагында Президентибиз Садыр Жапаровдун көрөгөчтүгүнүн жана саясий эркинин аркасында революциялык эмес, эволюциялык окуялар болду – 30 жылдан бери биринчи жолу иш жүзүндө Кыргыз мамлекетинин экономикалык, улуттук жана экологиялык кызыкчылыктары корголду. 27 жылда 400 тонна алтын өндүрүп, бирок болгону Кумтөрдөн 100 млн. доллар дивиденд алсак, азыр 2,5 жылда 38 тонна алтын өндүрүп – 291 млн. доллар дивиденд алдык, ал эми салыктык ж.б. төлөмдөрдөн бюджетке 3 жылда 990 млн. доллар түштү”, – деди Акылбек Жапаров.
МинКаб Төрагасы өлкө тарыхында биринчи жолу геологиялык чалгындоого 1 млрд. сом бөлүнгөнүн кошумчалап, тоо-кен ишканалары өлкөгө 3 жылда 111 млрд. сом киреше бергенин билдирди.
Жыл аягына чейин 150 ишкана ачылат
А.Жапаров жылдын аягына чейин ачыла турган ишкананын саны 150дөн ашаарын, жалпы инвестиция көлөмү 2,2 млрд. долларын түзүп, 19 миң жаңы жумуш орундары түзүлөөрүн билдирди.
Ал ошондой эле быйыл 100 жылдыкка карата 100 ишкананы ишке киргизүү демилгеси күчтүү түрткү бергенин айтты.
“2023-жылы жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 482,8 млрд. сомду түздү, ал эми 2024-жылы 690 млрд. сомго жетет. Маселен, учкай токтолсом, биз цемент менен өзүбүздү камсыздоого жетиштик, Кыргызстанда 1-жолу автоунаалар чыга баштады, алтындан стандарттык куймаларды өндүрүү башталды, дары-дармектердин жаңы түрлөрүн чыгара баштадык”, – деди А.Жапаров.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
“Кыргыз Туусу”