17-ноябрда боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 39 саясий партиядан 4928 талапкер катышат.
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата үгүт өнөктүгү бул жолу мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу одоно мыйзам бузуулар менен коштолбостон соңуна чыгып баратат. Өлкө башчысы Садыр Жапаров өз кайрылуусунда бул сапар мурункудай добуштар уурдалып, шайлоо бюллетендери урнага таңгакталып ташталбай тургандыгын билдирди. Аны менен катар ал республика боюнча шайлоо участокторунда видео байкоо орнотулгандыгын жана автоматташтыргандыгын,
БШКнын башкы имаратынан көзөмөл жүргүзүлүп турарын жана шайлоонун
жыйынтыгы бурмаланат дегенге кыпындай да негиз болбосун айтты.
Ошондой эле өлкө башчы өз сөзүндө “Шайлоолордун чоң, кичинеси болбойт. Жергиликтүү кеңештердики деп жээрибеңиздер. Шайланып келген депутаттар биринчилерден болуп Элдик Курултайдын делегаттарын шайлашат. Андыктан Элдик Курултайдын курамдык сапаты сиздер шайлай турган жергиликтүү кеңештерден көз каранды болот”, – деди. Аны менен катар өткөн Курултайда көтөрүлгөн маселелер чечилип жаткандыгына токтолду.
Буга чейин БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова алдыдагы шайлоого даярдык көрүү багытында жергиликтүү бийликтерге бардык шаарларда жана райондордо штабдар түзүлүп, жергиликтүү штабдарга шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүнү, анын ичинде шайлоо комиссияларын имараттар, үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш, интернет, оргтехника, транспорт менен камсыздоону тапшырган.
Кезектеги шайлоону өткөрүү, участкаларда пандустардын орнотулушу жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоого катышуусу боюнча маалымат алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын жардамчысы Нурсултан Жаркынбаевге кайрылганыбызда, ал өлкө боюнча бардык шайлоо участкаларында өрт коопсуздугу боюнча иш-чаралар текшерилип, жакындап келе жаткан кыш мезгилинин шартында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлүп, аймактарда мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга добуш берүү үчүн шарттар түзүлгөндүгүн жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы саны 17344 адамды түзөрүн айтты.
Ошондой эле ал өлкө боюнча шайлоо участокторунда пандустар орнотулуп, шайлоо жөнүндө Брайль шрифинде чоң тамгалар менен маалымат жазылган стенддер жайгашкандыгын, укук коргоо органдарына шайлоо учурунда бардык аймактарда коомдук тартипти камсыз кылуу, шайлоо участкаларын кайтарууга жана шайлоо бюллетендерин ташып жеткирүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, мыйзам бузууларга өз убагында чара көрүү боюнча тапшырмалар берилгендигин билдирди.
БШКнын маалыматына таянсак, жергиликтүү кеңештерге кезектеги шайлоодо 39 саясий партиядан 33 шаардык кеңешке 993 мандат үчүн 4928 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинен 3183 – эркектер, 1745 – аялдар.
Эң көп – 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргон шаарларында; Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия; Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында 3 партия; Башка шаарларда 4төн 8ге чейин партиялар катышууда. Шайлоого катышкан партиялардын ичинен “Ынтымак” партиясы – 32 шаарда (Жалал-Абад шаарынан тышкары бардык шаарларда) шайлоого катышат. «Жаңы Кыргызстан» партиясы – 30 шаарда (Бишкек, Кемин жана Орловкадан башка). “Ишеним” партиясы – 15 шаарда. «Эмгек» партиясы – 14 шаарда. «Адилет» партиясы – 12 шаарда. Социал-демократиялык партия – 11 шаарда. “Бирге – Вместо” партиясы – 9 шаарда. “Эл биримдиги” партиясы – 9 шаарда. “Эл үмүтү” партиясы – 7 шаарда. “Ыйман Нуру” партиясы – 6 шаарда. «Мурас» партиясы – 5 шаарда. “Мекендеш” партиясы – 4 шаарда. “Энергетик” жана “Замандаш” партиялары – 3 шаарда. “Таза Коом”, “Ордо”, “Милдет”, “Эл Аман” партиялары – 2 шаарда.
21 партия бирден гана талапкердин тизмесин көрсөткөн, алар: “Коммунисттер партиясы”, “Уулу Журт”, “Жаңы Доор”, “КЭДП”, “Калк ынтымагы”, “Ала-Тоо кыргыз жери”, “Жаңы күч – Новая сила”, “ Элдик Кыймыл”, “Патриот Ынтымагы”, “Жаштар”, “Тынчтык”, “Эркин Эл”, “Бир Бол”, “Биздин Келечек”, “Ата-Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак-Нур-Келечек”, “Таза-Булак”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Улуу Кыргызстан”, “Аманат элдик социалисттик партиясы”.
Вера БЕДЕЛБЕК