Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Мугалим эмнеге ыйлады?

Ноябрдын башында Кыргызстандын мектептерин “дүң” дедирген окуя болду. Социалдык түйүндөргө борбор калаадагы №57 мектепте окуучулардын биринин энеси ыйлап жаткан мугалимди алкылдап урушуп жаткан видео тарады.

Видеодо башына кызыл жоолук салынып, узун кара көйнөк кийген аял: “Сен кимсиң? Менин балам менен андай тондо сүйлөшкөнгө эч кандай укугуң жок. Сенин жеке менчик мектебиңби? Сен кимсиң? Директорсуңбу? Кимсиң? Сен болгону жөнөкөй мугалимсиң. Менин баламды жеткирдиң. Мен сенин энеңдей аялмын. Тарбия-
сы жок. Дагы мугалим болуп иштейт. Мен сени менен министрликте сүйлөшөм” – деп тимеле жоо чапкансып, өз сөзүнө өзү маашырланып, ныгыра сүйлөп жатканын, бечара мугалим көз жашына муунуп ыйлап жатканын көрөбүз.

Көрсө, окуя мындай болгон экен. №57 мектептин мугалимин урушкан аялдын баласы сентябрдын аягында башка мектептен которулуп келиптир. Бала да, тентектик кылып, кыздарды уруп, таарынтып койгонуна күбө болгон мугалим эжейи баланы тартипке чакырып, кыздарды урганга болбостугун айтат, бала ыйлап калат. Кийинчерээк ал бала башка бала менен урушуп, бирок аны мугалимине айтпай, энесине мугалим аны ыйлаганча урушарын айтып, даттанып барат. Мугалим баланын энесине чалып, документтерин алып келүү керектигин айтса, эмнеге эле ал баласына жабышып уруша берерин айтып нааразы болот.

Мугалим эгер ал сүйлөшкүсү келсе, мектепке келиши керектигин айтат. Баланын энеси келип директорго даттанып, андан соң видеодогу окуя болуп өтөт. Ии, баса баланын апасы ата-энелер мугалимдер күнүнө карата чогулткан акчасын да доолап, мугалим кайтарып бергенин да видеодон көрүүгө болот.

Мугалим жалдап алган кул же малайың эмес! Эч ким эч качан сабак өтүп жатканда класска киргенге акысы жок!!! Өзгөчө окуучулардын жана ата энелердин алдында басмырлоого жол берилбейт!!!

Видеодогу окуядан кийин мугалим өз каалоосу менен жумуштан бошогону белгилүү болду. Анын айтымында, мектеп окуучуларынын алдында ата-энелердин биринен кагуу жеп, “Сен кимсиң?” – деген кемсинткен жаман сөз уккандыктан мындан ары бул мектепте моралдык жактан иштөөгө мүмкүн эмес.

Ленин райондук ИИБнин маалыматына караганда, видео соцтармактарга тарап кеткен соң, иликтөө кызматы конфликт-тин катышуучуларынын өздүгүн аныктап,  тергөөгө чейинки иш-чараларды жүргүзгөн. Мектеп мугалимин окуучулардын көзүнчө кемсинткен аялга карата КРнын укук бузуулар боюнча кодексинин “Педагогикалык кызматкерди сыйлабагандык” беренеси боюнча протокол толтурулган. Иш сотко өткөрүлгөн.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы соцтармактарга тараган видеодон кийин Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарындагы № 57 орто мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сыдыкованы кабыл алып, аталган мектептин тарых мугалими менен окуучунун апасы катышкан окуя тууралуу кеңири маалымат алганын  билдирди.

Министр жолугушууда мугалимдерге психологиялык басым жасоо адеп-ахлактык нормаларга да сыйбай турганын белгилеп, директорго мектепте мугалимдерге болгон мамилени жакшыртуу жана мындай терс көрүнүштөргө жол бербөө керектигин эскерткен.

Сабак учурунда мугалимдин ишине жолтоо болуп, аны окуучуларынын көзүнчө басмырлаган ата-эненин жоопкерчилиги да мыйзам чегинде каралууга тийиш экенин белгилеген министр чуулгандуу окуядан кийин жумуштан бошонуп кеткен тарых мугалими менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын өз мектебине кайтып келүүсүнө же башка мектепке ишке орношуусуна шарт түзүп берерин
билдирген.

Д.Кендирбаева фейсбук баракчасына:  “Мугалим жалдап алган кул же малайың эмес! Эч ким эч качан сабак өтүп жатканда класска киргенге акысы жок!!! Өзгөчө окуу-чулардын жана ата энелердин алдында басмырлоого жол берилбейт!!!

Укук коргоо органдары баа берет деп ойлойм жана жеке көзөмөлгө алдым! Мугалим керек болсо учурда ата-энеден ашса ашат, бирок кем калбай балдарга тарбия билим берип жатат!” деп жазды.

Министрдин позициясы сөз жок колдоо-го татыктуу. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев мугалимди окуучуларынын алдында кемсинткен аял эл алдында кечирим сурашын талап кылып, сот ал аялга 1 миң сом айып пул салганына нааразычылыгын билдирди. “Биз мугалимдердин айлык акысын гана көбөйтпөстөн, алардын кадыр-баркын, беделин да көтөрүшүбүз керек” – дейт эл өкүлү.

Мугалимдерди кемсинтүүгө ата-энелердин да, мектеп жетекчилигинин да эч кандай акысы жок.

 Соцтармактарда да мугалимдин таламын талашып, аны кемсинткен аялды күнөөлөгөндөр арбын. Фейсбук колдонуу-
чулардын бири балдарынын агайлары, эжейлери, бала бакчадагы кызынын тарбиячыларынын арасында өзүнөн кичүүлөрү да бар экенин, бирок алардын бардыгын эжеке, агай дей турганын, кээде балдары чычалап “ал сизден жаш го” деп айтарын жазды…

Октябрь айынын башында болуп өткөн №57 мектептеги окуя мындан кийинкиге сабак болушу керек.

Мугалимдерди кемсинтүүгө ата-энелердин да, мектеп жетекчилигинин да эч кандай акысы жок.

Мугалим мөмөлүү дарак. Балдарыбыз келечекте жакшы адам болуп чыксын десек, биз балдарыбызга мугалимди сыйлаганды үйрөтүшүбүз керек, бул үчүн мугалимди ар бирибиз өзүбүз сыйлашыбыз керек.

                                                                       Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар