Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Ток этери: Аптанын негизги жаңылыктары

Токмоктогу завод мамлекетке кайтарылды

Токмок шаарындагы «Темирбетон» ААКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Заводдун сметалык баасы 5 миллиард 855 миллион сомду түзөт. «Мамлекеттик мүлк фондунун 1992-жылдын 22-декабрындагы токтому менен кооперативдик завод ААКга айландырылып, болжолдуу баасы 38 миллион 264 миң рубль болгон. 1993-жылы «Темирбетон» ААКнын мамлекеттик үлүшүнөн 28 миллион 698 миң сомдук 15 пайыз акциясын сатып алуу үчүн электр тармактарын куруу боюнча чет элдик ишканага кайрылган. Бирок аталган каражаттын мамлекеттик бюджетке түшүүсү тууралуу документ түрүндө тастыкталган маалыматтар жок. Мында акциялардын мамлекеттик пакетинин калган 25 пайызын 1992-жылдан азыркы учурга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду көзөмөлдөгөн эмес.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында акциялардын пакетинин негизги ээси «В.П.» өз ыктыяры менен объектини мамлекеттин балансына өткөрүп берген.

Матраимов бюджетке 200 млн. доллар төлөдү

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 миллион доллар (17 млрд. сом) төлөп үй камагына чыкты.

Р. Матраимов кармалганда «Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү», «Бейбаштык», «Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу» боюнча иш козголгон. Буга чейин 2,5 миллиард сом төлөгөн. Жалпысынан Матраимов бюджетке 19,5 миллиард сом төлөдү. УКМКнын маалыматы боюнча анын баарын накталай төлөгөн жок. Мүлкү менен да төлөгөн.

Эске салсак, Райым Матраимовго үстүбүздөгү жылдын январь айында издөө жарыяланып, апрелде колго түшүрүлгөн. Ал эми март айында соттун чечими менен тергөө абагына киргизилген.

Ата-баланы издөө иштери токтотулду

Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кетип, дайынсыз кеткен ата-баланы активдүү издөө иштери 13-ноябрда токтотулду. ӨКМдин маалыматы боюнча, мындан ары бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турат.

Эске салсак, Өрнөк айылынын тургуну 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштери бир айга жакын уланып, куткаруучулар менен жалпы 30дан 120га чейин адам жана дрондордун, дүрбү, рация, авариялык куткаруу автоунааларынын жардамында изделип келген. Буга чейин Президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.

Унаа сатып алууда сак болуңуздар!

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды чет өлкөлүк номерлүү унааларды сатып алууда сак болууга чакырат.

Акыркы учурларда Армения, Абхазия, Россия өңдүү чет өлкөдөн Кыргызстандын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп кирип, (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовдору жана башка тетиктери) бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлары аныкталган. Эч кандай чек арадан, бажыдан унаанын өлкөбүзгө киргендиги катталбай туруп, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турган.

Мындай фактыларга жол бербөө максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана ЖКККББнын Издөө бөлүмү өлкөдөгү чет өлкөлүк номерлүү унааларды тартипке жана иретке келтирүү максатында Мамлекеттик бажы кызматы, Салык кызматы жана «Унаа» мамлекеттик агенттиги менен биргелешкен иш-мерчем түзүп, жакынкы күндөрү рейддик иш-чараларын дагы жүргүзмөкчү.

Нарында жаңы мектеп салынды

Нарын шаарында 375 орундуу мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 141 млн. сомду түзгөн.

Белгиленгендей, жаңы курулган мектеп 3 блоктон турат эки кабаттуу окуу корпус, спорт зал, өтмө галереясы бар. Ошондой эле долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары китепкана, китеп окуу бөлмөсү, ашкана, дарылоо кабинети, компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган. Билим уясынын жалпы аянты 2297 чарчы метрди түзөт.

                                                                                        А.Акимбаева

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар