21-ноябрда эртең мененки саат 08:30да Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынан билдиришкендей, атайын техниканын жардамы менен жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери кызуу жүрүүдө.
Мекеме айдоочуларды ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгуу керектигин, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертет.