Суббота, 28 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

«Ак илбирстин саны былтыркы жылга салыштырмалуу көбөйдү»

Кыргызстанда болжол менен 400гө жакын ак илбирс бар. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев билдирди.

Анын айтымында, мониторинг министрлик тарабынан фотокапкандын жардамында жана жергиликтүү жарандардан сурамжылоо менен жүргүзүлөт.

«Регионалдык жана бейөкмөт уюмдар тарабынан жыл сайын бардык жапайы жаныбарларга жана ак илбирске мониторинг жүргүзүлөт. Ак илбирсти саноодо эки методика бар. Бейөкмөт уюмдар өзүнчө санак жүргүзсө, биздин министрлик өзүнчө башка методика менен санак жүргүзүшөт. Азыр Кыргызстандагы ак илбирстин так санын айта албайбыз, бирок болжолдуу эсептөө менен алганда алардын саны 400гө жакын», — деди Адис Мадиев.

Өз кезегинде NABU Кыргызстан уюмунун директору Толкунбек Асыкулов жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Жыргал Сагындыков былтыркы жылга салыштырмалуу ак илбирс көбөйгөнүн кошумчалады.

«Ак илбирсти саноо абдан татаал иш. Илбирстер окшош болгондуктан бир илбирсти эки жолу, же болбосо эки илбирсти бир кылып санап алуу ыктымалдуулугу бар. Болжол менен айтканда министрлик 400гө жакын деп атат, ал эми биз 300дөн 350гө чейин деп жатабыз. Мындан улам биз так санын айта албай жатабыз. Бирок, баса белгилеп айтчу нерсе, ак илбирстин саны былтыркы жылга салыштырмалуу көбөйдү», — деди ал.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда жапайы жаныбарларды жана экосистеманы сактап калууга багытталган 23 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы бар.
Кыргызстанда ак илбирстер Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө көп кездешкендиктен Сарычат – Ээрташ мамлекеттик коругу уюштурулган. Андан сырткары, “Хан-Теңри” мамлекеттик жаратылыш паркы ак илбирстин санын сактап калуу максатында уюштурулган.

Белгилей кетсек, 2023-жылы президент Садыр Жапаров «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар