Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Кыргыздын 100 керемети

Президент С.Н.Жапаровдун колдоосу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Кыргыздын жүз керемети” китеби жарык көрдү.
Бул китепте кыргыз элинин улуттук 100 өзгөчөлүгү, 100 макалы, 100 осуяты, 100 каада-салты, 100 таанымал тарыхый жерлери, 100 улуу инсаны, 100 дөөлөтү жана өнөрү, келечектеги 100 кесип, исламдан 100 насаат жана 100 жаштар лидери, эң кызыгы, атактуу инсандардын кыргыздар жөнүндөгү 100 сөзү камтылган. Ар бир кыргыз баласы окуй турган 100 китептин, 100 күү жана кайрыктын тизмеси кирген. Өз улутун, мекенин урматтаган инсан үчүн зарыл басылма деген үмүттөбүз.  Китепти Элимбек Каныбек уулу түзгөн.
“Кыргыз Туусу” гезити улутубуздун уңгусун көрсөткөн бул эмгектен үзүндүлөрдү берип турмакчы.

  1. Кыргыздар – Борбор Азиядагы эң байыркы эл.
  2. Кыргыздар улуу түрк цивилизациясын түзүүчүлөрүнүн сап башында болгон.
  3. Кыргыздар VIII-IX кылымдарда Улуу Кыргыз каганатын түзүшкөн.
  4. Кыргыздар көлөмү боюнча дүйнөлүк эпикалык мурастардын ичинде биринчи орунда турган «Манас» эпосун жараткан.
  5. Кыргыздарда гана жети ата кырк ата-тегине чейин уланып, кырк урпагына чейин айтылат.
  6. Кыргыздар дүйнөдө ай, күн календарын жаратып, Орто Азия тарыхында биринчи жолу жыл календарын ачкан. Дүйнөдө төрт эле календарь бар: григориан календары, еврей календары, чыгыш календары анан кыргыз календары.
  7. Кыргыздар – СССР доорунда дүйнөгө «Кыргыз керемети» аттуу киноиндустриясы менен таанылган эл.
  8. Кыргыздар атактуу күлүктү же бүркүттү атактуу баатыр катары даңаза кылган эл.
  9. Кыргыздар «Тегин билбегенди тентиген кул» дейт.
  10. Кыргыздар гана дүйнөдө «жандуу эпосу» бар эл. Ал – «Манас».
  11. Кыргыздар – аба-ырайына касиеттүү сөз менен таасир этип, жаан жаадырып, дарым, бадик ырын айтып, адамды сөз менен дарылап, ар бир сөзгө өзгөчө маани берген эл.
  12. Кыргыз тили түрк тилдеринин ичиндеги эң байыркы тилдердин бири. «Кыргыз» деген сөз «түрк» деген сөздөн VII кылым мурда кездешет.
  13. Кыргыз элинде гана «Калк башы көпүрө болсо – аттабагын, хан башы көпүрө болсо аттагын» деген макал бар.
  14. Мухаммед Хайдар кыргыздарды «Моголстандын тоо аpcтандары» деп атаган.
  15. Кыргыздар намысты өлүмдөн бийик туткан.
  16. Кыргыздардын тарыхында түрмө, карылар үйү болгон эмес. Ал эми эң оор жазасы – элден чыгарып коюу.
  17. Кыргыздар билимдүү, баамчыл, китеп жазган адамды сыйлаган.
  18. Кыргызда гана төкмө акын эл башчысын сындап эл алдында ырдай
    алган.
  19. Кыргыздар кушка, жылкы баласына, адамга сынчыл көз караш менен өзгөчө көңүл буруп, жылкынын мойнуна, соорусуна, кулагына, маңдайына, көзүнө, куйругуна, жалына, көкүрөгүнө, шыйрагына, белине карап сын берген. Кыргыздар жылкыны 800 сөз менен сүрөттөп айтат.
  20. Кыргыздар көчмөн элдердин туу башында турат. Кыргыздар мусулман доорунан 3400 жыл илгери жаралган.
  21. Кыргыздар сыйчыл болгон. Улууну атынан эмес, тергеп айткан.
  22. Кыргыздар ак кууну, бүркүттү, шумкарды, көгүчкөндү, кайыңды жана мөңгүнү ыйык туткан.
  23. Кыргыздар бир сутканы (24 сааатты) 34 маалга бөлүп айткан. Ар убакыттын ортосу 40-45 мүнөттөн болгон.
  24. Кыргыздар үрөн сепкенде кең пейилден «Эң алгачкы түшүм – жетимге, жетимден ашса жесирге, алардан артса мага» деп тиленишкен.
  25. Кыргыздар үчүн аманатты жеткирүү ыйык парз.
  26. Кыргыздар үчүн көчүүнүн да жазылбаган эрежеси болгон. Мисалы, көчтү бузбайт, көчтүн башын байбиче баштайт, көч турган жерди таза тутунат, көч келе жатса жолунан тосуп ак сунуп тамак ооз тийгизет, жүктү тең артат, көч барган жеринде курмандык чалынат.
  27. Кыргыздар гана эки адамды эмчектештирип, бир тууган дос кылган. Кыргыздар куш менен шилекей алышып дос болгон.
  28. Кыргыздардын мал күтүү эрежеси болгон.
  29. Кыргыз музыкасы, детоникасы эң байыркы музыка болуп эсептелет.
  30. Кыргыздын улуттук аспабы комуздун жашы 3000 жылга барабар.
  31. Кыргыздардын тулпар таптоо эрежесине ылайык: уктап жаткан кулунду ойготпойт, күлүк менен жоргону тушабайт.
  32. Кыргыздарда ар жаныбардын колдоочусу бар. Ойсул-Ата – төөнүн пири, Камбар-Ата – жылкынын пири ж.б.
  33. Арстанбек 500 күү билген.
  34. Саякбай 23 күн тынбай «Манас» айткан.
  35. Кыргызстанда 7000 метр бийиктиктен ашкан үч чоку бар.
  36. Кыргыздарда ыраазы болуунун, алкоонун 40тан ашык түрү бар.
  37. Кыргыздар адамдын жаш курагын 57ге бөлүп айтат.
  38. Улуу Кыргыз каганат доорунда согуштун 60тан ашык ыкмасы болгон. «Манас» эпосунда согуштук курал найзанын эле 31 түрү айтылат.
  39. «Арам оокат аш болбойт» дейт.
  40. «Жетимге камчы көтөрбө» дейт.
  41. «Жесирге катуу сөз айтпа» дейт.
  42. «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» дейт.
  43. «Элиң менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» дейт.
  44. Келдибек манасчы манас айтканда боз үйдүн жасалгаларын: уук, түндүгүн бир күн, кийиз жабууларын бир күн, ала кийиз, шырдак, туш кийиз, аркан-жибин бир күн айткан экен. Кыргыздар гана боз үй ааламын чечмелей
    алат.
  45. Кыргыздар чөптүн 700 түрүн дарылыкка пайдаланган.
  46. Кыргыздар оюуну окуйт. Кадимки уздар ойгон оюунун эле 173 түрү болгон. Ал оюу ар кандай болуп 3500 түрдө таркалган.
  47. Камчы өрүмдүн 5 түрү: үч өрүм, жазы өрүм, терме өрүм, жылан боор өрүм, суйсалма өрүм бар. Кыргыздар камчыны отко жаккан эмес. Кыргыздар гана моюнга камчы илип кечирим
    сурайт.
  48. Кыргыздарда тамырды кармоо менен оорунун 60 түрү аныкталган.
  49. Кыргыздар бүркүттүн кыраакылыгын 65ке бөлүп айткан.
  50. Кыргыз элинде улуттук тамак-аштын 400 түрү бар.
  51. Кыргыздарда чүкөнүн 51 аты, чүкө оюнунун 50дөн ашык түрү бар. Дүйнөдө кыргыздар гана Ордо, Упай ойногон. Айрым учурларда чүкө менен гана төлгө салган.
  52. Кыргыздар жаан жаабай, кургакчылык башталса, бата тилеп, түлөө өткөргөн.
  53. Мал короодо мал сойбойт.
  54. Кыргыздар жылан үйгө кирсе, ак чачып узаткан.
  55. Кыргыздар жыл нарктуу болоорун жазда эле билип айтат.
  56. Байыртадан кыргыздар гана акыркы сапарга узаган адамды кошок кошуп узаткан.
  57. Башына иш түшсө жалпылап ашар кылып, жардам беришет.
  58. Бешикке баланы бөлөөрдүн алдында астына камчы, канжар, башына нан коюп, оң колун бошотуп маңдайына чүкө илип койгон.
  59. Кыргыздар булуттун 5 түрүн сыпаттап айтып келет: жука булут, кара булут, топ булут, кара кочкул булут, ак булут.
  60. Кыргыздарда гана жыл санагы малдын, кийиктин туут мезгили менен байланышкан.
  61. Кыргыздар эски көпүрөнү бузбайт, аккан сууну булгабайт.
  62. Кыргыздарда баланын эненин ичинде жаткан тонун ыйык тутат.
  63. Кыргыздар гана кайберендин каргышы кечирбейт дешет.
  64. Кыргыздарда гана эл менен көргөндү чогуу көрөбүз деп айтышат.
  65. Кыргыздар гана тобо кылат, аруу тутат, арча түтөтөт, арбак ыраазы болсун дешет.
  66. Кыргыздарда уурулук, калп айтуу киши өлтүргөнгө барабар кылмыш болуп эсептелет.
  67. Кыргыз тайганы илбирс, бугу, каман, марал, аркар, кулжа, карышкыр алган. Ал эми дөбөтү болсо жоо менен кармашып, ээсин коргоп ат үстүндөгү кишини алган.
  68. Илим далилдегендей, кыргыздардын генинин 63 – хромосом гаплогруппасы R1 A 1 (М17 М198) таандык. Бул топ 15 миң жыл илгери R1 гаплогруппа сынык мутациясынан пайда болгон.
  69. Кыргыздарда гана «Хан бийлигинен нарк күчтүү» деп айтылат.
  70. Кыргыздарда өлүм жазасын хан же бий берген эмес, эл өзү жазалаган.
  71. «Убал», «кесир», «адал», «аруу», «сообу тиет» – деген түшүнүктөр кыргыздарда гана бар. Жетим көрсө асырап алган.
  72. Адам мүнөзүн ажыраткан 100дөн ашык сөз бар.
  73. «Алматыга жакын Иссык шаарында табылган «ыйык адамдын» (алтын кабы менен) генин изилдегенде түбү кыргыз болуп чыкты.
  74. Жоргонун эле 7 түрү бар. Суу жорго, жол жорго, кой жорго, чалма жорго, шайбыр жорго, терме жорго, чайкама жорго деп аталат.
  75. Кыз адеби, сөз адеби, устукан адеби, дасторкон адеби, куда тосуу адеби, сөөк адеби өзүнчө.
  76. Кыргыздарда гана «маңкурт» деген түшүнүк бар. Ал сөз башка тилге которулбайт.
  77. Кыргыздар мазарды, антты, түндүктү ыйык тутат. Кыргыздар мазарга барганда байлык, бийлик, башка бир адамга жамандык суранбайт.
  78. Кыргыздар санжырада жетимиш атага чейин кайрылат.
  79. Кыргызда баатырдын эле 40 түрү болгон.
  80. Кыргызда гана өзүнүн жоосунун ысымын балдарына ыйгарган. Мисалы, Жолой, Коңурбай, Кененсары ж.б.
  81. Телегейи тегиз дүйнө, бир кем дүйнө кыргыздарда гана бар.
  82. Окумуштуулардын айтуусу боюнча кыргыздар мезолит, меолит доорунан бери калыптанган.
  83. Кыргыз жергесинде өсүмдүктөрдүн 4500дөй түрү белгилүү. Анын ичинде өсүмдүктүн 315 түрү дүйнө жүзү боюнча Кыргызстанда гана өсөт.
  84. Төрөбек Төрөкандын «Зар заман» деген китебинде кыргыздын 7 миң жылдык тарыхы жазылганын далилдейт. Ал китепти көчүрүү үчүн 17-кылымда Чынтемир баатыр 70 аксакал, 32 казы менен 6 жыл бою жазып, акысына 135 миң кой алган.
  85. Кыргыздар азыркы күнгө чейин малдын чучугун чагып жеген байыркы элдердин бири.
  86. Кыргыздар тарыхта итти, жылкыны, бүркүттү колго биринчи үйрөткөн эл. Көөрүктү биринчи табышкан. Устачылык өнүккөн.
  87. Түркиянын Изник шаарында ХI кылымдын соңунда шаарды жеңип алууда жана Анадолу, Селчук мамлекетинин борборунун түптөлүшүнө салым кошкон кыргыздардын урматына Орхон казы тарабынан айкел орнотулган.
  88. Кыргыздарда ай, күн санагы то-гоолго карап ай кандай жаңырганын билген. Жылдыздарды так ажыраткан. Сумбула жылдызы чыкканда суу муздайт, чөп катат. Тараза жылдызы чыкканда таң сууп, чиркейлер жоголуп, мал семирет. Үркөр батпай жер жылыбайт, чилде чыкканда жай аяктайт, үркөр таң алдында чыкканда шүүдүрүм болуп жер салкындайт. Үркөр так төбөгө келгенде кыш да келет. Кыргыздар муну миң жыл илгери эле аныктаган.
  89. Кыргыздар – түрк мусулман элдеринен таруудан бозо салган жалгыз эл. Бөлөк элде таруу отоо чөп сыяктуу кабыл алынат. Таруунун бир даны 1200 түшүм берет. Буудай, арпа андан он эсе аз. Бир гектар жерге 10 кг таруу сепсе, ал эми арпадан 230 кг сепкенге туу-ра келет. Калориясы да күчтүү. Арпа, буудай 168 күндө бышса, таруу 60 күндө бышат.
  90. Талас дайрасынын жээгинде 1269-жылы Орто Азиядагы биринчи курултай Таласта өтүп ага Чагатай, Өгөдөй, Жуучу катышкан.
  91. Дүйнөдө чийден буюм-тайым жасаган эл – бир гана кыргыз эли.
  92. Байыркы кыргыздар сөөктөн буюмду биринчилерден болуп жасашкан. Эне-Сай цивилизациясында чоюнду, жезди, темирди биринчи кыргыздар
    эритишкен.
  93. Боз үйдү, ак калпакты биринчи ойлоп табышкан. Кийимдерди, үй-тиричилигине керектүү буюмдарды жаныбардын жүнүнөн, терисинен алгачкылардан болуп кыргыздар жасашкан.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар