Медиа адис жана экологиялык активист Исмаил Карыпов менен болгон маегибизде экологиялык маселелерге коомдун көңүлүн буруу, жаратылышты сактоо жана жаштардын ролу тууралуу баарлаштык.
– “Эко-кыймыл”, “экоадам” деген түшүнүктөрдү чечмелеп берсеңиз.
– Негизинен “экоадам” кыймылына мен үч нерсени киргизгем. Экоадам кыймылы — жаштарга эле эмес баарыбызга, экологиялык абалга кайдыгер эмес адамдарга тиешелүү. Башкача айтканда, Жер Энени сактоо үчүн экология призмасы аркылуу кыргыз тилин, каада-салтты үйрөнүү. Анткени өзүм жаңыдан үйрөнүп келатып, ошого такалып калдым да. Көрсө, бизде Жер Эне экология менен абдан тыгыз байланышта экен.
“Экоадам” түшүнүгүнүн ичинде “экожигит”, “экоайым” бар. Бул кыймылдын пайда болгонуна 4 жыл болуп калды. Онлайн марафон катары пайда болуп, андан кийин адамдар өздөрү колдоого алышты. Социалдык түйүндөрдө #хештегдерди коюп, өздөрүн экоадам деп айта башташты. Биринчи Бишкектин ичинде, андан кийин Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көлгө, кыскасы региондорго таркап кетти.
– Эко-активизм жана медианын ортосундагы байланышты кандай сыпаттайсыз? Медиада экологиялык темалар көбүрөөк талкууланган сайын, адамдардын жарандык жоопкерчилиги өзгөрөбү?
– Медиа адис катары, идея аркылуу коомдун өзгөрүшүнө ишенем. Биз канчалык көп талкууласак, канчалык көбүрөөк маселени көтөрсөк, ошончолук натыйжалуу болот. Эл билбеши мүмкүн. Биринчисинде угат, көңүл бурбайт. Дагы айта баштаганда, бир аз көңүл буруп баштайт. Андан кийин билип, түшүнүп баштайт. Айта кетсем, өзгөртүү теориясы маркетингде ушундайча иштейт. “Аа, климат өзгөрүп жатыптыр, “смог” деген жаман нерсе экен, мунун баары жөндөн-жөн болбоптур, муну биз жаратыптырбыз. Жаратылыштын ичинде бар экен, бирок аны биз козгоп жатыптырбыз” деген аң-сезимге жете баштайт.Ошондуктан каякка барбайын болушунча экологиялык көйгөйлөрдү айтып турам.
Кээ бирөөлөр Грета Тунбергди жамандашы мүмкүн. Аны жөн эле кыйкырат деп. Бирок ал ошол аркылуу климаттын өзгөрүшүнө элдин көңүлүн бурдурду. Негативдүү болсо дагы, позитивдүү болсо дагы көйгөй тууралуу элге жарыя салды.
– Таштандыны сорттоо менен маселе чечилеби?
– Тилекке каршы, сорттоо кичинекей көйгөйдү чечет. Эң негизгиси, бул жалаң эле сорттоо эмес, таштандыны жаратуудан баш тартуу. Мындайча айтканда, сарамжалдуулук жардам берет. Дайыма эле сатып алып, сорттой бергендин пайдасы бар болсо дагы, аз. Таштандыны жаратып алып күрөшкүчө, жаратпаган жакшыраак.
Бул жактан кыргыздардын философия-сын айтуу керек. Табиятка аяр мамиле кылуу биздин ата-бабалардан келген. Биздин каныбызда, үрп-адатыбызда камтылган. Мисалы, боз үйдүн ичинде ашыкча эч нерсе жок. Ыңгайлуу, тез чогултуп, тез курасың.
Сатып аларда ушул нерсе бизге канчалык керек, керек болгон күндө да, ал канчалык сапаттуу? Көп убакыт колдоно алабызбы? Жараксыз болуп калганда каякка тапшырсак болот? Кимге берсек болот? Мисалы, кыргыздарда курак бар го.
– Суу же электр энергиясын үнөмдөөгө өзгөчө шарттар деле кереги жок го?
– Бул суроого көп нерсе таасири тиет го дейм. Бирок биринчиден бул «неосознанность», мындайча айтканда көпчүлүгүбүздүн аң-сезимибиз түшүнбөй жатат, ушундай жөнөкөй нерселердин жаратылышка чоң таасири тийиши мүмкүн экенин. Жарандык жоопкерчилик жок сыяктуу сезилет. Аны мамлекеттен, мектептен жана ата-энеден берилет деп дагы ишенем. Кичинекей кезден баштап айтып турса, ошол бала билип жана көрүп, анализдеп баштайт.
– Келечекте экологиялык кыймылдар кандай багытта өнүгүшү мүмкүн?
– Тилекке каршы, климаттын өзгөрүшү, глобалдык жылуулукка карата, ыштын жылдан-жылга көбөйүшү, ресурстар азайып баратканына карата экологиялык тармак, тактап айтканда суроолор, көйгөйлөр мындан дагы чоңоюп баштайт. Эл дагы ушундай оор кырдаалга жеткенде көңүл бурат.
Ошондуктан, экологиялык кыймылдын багыты алдыда кенен. Азыр менден жаштар кайсы кесипти тандаш керек деп сурап калса, аларга күн, суу ж.б энергияны пайдалануу, экологиялык инженерия, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кесиптер бар, ошолорду тандагыла деп айтам. Эколог, геологдордун жетишсиздиги азыр эле байкалат.
– Экология темасында көп илимий макалалар, баяндамалар бар го. Бирок коом андай материалдарга эмнеге көп көңүл бурбай калды?
– Ооба, алар абдан көп. Менин буга эки жообум бар. Биринчиден, алар аябай илимий, оор тилде жазылган. Бардык андай жазылган материалдарды жөнөкөй адамдарга окуш оор болот. Экинчиден, илимий адамдар көптөн бери ошол тармакта жүрүп, аларга деле оор нерсени жалпак тилде жазуу кыйын болот да. Ошондуктан ортодо көпүрө болуш керек. Көпүрө катары, экоактивисттер, журналисттер, медиа адистер кызмат кылышы керек. Алар ошол нерсени жатык тилде түшүнүктүү кылып талкуулап, ар кандай форматтарда элге бериши шарт.
Бирок дал биздин региондорго тиешелүү изилдөөлөр аз. Бар болсо да, жеткизе албай жатышат. Анткени элдин көңүлү жок десе да болот. Башка бир тараптан бул жакта орчундуу ролу бар мамлекет, бизнесмендер салым кошсо жакшы болмок. Бизнесмендер экоактивисттерди, журналисттерди чакырышы керек, бизге “мына ушундай илимпоздор бар, ушулар менен иштешип, элге маалымат жеткиргиле деген” тапшырма берип, атайын платформа түзүшү керек.
– Аймактык жана жергиликтүү экологиялык көйгөйлөрдү дүйнөлүк медиа мейкиндигинде кантип жакшыраак көрсөтсө болот? Мисалы, сиз эл аралык уюмдар менен иштешип жүрөсүз.
– Абдан жакшы суроо бердиңиз. Негизи акыркы 3-4 жыл болуп калды. Биринчиден, мисалы президент БУУнун деңгээлинде тоолор жылын көтөрүп чыгарбады беле. Бул эл аралык деңгээлдеги кадам болгон. Экинчиден, биздин журналисттер англис тилинде Кыргызстандын, Борбор Азиянын көйгөйлөрүн жазып чыгышат. Бизге окшогон активисттер эл аралык конференцияларга барганда көйгөйлөрдү көтөрүшөт. Эң негизгиси жөн эле көйгөйдү көтөрүү эмес, эл аралык конференцияларда “Биздин өлкөбүзгө силердин өнөр-жайдын чоң таасири тийип жатат. Силер эртерээк атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын көзөмөлдөгүлө” деп ачык айтуу.
Анткени, биз ири өлкөлөргө караганда анчалык көп СО2ни таркатпайбыз. Биздин регионалдык көйгөйлөр, мисалы, ыш. Бишкек дүйнөнүн эң көп булганган шаарларынын тизмесинде. Бул баарыбыздан биргелешкен аракетти талап кылат.
– Экоактивизмде жаштардын ролу кандай? Жаштар тарабынан сунушталган 1-2 долбоорду айтып берсеңиз.
– Жаштардын ролу чоң. Кыргызстан, дегеле Борбор Азияга келсек, калктын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Ошондуктан, ким көп керектөө жасайт, салым кошот – бул жаштар. Кубанткан долбоорлорду айтып кете турган болсом, “экоадам кыймылынын” мүчөлөрү күч-кубат. Мисалы, онлайн марафонду жүргүзгөндөн кийин, мен ушул элеби, бүттүбү деп ойлоп калгам. Ошентип отурсам 1-2 ай өткөндөн кийин баткендик окуучу мага видео тартып жөнөтүп ийди. Алар мектепте балдар менен ишембилик жасай башташыптыр.
Экинчиси, “Студенттер Кыргызстандын жашыл экономикасы үчүн” деген уюм бар. Алар тоолордун четтерине барып бактарды тигишет. Ошондой эле, “Блогер бол” деген долбоордо жаңы чыгып келе жаткан блогерлер экологиялык көйгөйлөрдү чыгармачылыктарына жараша ар кандай кылып көтөрүп чыгышат.
– Абадагы зыяндуу заттардын деңгээлин азайтуу үчүн жеке адам эмне кыла алат?
– Мисалы, Бишкектеги ышты айталы. Ышты жараткандар ар кандай фабрикалар болуп жатпайбы. Текстиль өнөр-жайлары көп таштанды чыгарышат. Полигондо таштандыларды өрттөп жатышат. Сапатсыз бензиндер колдонулуп жатат.
Албетте, ар бир адам салым кошот. Бирок баары бир эң чоң салым кошо турган – бизнес жана мамлекет. Ошондуктан ар бир адам көбүрөөк маалымат окуп, анын зыяндуулугун билсе, ошондо кыймылдап башташат. Байкашымча көп адам билбейт. Ар бир адам эмне кылса болот? 1.Маалымат алуу, окуу, таратуу; 2.Ар кандай заттарды жагуудан баш тартуу. 3. Жер үйдө жашап жатса, газга өтүү ж.б.
Уулжан Бейшенбекова, “Кыргыз Туусу”