Жеке турак үйлөрдө төрт күн ысык суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек жылуулук тармагынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-марттан 1-апрелге чейин жылуулук тармактарын текшерүү үчүн ысык суу берүү токтотулат. Ишкана бул борбордук жылуулук тармагына кошулган жеке сектордогу үйлөргө гана тийиштүү экенин белгиледи.
Бардык суроолор боюнча ишкананын абоненттери төмөнкү номерлер аркылуу кайрыла алышат: 1980, 0312611169, 0557611166, 0701611166.
Техникалык кызматтардын номерлери: 0312365719, 0312300767, 0312510622, 0312217406.