Абалкы “Эркин Тоо”, азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин көз жарышы, ошол учурдагы бир ууч улуттук интеллигенция, жаңы эле түптөлгөн Кара-кыргыз автономиялуу мамлекети, туташ сабатсыздыктын туманы баскан кыргыз журтчулугу үчүн көздөн учкан көк жээк же көптөн тилеген наристе жарыкка келгендей эле болгон. Кыргыздын “Түбөлүгү түз болсун” деген касиеттүү сөзү бар. Ошондогу түмөн түйшүк менен “Эркин Тоо” гезитинин алгачкы санын чыгарган калемгерлерибиз, гезиттин келечеги кең болушун тилеп, кадимкидей эле ак батасын берип узак жолго салышыптыр.
Эшеналы Арабаевдин ак батасы
Быйыл Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө (1924-жылдын 14-октябры) 100 жыл болот. Саясий мааниси теңдешсиз бул окуя – бүгүнкү көз карандысыз Кыргызстандын пайдубалын негиздеген, мамлекетибиздин тарыхындагы улуу бурулуш эле. Туңгуч мамлекетибиз менен киндиктеш, тагыраак айтканда ошондон бир айга жетпей Кара-кыргыз автономиялуу облусунун басма сөз органы катары жарык көргөн (1924-жылдын 7-ноябры) “Эркин Тоо” (“Кыргыз Туусу”) гезитине да 100 жыл толуп отурат. Кылым жашына келип, кыргыз элине опол-тоодой кызмат кылган гезитибиздин бай тарыхына кайрылсак, оозго сала бергенсип гезиттин “Эркин Тоо” деп аталышынын өзү да ошол учурдун демин, маанайын чагылдырып турганын байкайбыз.
Гезиттин аталышын Ташкенттеги кара кыргыз илимий комиссиясынын мүчөлөрү Базаркул Данияров, Касым Тыныстанов, Эшеналы Арабаев үчөө акылдашып отуруп, Эшеналы Арабаевдин сунушу менен “Эркин Тоо” деп коюшуптур. Кийин булардын ар кимисинин “Эркин Тоо” гезитине кошкон салымдары тоодой болгон.
Өз учурунун чыгаан инсаны, улуу агар-туучу, туңгуч “Алиппе” китебинин автору, Сагынбай Орозбаковдун “Манасын” жаздыруунун негизги демилгечиси, “Эркин
Тоонун” алгачкы жооптуу катчыларынын бири, нукура журналист Эшеналы Арабаевдин “Кыргыз Туусу” гезитинин тарыхый музейинде сакталып турган, гезиттин биринчи санына жарыяланган “Эркин Тоо” аталган баш макаласынан үзүндү келтирейин (төмөндө Э.Арабаевдин ушул макаласы “Эркин Тоого кандай жарыяланса, ошондой бердик):
“Кыргыз – кыргыз болгону гезит, журнал, китеп дегенди көрбөй-билбей, ары чети өз журтундагы тиричиликтен, саясаттан, маданияттан артта калып, караңгылыкта камыккан. Мына эми эрктүү облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң, Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп, бул гезитти чыгарып отурат… Бул гезиттин табияты көңүлдү элжиретип, көздүн жоосун алган эркиндик менен тоону кошуп “Эркин Тоо” деп койдук. Эми муну бек карма кыргыз, бек карма”.
Кайран кишинин тилегин, берген ак батасын карачы. “Эркин Тоо” гезити алгачкы авторлору көксөгөндөй ошол бойдон колдон түшкөн жок. Айтылгандай бек кармадык. Бүгүнкү күндө бир кылымдык жолду басып өтүп, бай тарыхка ээ болуп отурушу бардыгыбыздын сыймыгыбыз. Бул аралыкта элибиздин күндөлүк турмушун, ысык-суугу аралаш басып өткөн улуу жолун дээрлик ар бир санында чагылдырып келе жаткан гезитибиздин көтөргөн жүгүн эч нерсе менен салыштыра да албайсың.
Алгачкы редактор Осмонкул Алиев
Гезиттин алгачкы санын чыгаруу оңой-олтоң иш эмес эле. Биринчиден ага чейин кыргызда Эшеналы Арабаев айткандай гезит, журнал чыгаруу тажрыйбасы түгүл, жаза турган жазмакери да болбогондугу да аны чыгарууда чоң уюштуруучулук ишти талап кылган. Кыргыздын туңгуч интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлү, гезиттин алгачкы жооптуу редактору Осмонкул Алиев гезитти чыгарууда көптөгөн түйшүктөрдү баштан өткөргөн. Ал 1924-1926-жылдары “Эркин Тоо” гезитине беш жолу редакторлук кылган. Бул анын советтик-партиялык ишмер катары бир эле учурда мамлекеттеги башка жооптуу кызматтарды аркалагандыгына байланыштуу болгон.
Ошондой эле ал “Эркин Тоо” гезитинен кийин 1926-30-жылдарда “Коммунист» журналынын редакторлук милдетин аркалаган. Мындан улам Осмонкул Алиевди кыргыз журналистикасынын негиздөөчүсү, туңгуч редактор деп тайманбай эле айта
алабыз.
Осмонкул Алиевдин “Эркин Тоо” гезитинин биринчи номерине редактор катары кол койгон учурунда 21 гана жашта болгондугу суктандырбай койбойт. Ал “Эркин Тоо” гезитине редакторлукка дайындалып жаткан учурда же 1924-жылы РКСМ Кыргыз обкомунун (Кыргызстан комсомолу) 1-катчысы, РКП(б) Кыргыз обкомунун (Кыргызстан коммунисттик партиялык уюму) катчысы кызматын аткарып турган. Өтө өкүнүчтүүсү кыргызга бир келген кыраан жигиттин 1937-жылы Кыргыз ССР Эл агартуу комиссары (министри) болуп иштеп жаткан учурунда репрессиянын курмандыгы болгондугу кабыргаңды кайыштырып жиберет.
Осмонкул Алиев мамлекеттик кызмат иштери менен катар “Эркин Тоо” гезитин чыгарууда мыкты уюштуруучу болгонун да көрсөтүптүр. Ал калеми төшөлүп калган Сыдык Карачевди атайы Караколдон чакыртып алса, корректорлук кызматка Ташкенде окуп жүргөн, сабаты мыкты Мустафа Акматовду дайындайт. Кадимки Кусейин
Карасаевди да ишке тартат. Ошону менен “Эркин Тоонун” биринчи санын төрт киши чыгарган (Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев, Мустафа Акматов). Мындан тышкары ошол учурда Ташкендеги казак-кыргыз агартуу институтунан окуп жүргөн А.Токомбаев, К.Жантөшев, С.Сасыкбаев, М.Абдукаримов ж.б. кыргыз жаштары “Эркин Тоонун” тара-туучулары жана авторлору болушкан.
“Эркин Тоонун” алгачкы сандары арап тамгасынан которулду
“Эркин Тоо” гезитинин тарыхына кайрылганда, иликтөөчүлөр, тарыхчылар, журналисттер үчүн гезиттин алгачкы сандарынын арап тамгасында чыгышы бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Болгону айрым иликтөөчүлөр тарабынан үзүл-кесил которулганы болбосо, туңгуч гезитибиз тууралуу колго илинерлик материалдар жокко эсе эле.
Түркология илиминин PhD доктору Гүлзада Нармаматова гезиттин алгачкы сандарын арап тамгасынан кириллицага которуп чыгып чоң эмгек жасады. Тилекке каршы, “Эркин Тоо” (1924-1927)” деген аталыштагы бул китеп каражаттын айынан окурмандарга жете элек.
“Кыргыз Туусу” гезити өзүнүн 100 жылдык мааракесине карата каражат табылып калса бул эмгекти китеп кылып чыгаруу максатын көздөйт, ошондой эле Г.Нармаматова арап тамгасынан которгон “Эркин Тоонун” алгачкы сандарында жарыяланган макалаларды мындан ары сандан-санга басып турууну чечтик.
Түрколог Г.Нармаматова: «Эркин-Тоо» гезити жөнүндө
Кыргыз тарыхында эң алгачкы кыргыз тилиндеги басылма болгон «Эркин-Тоо» 1924-жылы 7-ноябрда арап тамгасында Ташкент шаарында басылып чыга баштаган. «Эркин-Тоо» гезитинин басылып чыгышына себепкер болгон көрүнүктүү кыргыз айдыңдарынын бири Ишенаалы Арабаев гезиттин алгачкы санында гезиттин аты тууралуу макала жазган.
«Эркин-Тоо» гезитинде Осмонкул Алиев, Ишенаалы Арабаев, Жусуп Абдрахманов, Сыдык Карачев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Шарип Көкөнов Т.Осмон келини, Орозбек уулу, Эсенаман уулу, Касым уулу, Ыбырайым уулу, Жантеке уулу, И.Жээнбай уулу, Орунбек Жуман-аалы уулу, Б.Насыр уулу сыяктуу бүгүнкү күнгө чейин аттары аталып да, аталбай да келген кыргыздын кыраандары иштешкен. Алардын кыргыз эли үчүн жасаган опол тоодой эмгегинин жемиши, элдин сабатсыздыгын жоюуга кошкон салымы ушул гезит аркылуу ишке ашкан десек
жаңылышпайбыз.
Гезит бетиндеги көпчүлүк жерлерде өз аты жөнүн так жазбай лакап аттары же болбосо өз атынын жана атасынын атынын баш тамгалары берилген. Бул жерде улуттук, патриоттук маанайдагы макалаларды жазууда айрымдар өз аттарын атоодон баш тартышканын баамдоого болот. Саясий куугунтукка каршы этият мамиле жасагандыгына карабастан кыргыз айдыңдары 1937-38-жылдары Сталиндик репрессияга кабылып, атылып кеткен. Алардын арасында тирүү калган Сыдык Карачев болсо өмүрү өткөнчө улутчул катары айыпталып, сүргүндө жүргөн.
1925-жылдын жаз айларынан баштап «Эркин-Тоо» гезити Фрунзеде басылып чыга баштайт. Албетте алгачкы басма сөз каражаты болгон бул гезит кыргыз элинин билим алуусунда, дүйнө таанымынын кеңейүүсүндө өзгөчө роль ойногондугу белгилүү. 1926-жылы Баку шаарындагы алгачкы Түркологдордун конгресси болуп өтөт. Аталган конгрессте алфавитти өзгөртүү б.а. арап алфавитинен латын алфавитине өтүү тууралуу чечим кабыл алынат. Ошентип, 1927-жылдан баштап «Эркин-Тоо» гезити Касым Тыныстановдун редакторлугу астында латын тилинде чыга баштайт. Ошол мезгилдеги кээ бир саясий жана экономикалык маселелерден улам гезиттин латын алфавитине толук бойдон өтүүсү 1930-жылдарда гана ишке ашкан. Бул учурда «Эркин-Тоо» гезити «Кызыл Кыргызстан» деп атала баштаган болчу.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
“Кыргыз Туусу”