Манас жок болгон эмес, Манас кыргыздын жан туюмунда, түшүнүгүндө, көкүрөгүндө, ишениминде жашап жатат. Манастар ааламды айланып жүрүүдө, кар күрөп, мал багып жүрөт, таможенник же бизнесмен, балким базарда соодагер же чоң чиновник – күркүл болуп жүрүүдө…
Күнүнө бир нече Манас кыргызга келип, төрөлүп атат. Аборт болгону канча… балким балдар үйүндө жоодурап жол карап, таштанды челекке таштанды болушу да мүмкүн.
Абалкы Манас эми келбейт, Манастын жанын кыргызга жаңы жаратышыбыз керек, төрөшүбүз, чоңойтушубуз керек, тарбиялашыбыз керек Чоң Жиндиче… эс тартканда туйгузушубуз керек Манастыгын.
Манас бар, бирок Манасты Манас кыла турган кыргыздын өзү барбы? Болсо да кимди келечекке жаратыш керектигин болочок ата-энелер аңдай элек, түшүнө да элек. Жасалма интеллектти туу туткан, улуттук ишеними жанданбаган, кыргыз демин туйбаган, кыргыздын даамын жебеген, тилин сүйлөбөгөн, түпкүлүгүндө сокур намыс, дээринде мыдыры жок жигиттер менен ала көөдөк, жеңил баа, урпагынын назарына түкүргөн шайкелең кыздарга уул болуп төрөлбөйт Манас!
Мурдагы Манас азыр бизге келбейт, ал жаңыланып гана, кайра жаралып туруп келиши мүмкүн. Манас каны-жаны, дили таза жаратуучуларын күтүп жашоодо. Кеткен Манасты кел дегиче, келер Манаска кам көрөлү! Өзөктү ойготуп, өздү тааныйлы!
Манас эми өзгөчө жаралат. Азыр, бүгүн же эртең, бирок сөзсүз бар болот! Бир кездерде атпай кыргыз журтуна каран күн түшүп турганда «Айбалтаны ким аштайт, Азган журтту ким баштайт» деп аталар жер кезип тилек кылган, энелер эмчеги сыздап элге күйөр уул тилеген. Калк камын жейт, кара жанын карч уруп элге кызмат кылат деп, сыймык менен күткөн.
Бекеринен уул төрөлсө ай-аалам, жер-суу кубанат дешпегендир… Атам заманда аталар элдин уулу деп аташкан. Азыр уул меники же сеники, же биздики, бирок непадам элдики эмес!
Сенин уулуң элди ойлоп эмне кылат. Чек араны неге кайтарат. Армияга кызматты неге өтөйт. Ага элдин уулдары кетет, бирок сеники эмес. Сеники чабал, мажирөө, ак кол, элдин балдарындай эмес, энөө, кежир, өзүмчүл, чынбы… Анан Манас, Манас дейбиз, ураан чакырабыз, ак уруп сыйынабыз, табынабыз, ыйлайбыз… неге артисттенебиз… Жерди чукуп, бир ууч дан сеппей, билектей суу жибербей буудай, арпа, сулуну «өс» деп жерге баш урган, асмандан жаан суранган дыйканды көрсөк, өлө шылдыңдап күлсөк керек эле.
Биз жел ооздонуп, Манасты озондоп чакыргыча, китептерин байма-бай чыгаргыча, Манасты улама, баян, жомок, апыртма деп айкыргыча, Манастын прототибин көрүнгөн элдин байыркы баатырларынан жанталаша издегиче, Манастагы теңирчиликти, динди, эзотериканы кызыл чеке болуп тартышкыча, Манас төрөлө турган коомду курбайлыбы!
Дин сабагы менен ыйман сабагын киргизип, ар кайсы бай өлкөдөн грант алгыча, Манас сабагын бала бакчадан баштап мектеп программасына негизги сабак түрүндө кийирбейлиби!
Манасты калп эле ураалап айта бербестен, Манас-тагы аалам түшүнүктөрүн, адам болуп жашоо эрежелерин, педагогикасын, психологиясын, Манастагы элжерди сүйүүнү, мекенге кызмат кылууну, адеп-ыйман жолдорун жашообузга кийирбейлиби!
Манастын наркын, Манастын тилин тутунуп, Манасча сүйлөбөйлүбү, саламдашпайлыбы, ал-жай сурашпайлыбы!
Манасты жарата турган Жакыптай аталарды тарбиялап, Манасты Чыйырдыдай ак сүтүн берип чоңойто турган энелерди чыгарбайлыбы үйдөн…
Анан келет Манас, жөн келбей Чубак, Сыргак, Алманбети, Сереги менен келет. Аларды коштоп Кошой, Акбалта, Бакайлар чыгат. Баатырлар топ этип асмандан түшпөйт, бакырып бешигиңе бөлөнө калбайт, баатырларды мезгил күтөт, эл жаратат, кыргызга күйгөн гана ата-эне апкелет дүйнөгө.
Манасты тилеген эл тазаланат, арууланат, ниетин, пейилин оңойт! Ооба, Манас келет, жаңыланып, жаралып келет! Сен ишенип күт, мен да ишенем, күтөм!
Каныкей ИСАКОВА, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу