whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.06.2025
33.3 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарБишкектен аймактарга каттаган таксилерге рейд жүрдү

Бишкектен аймактарга каттаган таксилерге рейд жүрдү

Борбор калаада жеке жүргүнчү ташуучулар арасында «Парковка» рейди жүрүп, анын алкагында 39 автомашина эвакуацияланган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Батыш автобекети убактылуу «Ак-Кула» ипподромунун жанындагы участокко көчүрүлгөн. Бирок, жеке ташуучулар өз ишмердүүлүгүн шаар ичинде улантууда. Ошондуктан рейдде эски батыш автобекетинин тегереги жана Ош базарынын жанындагы Кулиев, Пушкин, Бобулов, Ростовская, Рыскулов көчөлөрүнө жакын жайгашкан жерлерлер текшерилди.
«Убактылуу Батыш автобекетинин аймагында нарколог, автотранспорттун техникалык абалын текшерүү боюнча адистер бар. «Ак-Кула» жаңы убактылуу автобекетинен Бишкек шаарын көздөй жана кайра артка кеткен жүргүнчүлөр үчүн №13, 40, 19 маршруттары уюштурулган. Ал эми жаңы Батыш автобекетинин курулушу 2025-жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүлөт», — деп жазылат билдирүүдө.
Рейдди Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек ШИИББинин патрулдук кызмат башкармалыгы менен биргеликте өткөрүштү.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар