Бүгүн “Ынтымак-Ордо” президенттик администрациясында Министрлер Кабинети өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2024-жылдын жыйынтыктарын чыгарды.
Анда Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев маалымат берип, инфляциянын деңгээли жылдын аягына карата 6,3% га чейин төмөндөгөнүн белгиледи.
«Бул тышкы тобокелдиктерге карабастан төмөндөөнүн үчүнчү жылы болуп саналат. Жаңы ишканаларга инвестициялардын жалпы көлөмү 2,2 млрд. АКШ долларын түзүп, 19 миң жаңы жумуш орундары түзүлдү”, — деп баса белгиледи Амангелдиев.