whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.03.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүМинКаб төрагасы бардык бала бакчаларга видео камераларды орнотууну тапшырды

МинКаб төрагасы бардык бала бакчаларга видео камераларды орнотууну тапшырды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандагы мамлекеттик жана жеке бала бакчаларга видео камераларын орнотууну тапшырды. Бул тууралуу ал министрлер кабинетинин 2024-жылдын жыйынтыгына арналган жыйынында айтты.

Касымалиев мындай чечимдин максаты — мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана коопсуздукту күчөтүү экенин белгиледи.

Ошондой эле ал видеокөзөмөлдүн орнотулушу ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы ишенимди жогорулатуу, бала бакчаларда тартипти камсыздоого жол ачарын кошумчалады.

Бала бакчаларга видео камераларды орнотуу иши тийиштүү мамлекеттик мекемелердин катышуусунда ишке ашат.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдөгү бала бакчалардын 63 пайызында видео көзөмөл бар.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар