whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
16.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча ыктыярдуу түрдө кайтарылды

Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча ыктыярдуу түрдө кайтарылды

Мурдагы бала бакчанын имараты коомдук башталышта мамлекетке кайтарылган. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Атайын кызмат мурдагы мамлекеттик мүлктү — мамлекеттик бала бакчанын эки кабаттуу имаратын 314 чарчы метр аянтты жана 5,6 сотых жер тилкесин мыйзамсыз алып коюу фактысынын бетин ачты. 1995-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясынын мурдагы жооптуу кызматкери ошол кездеги нормаларды жана эрежелерди бузуу менен буга чейин азыркы иштеп жаткан мамлекеттик бала бакчанын ашканасы жана кир жуучу жайы болгон социалдык мүлктү мыйзамсыз менчиктештирип алганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган объекттин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, өз ыктыяры менен кафе катары пайдаланган эки кабаттуу имаратты жанаша жаткан жер тилкеси менен мамлекеттин пайдасына өткөрүп берүүнү билдирген. Имарат мындан ары өз багыты боюнча пайдалануу үчүн борбор калаанын мэриясына өткөрүлүп берилди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар